Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » Рождество менен жаңы жылдын тарыхы




Рождество менен жаңы жылдын тарыхы


Христиан ааламы декабрь айынын 24-нөн 25-не караган түндү Хазрети Исанын туулган күнү ирээтинде майрамдашат. Анткени менен, Хазрети Исанын туулган күнү дагы белгисиз. Анын үстүнө, алгачкы кездерде чиркөөлөр Хазрети Исанын туулган күнүнүн майрамдалуусуна каршы болчу. Римдиктер кышта жарык кудайы делген Митранын өздөрүн калтырып кеткендигине кайгырышчу. Күндүн узара баштаган кези 25-декабрда болсо «күндүн кулдуктан кутулуусунун» урматына ар кандай уятсыздык аралаш оюн-зоокторду уюштурушчу. 354-жылы Рим епископу Либериустун буйругу менен 25-декабр Хазрети Исанын туулган күнү ирээтинде расмий түрдө майламдала баштаган.

Ал эми бул түн «Christmas», Рождество атынын коюлуусу болсо 597-жылы жүзөгө ашкан. «Christ» – хазрети Исанын аты. Макталган деген маанини билдирген грекче «Hıristos» деген сөздөн чыккан. "Mass” – нан жана шарап менен орундала турчу христиандыктын негизги диний салттары. 1-январь Хазрети Исанын сүннөт кылынган күнү ирээтинде кабыл кылынган. Хазрети Мусанын шариятында балдарды 7 күндүк кезинде сүннөттөгөндүктөрү маалым. Армян, сириялык жана грек православтары хазрети Исанын 6-январда туулганын, сүннөттөлгөндүгүн жана чокундурулганын, храмда көрсөтүлүүсүн жана бешикте сүйлөгөнүн майрамдашчу эле. Ал эми азыр болсо Рождествону майрамдашат. Ар жылдын башы бул датадан таптакыр башка бир күн. Римде  жыл башы күн түндөн узара баштаган кезде, б.а., 25-мартта эле. Цезарь жыл башын январга алмаштырган. Ал эми күн менен түн теңелген убакыт 21-март болсо Иран календарынын жыл башы Нооруз жана Зардушт майрамдары эле. 

Бүткүл коомдордо жыл башы (жаңы жыл) майрамдалат. Осман Империясынын мусулмандары жаңы жылды Мухаррам айынын башында майрамдашчу, бири-бирин куттуктап, белектерди беришчү.

Соода-сатык жакшы жүргөн жана көп пайда түшүргөндүгү үчүн азыркы заманда ушул сыяктуу күндөргө деген куштарлык, маани берүү көбөйүүдө. Арча карагайына алгачкы болуп шамды Лютер күйгүзгөн. Бул яхудилерден келген салт. Биринчи жолу 1837-жылы Францияда Орлеан герцогинясы Хелена Тюильри сарайына жаңы жылга карата арча карагайын алдырды. Кийинирээк бул салт бүткүл дүйнөгө жайылып кетти. Ал эми индуктун (индейка) Рождество менен жаңы жылга эч кандай байланышы жок.

Ар жылы кыштын башталуусу менен чоң шаарларыбыздагы дүкөндөрдүн маңдайлары менен витриналарын «рождество» деген сүрөттөр менен маникендер каптап кетет. Жада калса, «санта клаус» кийимин кийип көчөлөрдү аралап жүргөн кишилерди да көрөбүз. Улуттук маданиятыбыздын жаңыланбай, тескерисинче, батыш чийкилигинин, өзгөчө христиандыктын  (святой Николай) уламыштарынын ой-санаабызга сиңирилүүсү көңүлгө кайгы салаары сөзсүз. Жада калса, улуттук майрамыбыз болгон эгемендик майрамыбызга ушунчалык көңүл бөлүнөт болду бекен деген дагы суроо туулат. Ар улут өзүнүн маданий түп тамырын көтөрүүсү, өзүнүн үрп-адаты менен өмүр сүрүүсү кадимки нерсе. Бирок, биздин батыштык, жада калса, христиандык үрп-адаттарга эмне байланышыбыз бар болду экен?

Жаңы жыл башка, рождество башка. Жаңы жыл – бул салт, ал эми рождество болсо христиандардын диний майрамы. Бирок, телеберүүлөрдө, кинолордо, жарнамаларда жаңы жыл менен эмес рождество менен куттуктоолору, рождествону алдыңкы катарга чыгаруулары эмне максатта болду экен?

Орустар менен жана башка азчылыкты кураган христиан улуттарды эсептебегенде элибиздин көпчүлүгү мусулмандар. Антсе дагы, «кристмасс» (рождество христово), «святой валентин», «пасха» күндөрүн майрамдагандардын элжандуулуктары, диндарлуулуктары кайда калды болду экен?

Баарыбыз билгендей билимдин улуту болбойт, техника да ошондой. Батыштын билимин, техникасын алуубуз, өнүгүүбүз алардан да алдыда болуусу керек. Бирок, батыштын салт-санааларына, жаман адаттарына умтулуунун себеби эмне болду экен?

Корутундулап айта турган болсок, мекендештерибиз Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө, Айт майрамдарына да ушунчалык маани беришсе, улуттук салт-санаа, үрп-адаттарыбызга бекем болушса экен дегибиз келет. 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш