Ислам дини » Башка диндер » Kуру ишенимдер » "Санта Клаус" куру ишеними




"Санта Клаус" куру ишеними


Жаңы жыл деп жыл сайын миңдеген карагайлар кесилип ыргытылат. Бирок, экологдор, табият жандуулар унчугушпайт. Декабрь айында мектептерде, дүкөндөрдө Санта Клаус (Аяз Ата) Ыйык Николай уламыштары айтылып, Христиандык пропагандасы каптайт. Тартип сакчыларына, тазалык кызматкерлерине коркунучтуу түш болуп кире турчу жаңы жыл сайраңдоолору күчөйт. Ушулардын баарынын себеби болгон жаңы жыл, Аяз Ата делген «Санта Клаус» ким, бул качан башталды? Ушул тууралуу жазалы...

Жаңы жыл менен Аяз Атанын чоогу жашаган Христиан ааламынын Санта Клаусту майрамдоолору 4.кылымда Рим Императорлорунун биринчиси болгон Константин менен башталат. Константин Платон чыгарган таслис «Trinite», б.а., «үч кудай» ишенимин попторго жаздырткан жаңы Инжилге киргиздирип, Санта Клаусту майрам деп жарыялады. Ушундайча жаңы Христиандык дини чыгарылган болду.

Санта Клаус майрамдоолору жана жаңы жыл дайыма Хазрети Исанын туулган күнүнө тушталууда. Бирок, Хазрети Исанын туулгандыгы тууралуу ошол замандын адабиятчы жана агартуучуларынын эмгектеринде эч бир маалымат кездешпейт. Себеби, Исавилер аз болуп, кылымдар бою жашыруун жашашкандыктан Милад туура түшүнүлгөн эмес.

Декабрь айынын жыйырма биринде, жыйырма бешинде же Январь айынын алтынчы же башка күнү деп эсетелгендиги сыяктуу бүгүнкү милади жылдын беш жыл көп болгондугу түрдүү тилдерде чыгарылган өз китептеринде жазылган. Милади жыл Хижри жылдай туура жана так эмес болуу менен бирге күнү жагы, жылы дагы күмөндүү жана жаңылыш. Мисалы, Имам Раббани хазреттеринин билдиргендигине караганда үч жүз жылдан артык болуп кемчиликтүү жана Иса алейхиссалам менен Мухаммед алейхиссалам арасындагы убакыт миң жылдан аз эмес.

Өздөрүнө карата бир куткаруучу теңирге ишенген бутпарас коомдордун ритуалдарынын эң маанилүүсү кишинин теңир менен бириккендигине, бир бүтүн болгондугуна ишенгендиктери, символдуу түрдө эт жеп, ичимдик ичүү ритуалдары болуп саналат. Бул коомдор бир мезгилден кийин теңирлерин күн теңири ишеними менен бириктиришти. Ар бир куткаруучу теңирдин кыштын башталышында туулгандыгына ишенилди. Кыштын башталышы болсо Юлиан календары боюнча 25-Декабрь.

Христиандар дагы Иса алейхиссаламды куткаруучу бир теңир кылышып, ушул күнү туулду деп кабыл кылышты жана бул түндү «Санта Клаус» катары ар жыл майрамдай башташты. Эң майда окуяларга чейин жазган Рим тарыхчыларынын Иса алейхиссалам сыяктуу чоң Пайгамбар тууралуу терең жымжырттык көрсөтүшкөндүктөрү өзгөчө көңүл бурдурарлык.

Христиандар майрамдашкан Санта Клаус ойдон чыгарылган куру ишеним. Жада калса, кээ бир христиан уюмдарынын дагы Санта Клаусту куру ишеним деп кабыл кылгандыктары дүйнөлүк ММКда чыккан кабарларда бар. АКШда чыккан 17-Декабрь 1996-жылкы апталык Newsweek журналы бул чындыкты мындайча жазууда: «Санта Клаус болгону бир куру ишеним. Чындык менен эч кандай байланышы жок. Соода максаттары менен кийин ойдон чыгарылган. Белек-бечкек товар секторуна миллиондогон доллар табыш алып келген Санта Клаус капитализмдин оюнчугу болгон. Тарыхчы Stephan Nissenbaun(Жаңыл Жыл менен күрөш) «The battle for Christmas» аттуу китебинде Христиандыктын негизинде жаңы жыл майрамдоолорунун жана Санта Клаустун жок экендигин, мунун тыюу салынуусу керек экендигин билдирүүдө.»

Динибизде Христиандардын Санта Клаус түндөрүнө жана калган диний майрамдарына маани берүү, ошол замандарда аларга окшоп үрп-адаттарын ошолор сыяктуу орундоо эч жаиз эмес. Санта Клаус менен жаңы жыл экөө эки башка нерселер. Кандайдыр бир касиет, ыйыктык, руханий баалуулукту ойлобостон болгону жаңы кирип келген жылды куттуктоонун, кайырлуу болуусун тилөөнүн дин жагынан зыяны жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш