Ислам дини » Курмандык » Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн курмандык чалуу




Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн курмандык чалуу


Суроо: Расулуллах үчүн курмандык чалып жатканда кантип ниет кылуу керек, эмнелерге көңүл буруу керек?

ЖООП: "Сообу Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын куттуу рухуна деп, Аллах ыраазылыгы үчүн курмандык чалууга ниет кылдым” деп айтылат. (Бедайи) Башка өлгөндөрүбүз үчүн да ушундай ниет кылса болот. Мисалы, көзү өткөн атага жандык союп жатканда "Сообун атамдын рухуна деп, Аллах ыраазылыгы үчүн курмандык чалууга ниет кылдым” деп айтууга болот.

Расулуллах алейхиссалам үчүн курмандык чалуу мустахаб жана абдан сооптуу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эки курмандык чалчу. Бири өзү үчүн, бири болсо үммөтү үчүн. Чалган эки курмандыгы тууралуу: "Бири өзүм жана перзенттерим үчүн, бири болсо курмандык чала албаган үммөтүм үчүн”, - дечү. Расулуллах алейхиссалам коштошуу ажылыгына бара жатканда жүз курмандык төө ала барды. 63үн өзү чалды. Анан бычакты Хазрети Алиге берди. Калганын ал чалды. Ошентип, 63 жыл жашай турганына белги берди. (Жавхара, Рух-ул баян)

Ар ибадаттын сообун Расулуллах алейхиссаламдын куттуу рухуна да багыштаганга болот. Ибни Омар хазреттери Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн умра кылган эле. Ибн-ис Сарраж Расулуллах алейхиссалам үчүн он миң хатим окуп, куттуу рухуна курмандык чалган эле.

Андай болсо ар бир момун ибадаттарынын соопторун алгач Расулуллах алейхиссаламга андан кийин эне-атасына жана бардык мусулмандарга багыштоого тийиш! Сообу баарына тең тийет. Өзүнүн сообунан да эч нерсе кемибейт. Бул Аллаху тааланын бизге бир лутфу. 

Суроо: "Пайгамбарыбызга нафил курмандык чалабыз” деген жакшы ниет менен ар кимден 5-10 сом чогулткандар болууда. 50-100 адам бир койду курмандыкка чалса болобу?

ЖООП: Жок, жаиз эмес.

Пайгамбарыбызга курмандык чалуу деген сөз да туура эмес. Олуяларга, пайгамбарга жана башкаларга курмандык чалынбайт. Курмандык чалып, сообу аларга багышталат.

Сообун Пайгамбарыбызга деп же башка нафил ниети менен болсо да, бир койду бир гана адам чала алат. Уйду болсо эң көп жети киши чала алат. Нафил курмандык катары болсо бир койду эки жана андан көп киши, бодо малды болсо сегиз же андан көп киши чала албайт.

Курмандык – кой, эчки, бодо мал жана төөдөн  бирин курман айттын алгачкы үч күнүндө курмандыкка ниет кылып чалуу дегендик. Бир бодо малды же бир төөнү жети кишиге чейин биргелешип чалууга да болот. Алардын эч биринин үлүшү жетиде бирден кем болбойт. Сегиз кишинин жети бодо малды, эки кишинин эки койду сатып алып, биргелешип чалуусу жаиз болбойт. Анткени, ар биринин ар жандыктан үлүшү бар.

Айрыкча пайыз болбошу үчүн атин тартып, тең салмакта бөлүштүрүү керек. (С. Абадиййа)

Динде ушундай бидаттарды чыгарбоо керек. Мусулман диндин буйругуна баш ийет. Менин ниетим жакшы деп айтуу адамды куткарбайт. Хадиси шарифте: "Тозок жакшы ниеттүүлөргө толо”, - деп айтылган. Башкача айтканда, жакшы ниет менен динге каршы иш кылган адам Тозокко түшөт деген маанини билдирет. Мисалы, мусулман эмес аялдарды Исламга киргизем деген жакшы ниетте алар менен зина кылган же душманга каршы күч-кубат алуу үчүн жакшы ниет менен шарап ичкен адам арам иш кылган болот, жакшы ниети аны эч качан куткарбайт. "Амалдар ниетке жараша жакшы же жаман болот” хадиси шарифи мубахтар үчүн, арамдар үчүн эмес. Көптөр бул хадиси шарифти туура эмес түшүнүшүп, "ниет маанилүү, менин ниетим жакшы” деп кылган бидаттарын, арамдарын кадимкидей көрсөтүүгө аракет кылышууда. Жакшы ниет менен арам адал болуп калбайт.

Суроо: Сообун Пайгамбарыбыз алейхиссаламга деп курмандык чалууга болобу?

ЖООП: Расулуллах алейхиссалам эки курмандык чалчу. Бири өзү үчүн, бири болсо үммөтү үчүн эле. Расулуллах алейхиссалам үчүн да курмандык чалуу мустахаб жана сообу көп. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш