Ислам дини » Курмандык » Жаныбарды шоктоп өлтүрүү




Жаныбарды шоктоп өлтүрүү


Суроо: Европада жаныбарды кыйнабоо (!) керек деп, жаныбарды шоктоп эстен тандыргандан кийин союшат. Этинен жесе зыяны жокпу?

ЖООП: Минтип союу жаныбарды кыйноо болсо да, өлө электе союлгандыктан этинен жегендин зыяны жок. Эгер шоктоонун натыйжасында жаныбар өлсө, анда тарп болот, жегенге болбойт.

Кандайдыр бир апарат өндүрүлгөндө аны кантип колдонуу, кантип тейлөө керек экени аны өндүргөн адам тарабынан түшүндүрүлөт. Аллаху таала да бардык макулуктарды жараткан жана кантип кыймылдоолору керек экенин да билдирген. Жандуу-жансыз бардык нерсени адамдардын пайдаланышы үчүн жараткан. Жандыктардын союлушун жана кантип союла турганын Аллаху тааала билдирген. Эгер жандыкты динибиз билдирген түрдө союу зулумдук болгондо, Аллах муну сөзсүз буйрук кылмак эмес. Анткени, Аллаху таала эч бир макулукка зулумдук кылбайт. (Нахл, 33)

Эгер бир адам бирөөгө жакшылык кылып катуу чарчаса, чарчадым деп наалыбайт. Тескерисинче, кызмат кылдым, жакшылык кылдым деп ырахат алат. Акчасын жоготкон адам капа болот. Ал эми муну өз ыктыяры менен бир кайрымдуулук уюмуна, бир кедейге берген адам болсо буга кубанат.

Булар сыяктуу эле курмандык дагы бир мусулманга пайдам тийди деп кубанат. Ошол оору ага ырахат тартуулайт. Өлүмдүн азабы дүнүйөнүн бардык азаптарынан да азаптуу. Эгер бир адам уктатуучу дары ичип же наркоз менен бардык жери туюмсуз кылынгандан кийин өлсө да, өтө катуу болгон өлүм азабын сезет. Бирок, кээ бир момундар ок жамгыры астында калып кетсе да, бул ооруну сезишпейт. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Шейит өлүм азабын сезбейт.” [Байхаки]

Бул азапты сездирбеген Аллаху таала күнөөсүз болгон жаныбарлардын азап тартуусун буйрук кылмак беле? Жаныбарларды сойгула деп буйрук кылмак беле? Аллахтын жараткан макулугуна Аллахтын өзүнөн да мээримдүү башка бирөө болушу мүмкүн эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш