Ислам дини » Курмандык » Өлгөн адам үчүн курмандык чалуу




Өлгөн адам үчүн курмандык чалуу


Суроо: Өлгөн адам үчүн чалынчу курмандыкта талап кылынган шарттар эмнелер?

ЖООП: Тизме менен билдирели:

1- Сообун өлгөн адамга багыштоо үчүн чалынуучу курмандык дагы ар бир курмандык сыяктуу жалгыз Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана чалынат. Чалынган курмандыктын сообун өлүүгө жана өлүүлөргө багыштаганга болот. Парз болобу, нафил болобу, кандайдыр бир ибадатты кылып жатканда же кылгандан кийин сообун өлүү-тирүү баарына багыштаса болот. Намаз, орозо, ажылык, умра, садака, Куран карим окуу, олуялардын кабырын зыярат кылуу, курмандык, зикир сыяктуу ибадаттардын соопторун башка бирөөгө багыштаганга болот. Багыштаган адамдын өзүнүн сообунан эч кемитилбестен бардык момундарга да сообу жетип барат. Тактап айтканда, сооп багышталган адамдарга бөлүштүрүп берилбестен ар бирине бүтүндөй тийет. 

2- Эгер бир курмандык чалып, сообун өлүү-тирүү бардык мусулмандарга багыштасак, эч кемибестен баарына бирден курмандыктын сообу тийет. Бул Аллаху тааланын бизге берген лутфу (жакшылыгы, белеги). Ушул себептен тапкан соопторубузду өлүү-тирүү бардык мусулмандарга багышташыбыз керек. 

3- Расулуллах алейхиссалам үчүн дагы курмандык чалуу мустахаб жана абдан сооптуу. Расулуллах алейхиссалам эки курмандык чалчу. Бири өзү, экинчиси үммөтү үчүн болгон. Чалган эки курмандыгы тууралуу: "Бири өзүм жана балдарым үчүн, экинчиси курмандык чала албаган үммөтүм үчүн”, - дечү. Расулуллах алейхиссалам Коштошуу ажылыгына бара жатканда курмандыкка жүз төөнү алып барды. Анын 63үн өзү чалды. Анан бычакты Хазрети Алиге берди. Калганын ал чалды. Ошентип, 63 жыл жашай турганына белги берген болду. Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн курмандык чалып жатканда "Аллахтын ыраазылыгы үчүн курмандык чалууга жана сообун Расулуллах алейхиссаламга багыштоого” деп ниет кылынат. 

4- Эгер бир адам бирөө адак, бирөө акика, бирөө важиб болгон айт курмандыгы, бирөө нафил, бирөө өлүү үчүн, бирөө болсо Пайгамбарыбыз алейхиссалам үчүн курмандык чалгысы келсе бир бодо мал алып чалса болот. 

5- Эгер курмандык чала албаган мусулман өлөөрдө калтырган мал-мүлкүнөн өзү үчүн курмандык чалынуусун мураскоруна керээз кылса, керээз кылынган курмандык айт күндөрү союлат. Мунун этинен сойгон адам кедей болсо да жей албайт. Бардык этин кедейлерге бериши керек. 

6- Керээз кылбаган өлгөн адам үчүн мураскору же башкалар ар дайым өз мал-мүлкүнөн жандык союп, сообун ага багыштай алат. Сообу жандыкты сойгон адамдыкы болот. Булардын этинен сойгон адам да жей алат. 

7- Сообу өлгөн адамга багыштала турган жандыкты ар дайым союуга болот. 

Курмандык – Курман айттын алгачкы үч күнүндө бай үчүн важиб, кедей үчүн нафил катары союлчу кой, эчки, ача туяк бодо мал же төө. Курмандык атаган адам айттын алгачкы үч күнүндө чалат. Андан кийинкиге калып кетсе, бар болсо, тирүү бойдон садака кылып берет. Адак курмандыгы айттын алгачкы үч күнүндө чалынууга тийиш. Бул күндөр келе электе чалынса курмандык болбойт жана адак орундалган болбойт. Эгер адак курмандыгы белгилүү үч күндө чалынбаган болсо алтын, күмүш катары баасы же тирүү бойдон өзү кедейлерге берилет.

 Эгер белгилүү үч күндөн кийин чалынып, эти кедейлерге таратылса, эттин баасы тирүү курмандыктын баасынан төмөн болбоого тийиш. Эгер аз болсо, ортодогу айырмага жараша акча да таратылат. Эгер курмандык делбестен аталса, мисалы, бир кой соём делсе, күн жана жерди белгилесе да, Курман айт күндөрү менен катар каалаган убакытта, каалаган жерде соё алат. 

Өлгөн адам үчүн курмандык чалуу 

Суроо: "Өмүрүндө бир да курмандык чалбаган адам өлгөн жакындары үчүн курмандык чала албайт” дешүүдө. Мындай нерсе барбы?

ЖООП: Андай нерсе жок. Эгер өзүнө важиб болбосо, өзү үчүн албетте чала албайт. Эгер чалса нафил сооп алат. Өлгөн жакындары үчүн да чалат. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш