Ислам дини » Мазхабдар » Малики мазхабын таклид




Малики мазхабын таклид


СурооТиш пломбасы, желди жана заараны кармай албоо, кан ириң сыяктуу кандайдыр бир нерсенин агуу себеби менен Малики мазхабын таклид кылган адам эмнелерге көңүл бөлүүсү керек?

ЖООП

Малики мазхабын таклид кылган Ханафи бир гана гусулда, дааратта жана намазда өз мазхабынын шарттарына кошумча Маликинин фарздарына уйуп, муфситтеринен сактанат. Калган жерлерин Ханафи сыяктуу орундайт. Сүннөт жана макрухтарында өз мазхабына уят.

Ханафиден айырмаланган жерлери мына булар:

1- Гусулда ниет, мувалат жана делк фарз.

a) Гусул, даарат жана намазды баштоодо ниет кылууда Малики мазхабына уйууга ниет кылуусу керек. [Даарат алгандан, гусул алгандан же намаз окугандан кийин Маликиге уйууга ниет кылбагандыгын эстесе «Бул даарат же гусулду Малики боюнча алдым, намазды Малики боюнча окудум» десе жаңыдан даарат алуунун, гусул алуунун, намаз окуунун кереги жок.] 

Ниет - гусулду баштап жатканда кылынат. Унутулса гусулдан кийин эстеген кезде ниет кылса да сахих болот. Гусулду баштоодо жунуптуктан тазаланууга деп ниет кылынат; жунуп болгондугун билүү менен гусул алган адам ансыз деле буга ниет кылган болот. 

Мувалат – дене мүчөлөрүн тыным албастан жуу. 

Делк – жуулган жерлерди кол же сүргү менен жеңил сүртүү, жышуу. Ошол жерди кармоо дагы делк ордуна өтөт. 

бГусулда чачты хилалдоо, [б.а., чач арасына эки колдун манжаларын киргизип тартуу] фарз. [Тарак менен хилалдаса да болот.] 

вАял кишинин гусулда чачтарынын түбүнө, б.а., башынын терисине суу тийип жаткан болсо өрүлгөн чачын жандырбастан үстүн сууласа да болот. Чачтын түбү сууланбаса өрүлгөн чачты жандыруу керек. Өрүлбөгөн чачтын бардыгын жуу – фарз. [Ханафиде дагы ушундай.] 

гГусулда жуулбай калган жерин бир айдан кийин эстесе дагы ошол жерин гана дароо жуушу керек. Жуубаса гусулу батыл болот. 

2- Дааратта ниет, мувалат, делк, баштын толугун масх кылуу – фарз. Ниет колдорду, оозду, мурунду же бетти жууп жатканда кылынат. 

a) Дааратта каштардын жана кирпиктердин алдындагы терини жуу, кулак аркасы менен чач арасындагы терини, кулактын жумшак жеринин алдындагы чач жана терини масх кылуу – фарз. 

бАлдында тери көрүнгөн жука сакалды масх кылуу, коюу сакалды жуу – фарз. 

вАял киши чачын толугу менен масх кылат. Өрүлгөн чачын ачпайт. Өрүүнүн үстүнөн масх кылат. 

гБуттун манжаларын хилалдоо мустахаб. Даарат алып жатканда кол манжалары ачылып жабылгандыгы үчүн өзүнөн өзү делк болот. Аны өзүнчө хилалдоо керек эмес. Хилалдаса зыяны жок. 

3- a) Уулдун, аялынын же чоочун аялдын [Терисин же чачтарын]шахват менен кармаган эркектин, эркектерди шахват менен кармаган аялдын даараты бузулат. Шахватсыз кармаса даараты бузулбайт. [Өзүнүн алдыңкы жана арткы уят жерлерин колунун ичи менен же манжаларынын ичи менен кармаган эркектин даараты бузулат.] 

бКан, ириң, сары суу оору себеби менен чыкса, өз эркинен сырткары желди, заараны кармай албаса булар дааратты бузбайт. Ушул сыяктуу аялдардагы суюктук агуу дагы дааратты бузбайт. 

гЧачты кыркканда, тырмак кескенде даарат бузулбайт. Сакал кырганда бузат деген аалымдар дагы болгондуктан устара менен сакал кылганда даарат алуу жакшы болот. 

дДаараты бузулгандыгын билип, кийин даарат алгандыгынан шектенсе даарат алуусу керек. Даарат алдымбы же албадымбы, дааратым бузулдубу же бузулбадыбы деп шектенген адамдын даараты бузулган болот. Эгер даарат алгандыгын жана бузулбагандыгын эсетесе даараты бузулган болбойт. 

еХанафиде намазда уктоо дааратты бузбайт. Намаздын сыртында жатып, бир нерсеге таянып уктоо дааратты бузат. Бирок, Маликиде намазда да, намаздын сыртында да эгер уйку катуу болбосо бузбайт. Катуу болсо бузат. Мисалы, тахиййатта уктап калса даараты бузулат, бирок, жеңил уктаган болсо даараты бузулбайт. 

4- Таяммум намаз убактысы киргенден кийин алынат. 

5- a) Маасынын үстү жана алды толугу менен масх кылынат. Маасыны бутту жуу машакатынан улам кийүү сахих болбойт. Сүннөткө уйуу же сууктан коргонуу ниети менен кийүү керек. Эч ниет кылбастан кийсе, кийин бул маасыны сүннөткө уйуу ниети менен кийдим десе ниети сахих болот. 

бМаасы үстүндө эч нажасат болбоосу керек, маасынын таза болуусу – фарз. 

вМаасы тери же ошого окшош нерседен болот, жүндөн болбойт. 

гМаликиде маасынын масх мөөнөтү жок. Жунуп болгонго чейин чыгаруу керек эмес. Бир гана Жума күндөрү гусул үчүн чыгаруу – сүннөт. Маликини таклид кылган адам 24 саттан артык кийе албайт. Себеби, өз мазхабы болгон Ханафиден чыккан болуп эсептелбейт. 

6- Намазда ар рекетте Фатиха окуу, эки сажда арасында отуруу, рукуда, саждаларда туманинет, б.а., тынч туруу жана намаз акырында салам берүү – фарз. [Жамаат имамдын аркасында Фатиха окубайт. Ханафилер сыяктуу кылынганда бул фарздар да орундалган болот.] 

7- Колдун үстүнө сажда кылуу сахих эмес. Шафии жана Ханбалиде дагы ушундай. Ханафиде танзихан макрух. 

8- Фасык же бидатчы болгон имамга уйуу сахих эмес. 

9- Маликини таклид кылган адам бир муктаждык болгондо сапарда Маликини таклид кылып эки намазды жам кылса (бириктирип окуса) болот. 

10- Сапарда кириш чыгыш күнүнөн сырткары 4 күн же андан көп калууга ниет кылган адам муким болот. 4 күндөн мурда бүтө тургандыгын ойлогон иши үчүн барган жерде балким эртең кетемин деп 18 күндөн көп калса муким болот. 

11- Сапарда 10 күн калган адам 15 күндөн аз калгандыктан Ханафи боюнча сафари болуп эсептелгени менен Малики боюнча муким болуп саналат. Себеби, кириш чыгыш күндөрүнөн сырткары 4 күн же андан көп калууга ниет кылган адам Маликиде муким болот. 3 күн же андан да аз калса сафари болот. Эгер Ханафиге уюп, 3 күндөн көп калган жерде 2 рекет окуса намаз сахих болбойт. Себеби, Маликиде муким болгон адамдын 4 рекет окуусу фарз. Ханафиде болсо сапарда 4 рекет окуу макрух. Малики фарз дегендиги үчүн фарзга уюлат, 4 рекет кылып окулат. 

Кириш-чыгыш күндөрүндө өлчөм – имсак убактысы. Күн орозодогу сыяктуу имсак убакытысында башталат. Эртеси күнү имсак убактысына чейин уланат. 

Мисалы, Бишкекке Имсак убактысынан кийин таң азаны окулуп жатканда кирип келген адам кириш күнү болгондугу үчүн ал күндү эсептебейт. Эгер имсак убактысынан мурда кирсе имсак убактысынан кийинки күн кириш күнү болбойт. Имсак убактысынан кийин чыкса ал күн чыгыш күнү. 

Демек, бир киши бир жерге күн чыгып жатканда кирсе ал күн кириш күнү болгондугу үчүн эсепке кошпойт. Үч күн калгандан кийин төртүнчү күнү имсак убактысынан кийин, мисалы, күн чыгып жатканда ал жерден чыкса кириш-чыгыш күндөрү эсептелбегендиги үчүн ал адам үч күн ошол жерде калган болот жана сафари болот. (Mанахиж-ул ибад)

80 кмлик алыстыкка кеткенде Маликиде сафари болгону менен Ханафиде сафари болбойт. Бул жерде Маликиге уюлуп 2 рекет окулса Ханафиге карата намаз сахих болбойт, 4 рекет окуусу фарз. 

Бир мазхабды таклид кылуу өз мазхабынан чыгып ошол мазхабга кирүү болуп эсептелбейт. Ал мазхабдагы таклид кылынган маселенин бир гана фарздарына жана муфситтерине уюлат. Ханафиде сүннөт болгон бир нерсе Маликиде макрух болсо да орундалат. Мисалы:

а) Ханафи мазхабында намаз окуп жатканда Фатихадан мурда Аузу Бисмиллах айтуу сүннөт, Маликиде макрух. Маликини таклид кылган адам Аузу Бимиллах окуйт. 

бМаликиде Субханака окуу макрух, Ханафиде сүннөт. Маликини таклид кылган адам Субханака окуйт. 

вАялдын муаййен абалы 13 күн уланса бул аялдын Ханафиге карата 10 күндөн кийинкилери үзүр болгондугу үчүн гусул алып намаздарын окуйт. Маликиде муаййен абал 15 күнгө чейин. 15 күнгө чейин кан токтобостон намаз окуй албайт. Мындай аял 15 күнгө чейин кан токтобосо күтөт. 16.чы күнү гусул алып намазын баштайт. Ханафи фарз деген 10 күндөн кийинкилеринин казасын окуйт. Нифастагы абал дагы ушундай. Б.а., Малики боюнча нифас болуп, Ханафи боюнча нифас болбогон күндөрдө окулбаган намаздар кийин казалары окулат. Мына ушундайча эки мазхабдын тең фарздарына уялган, мафситтеринен сактанылган болот. 

Хайз жана нифас жагдайы

1- Хайздын эң азы жок. Бир тамчы келсе дагы хайз деп кабыл кылынат. Эң көбү болсо 15 күн. 15 күндөн көп келсе истихаза болот. [Ханафиде хайздын эң азы 3, эң көбү 10 күн. Мындан азы же көбү истихаза.]

2- Экинчи хайздын болуусу үчүн арадан эң аз 15 күн өтүүсү керек. 15 күн өтө электе кан келсе бул хайз эмес истихаза [үзүр], мурундан чыккан кан сыяктуу. Гусул албастан намаз окулат. 

3- Айисадан келген кан хайз болбойт, истихаза болот. Айиса жашы Маликиде 70, Ханафиде 55. 

4- Кош бойлуулук кезден же төрөт алдында келген кан хайз. [Ханафиде истихаза.]

5- Кесарево, б.а., эненин курсагы кесилип бала алынганда чыккан кан нифас болбойт. [Ханафиде нифас болот.]

6- Нифастын эң узак мөөнөтү 60 күн. [Ханафиде 40 күн.]

7- Нифас көрүп жатканда 15 күн эч кан келбесе тазаланган болот. Бул 15 күндүк тазалыктан кийин кайрадан кан келсе бул кан нифас эмес хайз каны болот. 

8- Нифас каноолорунун арасындагы тазалык күндөрү 15 күндөн аз болсо нифас деп эсептелет. Арадагы тазалык күндөрү эсептен чыгарылып каноо күндөрү жыйналып 60 күн болсо анда аялдын нифасы аяктаган болот. Мисалы 20 күн кан, 7 күн таза, кийин 17 күн кан, 10 күн таза, кайра 23 күн кан көрсө кан көрүлгөн күндөрдүн топтому 60 болгондуктан нифасы аяктаган болот. 15 күн өтө электе каайра кан келсе истихаза болот. 15 күн өткөндөн кийин келсе хайз болот. 

Маликини таклид кылуу тууралуу окурмандардын суроолору

СурооТам Илмихалда: "Дааратта кулактын жумшак учунун жанындагы тери жана чачтар Ханафиде бет болуп саналат. Маликиде башка кирет, масх кылуу фарз», - делүүдө. Кулакты дагы масх кылуу фарзбы? 

ЖООП

Дааратта кулак менен чач арасында калган аркадагы жана үстүндөгү чачсыз терини жана кулакдын жумшак учунун алдындагы чач жана терини масх кылуу фарз. Бул жер бет менен бирге жуулган болот. Жууса масхтын ордуна өтөт. Өзүнчө масх кылуу керек эмес. 

Баш масх кылынп жатканда дагы колдор кулактарга чейин жетсе чачтуу тери менен кулактын аркасындагы жана үстүндөгү чачсыз тери дагы масх кылынган болот. 

Б.а., кулактын өзүн масх кылуу фарз эмес. Жогоруда билдирилгендей үстүндөгү жана жанындагы чач менен кулак арасындагы чачсыз терини масх кылуу фарз. 

Кан дааратты бузабы? 

СурооБир жерим канаганда дааратым бузулган болобу? 

ЖООП

Колубузду бычак кесип кан чыкса дааратыбыз бузулат, бирок, мындан кийин ошол кесилген жерден кан чыкса анда дааратыбыз бузулган болбойт. Биринчи чыккан кан бузат, андан кийинкилер Маликини таклид кылгандын дааратын бузбайт. Биринчи деген сөздү туура эмес түшүнүп албоо керек! Колду бычак менен кесип алганда даарат бузулду, андан кийин ошол жаракаттан, б.а., ошол эле жаракаттан чыккан кан жана ириңдер дааратты бузбайт. Бирок, башка бир жерин бычак кессе кайра даараты бузулат. Ал жерден кийинки чыккандар дааратты бузбайт. Б.а., оору себеби менен чыккан кан, ириң, заара ж.б. нерселер дааратты бузбайт. Жөн туруп мурдубуз канап кетсе бул самавий үзүр болгондуктан дааратыбыз бузулган болбойт. Желди кармай албоо, заараны кармай албоо сыяктуу самавий үзүрлөр Маликиде дааратты бузбайт.

Самавий үзүр себеп менен даараттын бузулуусу

Суроо: Маликиде самавий үзүр себептер дааратты бузбайбы?

ЖООП

Ооба, бузбайт. Ошол кезде үзүр ээси болот. Намазын улантат. Самавий үзүрлөр, б.а., адамдын колунда болбостон пайда болгон нерселер Маликиде дааратты бузбайт. Мисалы, намазда ичи өтүп сыртка чыкса, чыйканынан же жарасынан кан акса, кулагынан ириң акса, арткы тешигинен чүчөк курту чыкса, простат оорусунан улам заара тамчыласа, аялдардан агын келсе, геморройдон кан чыкса, өзү ыктыярынан сырткары жел чыкса, б.а., келген желди кармана албаса, оозу толо кузса булар самавий үзүр болгондуктан эч бири Маликиде дааратты бузбайт. Даараты бузулбагандыгы үчүн намазын улантат. Мындай бир кишинин бутун бычак тилип кан чыкса даараты бузулууда, себеби, бул самавий үзүр эмес. Бирок, андан кийин бутунда жара пайда болгондуктан мындан ары ал жарадан чыккан кан же ириң дааратын бузбайт. Бышып турган чыйкандын жарылуусу да самавий үзүр болуп саналат. Туруп туруп эле мурундун каноосу да самавий үзүр. Заарасын кармай албоо, арткы тешиктен ичи өтүүдөн кармана албоо сыяктуу нерселер самавий үзүр болуп, Маликини таклид кылган Ханафинин дааратын бузбайт. Сууктан кол же эрин жарылып канаса Маликини таклид кылган кишинин дааратын бузбайт. Башкача айтканда, самавий себептер бузбайт.

Таяммум

Суроо: Маликини таклид кылган адам үчүн таяммумда айырмачылык барбы?

ЖООП

Таяммумда айырмачылык жок. Бир гана убакыт киргенден кийин таяммум кылынат жана ар убакыт намаз үчүн жаңыдан таяммум алуусу керек болот.

Жуулбаган жер көрүлсө

Суроо: Маликини таклид кылган адам даарат алып намаз окугандан бир айдан кийин колунда майлуу боёкту көрүп аны кырып жууса окуган намазы менен даараты сахихпи?

ЖООП

Ооба, сахих.

Мувалат деген эмне?

Суроо: Малики мазхабында парз болгон мувалат эмнени түшүндүрөт?

ЖООП

Мувалат ар дене мүчөнү биринин артынан бирин тыным бербестен шашылыш менен жуу. Башкача түшүндүрүү керек болсо, кадимки шарттарда бир мүчөнү жуурда анын алдында эле жууган мүчө курган турганчалык тыныгуу бербөө болуп саналат.

Өтө кыска убакытта кылынган бир иш мувалатка кедерги болбойт. Мисалы, даарат алып жатканда эшиктен бирөө кирсе келген кишинин ким экендигине каралса мувалатка кедерги болбойт. Түтүктөн суу токтоп калса чакадагы сууну алуу же кошуна бөлмөдөгү түтүккө барып ошол түтүктөн даарат алуу мувалатка тоскоол болбойт. Кадимки шарттарда бир мүчө кургап калганчалык убакыт тыныгуу берилсе мувалатка кедерги болот. Даарат алып жатканда байпактын бирин же экөөнү чыгаруу мувалатка кедерги болбойт.

Мүчөлөр кургоосу же кургабоосу абсолюттук өлчөм (критерий) эмес. Себеби, ысык же шамалдуу аба ырайында дене мүчөлөрү дароо кургап калуусу мүмкүн. Же суук жана шамалсыз бир жерде дене мүчөлөрү кеч кургоосу мүмкүн. Дене мүчөлөрү кургабады деп башка бир иш менен алек болуу мувалатка кедерги болот. Адам денеси ысып турганда жуулган дене мүчө тез кургап кетиши мүмкүн. Демек, дене мүчөнүн кургап же кургабоосу анык өлчөм эмес.

Ибни Абидин хазреттери дагы Ханафиге карата мувалатты түшүндүрүп жатып: «Топурак менен таяммум кылып жатканда суу менен жуу болбосо да кадимки шарттарда бир дене мүчөсү кургай турганчалык тыныгуу берүү мувалатка кедерги болот», - деп буюрган.

Тиш жулдуруу

Суроо: Бүгүн түшкө карай тишимди жулдурдум, жулдургандан кийин тиштин этинде каноолор уланып жатат. Маликини таклид кылуудамын. Бешим намазын өткөрүп жибербөө үчүн даарат алып намаз окудум. Ал эми тиш каноосу али да уланып жатат. Окуган бешим намазынын казасын окуум керекпи?

ЖООП

Атүгүл дааратыңыз да бузулган жок. Ошол даарат менен асырды да, шамды да окуй аласыз. Албетте, эгер дааратты бузган башка бир себеп болбогон болсо. Каноо Маликиде дааратты бузбайт. Намаздын казасын окууңуз керек эмес.

Ниетти унуткан адам

Суроо: Малики мазхабын таклид кылган адам гусулда же дааратта Малики мазхабына уйууну же буга да, гусулга да же дааратка ниет кылууну унутса гусул же даарат бүткөндөн кийин же 3-5 күндөн кийин эстесе, ошол эстеген кезде «Бул дааратты же гусулду Маликиге карата алдым» деп ниет кылса сахих болобу?

ЖООП

Ооба, сахих болот.

Асри аввалда (алгачкы асырда) окуу

Суроо: Маликини таклид кылган адам зарыл себептер менен, мисалы, унутуп бешимди асри аввалга чейин окуй албаса кайра Ханафини таклид кылып бешимди асри аввалда окуусу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз, себеби, бир зарылдык пайда болгон. Жөн жок кечиктирүүсү жаиз болбойт.

Асыр намазын асри саниде (экинчи асырда) окуу

Суроо: Ханафинин асырды асри саниде окуусу жакшы болгондугуна караганда Маликини таклид кылган адам да окуса болобу?

ЖООП

Маликини таклид кылган адамдын да асырды асри саниде окуусу жакшы болот. Зыяны жок. Зарыл себеп болмоюн бешимди асри аввалда окуй албайт.

Шахватсыз өбүү

Суроо: Маликини таклид кылган бир адам өмүрлүк жолдошу шахват менен же шахватсыз өпсө даараты бузулабы?

ЖООП

Шахват (кумарлануу) менен өпсө бузулат, жөн гана коштошуу делген өбүшүү менен өпсө бузулбайт. Көбүнчө адам өз өмүрлүк жолдошуна карата көп шахват сезбейт, б.а., өбүү менен дароо шахваттанбайт. Бирок, шахваттанган болсо даараты бузулат. Ханафиде болсо шахваттанса да бузбайт.

Кандуу ич кийим менен намаз

Суроо: Маликини таклид кылган адам геморроюнан кан аккандыгы үчүн ич кийимине көп кан жуккан абалда намаз окуса жаиз болобу?

ЖООП

Ооба, себеби, тазалоо кыйын.

Намазда чыйкандын жарылуусу

Суроо: Малики мазхабын таклид кылам. Намаз окуп жатканда чыйканым жарылды. Намазда ичинде муну сездим. Намаздан кийин карасам кан менен ириң алакан чуңкурунан да чоң жерге жайылган экен. Дааратым бузулдубу, намазым сахих болдубу?

ЖООП

Даарат бузулбагандай эле намаз дагы сахих болгон. Эгер бул намаздан мурда болгондо анда деле дааратыңыз бузулмак эмес, бирок, мүмкүнчүлүк жана убакыт бар болсо кийимди которуу керек болмок, себеби, өз мазхабыбыздан чыккан эмеспиз. Эгер буга да мүмкүчүлүк болбосо ошол абалда окуунун зыяны жок.

Колду жышуу

Суроо: Маликиде дааратта же гусулда колдун манжаларынын арасын хилалдоо (манжаларды салып жышуу) дагы парз. Бул парз бир гана манжаларыбызды ачып жабуу менен орундалабы? Себеби, өзүнөн өзү эки манжа бири-бирине тийүүдө.

ЖООП

Ооба, ачып-жабуу менен орундалат. Өзүнчө дагы хилалдоо керек эмес.

Өрүлгөн чачтарды ачуу

Суроо: Малкине таклид кылган аял дааратта жана гусулда өрүлгөн чачын жандыруусу керекпи?

ЖООП

Маликиде аялдын дааратта өрүлгөн чачын жандыруусу керек эмес. Өрүүнүн үстүнөн эле баарын масх кылат. Гусулда болсо чачтардын түбүнө, б.а., башынын терисине суу жетип жаткан болсо өрүлгөн чачты жандыруу керек эмес. Ханафиде дагы ушундай. Б.а., аялдар өрүлүү чачтын түбүн сууласа өрүүнү жуу керек эмес. Чачтын түптөрү сууланбаса өрүүнү жандырыш керек болот. Өрүлбөгөн чачтардын ар тарабын жуу парз. Маликиде гусул алып жатканда чачтарды манжалар менен тароо керек.

Бойдо бар кезде келген кан

Суроо: Маликини таклид кылган боюнда бар аялдан келген кан хайзбы?

ЖООП

Ооба, хайз. Маликиде боюнда бар кездин алгачкы эки айында хайздын эң көп мөөнөтү 15 күн. Эки айынан алты айына чейин 20, алты айдан төрөткө чейин 30 күн.

Түрдүү суроолор

Суроо: Там Илмихалда «Маликиде дааратты баштап жатканда ниет шарт» делүүдө. Гусул бабында болсо «Дааратты баштап жатканда же бетти жууп жатканда ниет парз» делүүдө. Ислам ахлагы китебинде болсо «Колдор жуулуп жатканда парз» делүүдө. Канчан ниет кылыш керек?

ЖООП

Маликиде дааратта ниет колдорду жууп жатканда да болот, бетти жууп жатканда да болот. Там Илмихалда эки бөлөк өкүм бар экендиги билдирилген. Бет жуулгандан кийин болбойт. Эгер унутулуп, даараттан кийин канча убакыт өтсө өтсүн эстесе дароо бул дааратты Маликиге карата алдым десе даарат сахих болот. Башкача айтканда, ушундай ниет унутулган намаздын казасын окуу керек эмес.

Суроо: Малики мазхабын таклид кылган бир киши жел чыгарса даараты бузулбайбы?

ЖООП

Жел чыгаруу Малики мазхабында да дааратты бузат. Бирок, жел чыгарып алган, б.а., желин кармай албаган үзүр себеби болгондугу үчүн анын дааратын бузбайт. Болбосо жел чыгаруу ар качан дааратты бузат.

Суроо: Маликини таклид кылган адам жаңылыштык менен колдорун жуурдан мурда башын масх кылып, кийин даараттын уландысында эстегенде колдорун жууса даараты сахихпи?

ЖООП

Сахих. Себеби, Маликиде кезеги менен жуу шарт эмес.

Суроо: Ханафиде гусул жана намаз дааратында бир жердин жуулуусу унутулса кийин жууп койууга болот. Маликиде арты артынан тыным албай жуу парз болгондугуна караганда Ханафидеги абал Маликиге да тийиштүүбү?

ЖООП

Эстегенде кечиктирбестен жуулса Маликиде да сахих болот.

Суроо:

Маликини таклид кылган адамдын түкүрүктөн көп болгон каны даарытын бузабы?

ЖООП

Ооздогу бир жара же бир оорудан улам кан канчалык көп чыкса да Маликини таклид кылган адамдын дааратын бузбайт.

Суроо: Маликини таклид кылам, Ханафиде бир нерсе дааратымды бузбай Маликиде бузса эмне болот же Ханафиде бузуп Маликиде бузбаса кантишибиз керек?

ЖООП

Өз мазхабында бузган нерсе дааратты бузат. Таклид кылган мазхабындагы бузган нерсе да дааратты бузат. Таклид кылган мазхабынын бир гана парздарына уюп, муфсиддеринен сактанабыз. Өз мазхабыбыздын болсо толугуна уябыз. Самавий үзүр себептер, колунда болбогон абалдар башка.

Суроо: Маликиде гусул алууда чачты хилалдоо деген манжалар менен тарак сыяктуу тароо дегенди түшүндүрөбү?

ЖООП

Ооба.

Даарат алууда

Суроо: Маликиде даарат алууда өтө коюу сакалдын астындагы терини жуу парзбы?

ЖООП

Сакалды гана жуу парз. Дааратта коюу сакалдын астындагы териге суунун жетүүсү керек эмес. Гусулда болсо хилалдоо менен сууну териге жеткирүү керек.э

Суроо: Ханафиге ылайык каптама масх Маликиге да ылайыкпы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Маликиде аял да эркек сыяктуу каптама масх кылабы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Маликини таклид кылган аялдын каптама масхта бош чачтарын масх кылуусу керекпи?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Маликини таклид кылган аялмын. Чачтарым узун, кантип масх кылам?

ЖООП

Эки алаканыңызды башыңыздын капталынан төмөн карай тартып жатканда башты өткөндө чачтарыңызды уучтап төмөн карай тартсаңыз масх толукталат. Чачыңыз бутуңузга чейин узун болсо да айырмасы жок. Колдун тийүүсү маанилүү, суу менен суулануусу эмес сууланган кол менен тийүү жетиштүү.

Суроо: Малики мазхабын таклид кылам. Дааратсыз кезде бир жерибиз кесилсе жана кийин даарат алганыбызда кесилген жерден чыккан кан жана сары суу дааратты бузабы?

ЖООП

Бузулган болбойт.

Суроо: Намазда даарат алгандан кийин сууланган бут менен килемди бассак, кийин ошол эле жерди байпак менен басканда байпак сууланса, ушул байпактагы суу нажасат болобу?

ЖООП

Ханафиде да, Маликиде да нажис болбойт.

Суроо: Маликини таклид кылам. Баламдын ич кийимин алмаштырып жатканда баланын аврат жерине тийгенде дааратым бузулабы?

ЖООП

Маликиде бузулбайт. Шафииде бузулат.

Суроо: Маликиде аялдар менен кол алышканда дааратым бузулабы?

ЖООП

Шахват болбосо бузулбайт, шахват сезилсе бузулат.

Суроо: Геморрой бар. Канап, ич кийимим кирдейт. Даараттуу болуунун жеңил жолу жокпу?

ЖООП

Жеңили бар. Маликин мазхабын бул темада таклид кылсаңыз геморройдон аккан кан дааратыңызды бузбагандай эле нажис болуп да эсептелбейт. Башкача айтканда, намаз ичинде кан келсе дааратыңыз да бузулбайт, ич кийимиңизди кирдеткан кан нажис болуп эсептелбегендиктен ошол абалда окусаңыз болот.

Суроо: Бир үзүр себептен улам Маликини таклид кылуудамын. Геморрой, жара, грибок сыяктуу дарттарым да бар. Үстү-башым кан жана ириң менен намаз окуум зыян эмеспи?

ЖООП

Оңой түрдө тазалоо мүмкүнчүлүгү барда намазга кедерги болгон нажасат өлчөмү бар болсо намаз сахих болбойт. Себеби, Ханафи мазхабынан чыккан эмеспиз. Эгер кирдеген кийимибизди оңой алмаштыруу мүмкүндүгү болбосо ошондо Маликиге карата окуу жаиз болот.

Суроо: Бир агындан улам Маликини таклид кылуудамын. Маликиде ооздун ичин жуу парз эмес деп гусулда ооздун ичи жуулбаса зыяны барбы?

ЖООП

Ооба, гусул сахих болбойт, себеби, Ханафиден чыкпагандыгыбыз үчүн ооздун ичин жуу парз.

Суроо: Шафии мазхабында болгон бир дос геморрой оорусунан улам Маликини таклид кылуусу келип жатат. Кантүүсү керек?

ЖООП

Дал Ханафилер кылгандай таклид кылат.

Суроо: Шафии мазхабында багымдат намазында Кунут дубасы окулат. Малики мазхабын таклид кылган Шафии да окуйбу?

ЖООП

Албетте, окуйт. Себеби, өз мазхабынан чыккан эмес.

Суроо: Кээде имамдык кылам. Тиш пломбасынан жана оорудан улам Маликини таклид кылуудамын. Жамаатта ар мазхабдан адамдар бар болсо да буларга имам болуум жаизби?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Кандайдыр бир агын, мисалы, аялдардан келген агын Маликини таклид кылгандын дааратын бузабы? Прокладкага жуккан агын менен намаз окуу жаиз болобу?

ЖООП

Агын Маликини таклид кылгандын дааратын бузбайт. Прокладка кирдесе да намазга кедерги болбойт. Бирок, намазга турууда чыгарып, тазасын койуу жакшыраак болот.

Суроо: Малики мазхабын таклид кылам. Маликидеги парздарга уйуубуз керек. Намазда салам берүү Маликиде парз. Саждаи сахв кылууда салам бергенде намаз бүтпөйбү? Башкача айтканда, салам бербестен саждаи сахв кылышыбыз керекпи?

ЖООП

Салам берип жатканда намаздан чыгууга ниет кылынат. Саждаи сахв кылып жатканда бир тарапка да, жада калса, эки тарапка тең салам берилсе зыяны жок.

Суроо: Шафии базарда даарат бузулбасын деп Ханафини таклид кылып аялга тийген болсо намаз окуп жатканда Ханафинин шарттарына уйуусу керекпи?

ЖООП

Ооба, уйуусу керек.

Суроо: Малики мазхабын таклид кылган Ханафи зам сүрөлөрдө бисмиллах айтабы?

ЖООП

Айтуунун зыяны болбойт.

Суроо: Дааратта Маликиге карата баштагы чачты манжалар менен тароо керекпи?

ЖООП

Дааратта манжалар менен тароо керек эмес, бир гана масх керек.

Суроо: Маликиде мувалат үчүн мүчөлөрдү арты артынан тез-тез жууга кошумча бир дене мүчөнү тез жууш да керекпи?

ЖООП

Ар качанкыдай нормалдуу алуу керек, тез жуу шарты жок. Дааратта башка иш менен алек болбоо шарты бар.

Суроо: Шафии жана Маликиде алакан ичине мажжалардын ичи дагы киреби?

ЖООП

Кирбейт.

Суроо: Электрдик устара менен сакалды кыруу Маликиде дааратты бузабы?

ЖООП

Лезвия жана устара сыяктуу. Бир өкүм боюнча бузат.

Суроо: Мувалаттын түшүндүрмөсү кандай?

ЖООП

Мувалат – башка иш менен алек болбой даарат менен алек болуу.

Суроо: Малики мазхабын таклид кылган бир аял кулагындагы сөйкөлөрдү чечпестен чечпестен кыймылдатып алган даараты жана гусулу жаиз болобу?

ЖООП

Албетте. Сөйкө болбосо да зыяны жок. Аялдар муну билбейт, башкача айтканда, сөйкө болбосо да, тешик жабылса да же жабылбаса да колду тийгизүү жетиштүү.

Суроо: Аял агын үчүн Маликини таклид кылабы?

ЖООП

Ооба.

Суроо: Маликиге карата гусул алып жатып алдыңкы аврат жерине кол тийсе даарат бузулат. Даарат бузулганда гусулду кайрадан башташ керекпи?

ЖООП

Ханафиде да, Маликиде да гусул алып жатканда кандайдыр бир түрдө даарат бузулганда жаңыдан башталбайт. Даарат бузулганда бир гана ошол гусул менен намаз окулбайт. Даарат бузулгандыктан намаз окуу үчүн жаңыдан даарат алыш керек. Маликини таклид кылган киши гусулду баштоодо алгач эки адеп жерин жууйт. Кийин намаз дааратын алат жана гусул алат. Ошол гусул даараты менен намазын окуйт.

Суроо: Муким кезде эки намазды жам кылуу керек болгондо Малики мазхабын таклид кылган адам Ханбалиге карата кантип ниет кылат?

ЖООП

Эки мазхабга тең уйгандыгына ниет кылат. Мисалы, бешим менен асырды бешим убактысында жам кылганда бешимди окуурда «Бешимди асыр менен бешим убактында жам кылууга, Ханбали жана Малики мазхабына уйууга» деп ниет кылынат.

Асырды окуурда болсо «Асырды бешим менен бешим убактында жам кылууга, Ханбали жана Малики мазхабына уйууга» деп ниет кылынат.

Асыр убагында бешимди окуурда «Бешимди асыр менен асыр убактында жам кылууга, Ханбали жана Малики мазхабына уйууга» деп ниет кылынат.

Асырды асыр убактында окуурда «Асырды бешим менен асыр убактында жам кылууга, Ханбали жана Малики мазхабына уйууга» деп ниет кылынат.

Шам менен куптан жам кылынарда да ушундайча шам жана куптан делип дал ушундай ниет кыланат.

Суроо: Маликиде эркектин колунун кайсы жагы кайсы жакка тийсе дааратты бузат?

ЖООП

Өзүнүн алдыңкы адеп жерине алакан жана манжа ичтери менен жылаңач абалда тийген эркектин даараты бузулат.

Суроо: Маликини таклид кылган Ханафи бир аял дааратта башын масх кыларда өрүүнү ачуусу жана чачындагы заколканы (кыпчыткычты) чечүүсү керекпи?

ЖООП

Маликиде башты толугу менен масх кылуу керек болгондуктан заколканы чыгаруусу керек, бирок, өрүлгөн чачын жандыруусу керек эмес.

Суроо: Тиш пломбасынан улам Маликини мазхабын таклид кылуудамын. Дааратта башты толук масх кылганда оорумдун күчөөсүнө себеп болууда, мунун бир чарасы барбы?

ЖООП

Пломба үчүн Шафии мазхабы таклид кылынса Маликиде болгондой эле башты толук масх кылуу керек болбойт. Бир манжа менен тийүү масх үчүн жетиштүү, бирок, Ханафиден чыкпагандыктан төрттө бирин масх кылуусу керек.

Маликиде дааратта ниеттин убактысы

Суроо: Маликиде дааратка ниеттин биринчи жана акыркы убактысы качан?

ЖООП

Там Илмихалда: «Дааратты баштап атканда же бетти жууп атканда ниет кылуу парз», - делген. Унутулса качан эстегенде ошол кезде ниет кылса даараты сахих болот. Гусулда да ушундай, башкача айтканда гусулду баштап жатканда ниет кылууну унуткан киши гусулдан кийин качан эстесе бир сааттан кийин же бир күн же бир айдан кийин эстесе, ошол эстеген кезде ниет кылса ниети сахих болот.

Маликиде витир

Суроо: Малики мазхабында каза карызы бар адамдын сүннөт окуусу харам. Маликиде витир намазы важиб эмес сүннөт болгондуктан Маликини таклид кылган Ханафинин витирдин ордуна каза намазын окуусу керек эмеспи?

ЖООП

Жок. Ханафиде витир важиб. Маликини таклид кылган киши витир намазын да важиб ниети менен окуйт. Башка бир мазхабды таклид кылган адам өз мазхабынан чыккан болуп эсептелбейт. Өз мазхабынын бардык нерсесине, ал эми таклид кылган мазхабынын болсо бир гана парздарына жана муфсиддерине, б.а., ибадатты бузган жерлерине баш ийет.

Суроо: Тишимде пломба бар болгондуктан Малики мазхабын таклид кылуудамын. Эми пломбамды алдырдым. Малики мазхабын таклид кылуум керекпи?

ЖООП

Керек эмес. Пломба кетти, таклид бүттү.

Ушул сыяктуу эле жунуп болуу ыктымалы калбаган карыган жесир аял тиш пломбасын салдырса Малики мазхабын таклид кылуусу керек эмес. Акыл балагатка кире элек балдардын да таклид кылуулары керек эмес. Бирок, көнүүлөрү үчүн таклид кылууларында зыян жок. Себеби, тиш пломбасы болбосо да ар качан мүмкүнчүлүккө карай төрт мазхабдын шарттарына тең уйууга аракет кылуу жакшы болот. Өз мазхабында макрух болбогон нерсе башка мазхабда парз болсо муну кылуу дагы мустахаб болот.

Маликиде даарат алууда ниет, мүчөлөрүн сылоо, арты артынан жуу, баштын толугун масх кылуу парз. Шафииде болсо кезек менен жуу да парз. Ханбалиде бисмиллах айтуу да парз.

Булар орундалса төрт мазхабга тең ылайык даарат алынган болот.

Мазхаб таклид кылуунун зарылдыгы

Суроо: Тиш пломбасы бар адам Малики мазхабын таклид кылып гусул алса гусулу сахих болгондугуна караганда бул сахих гусул менен даарат алып намаз окуй албайбы? Эмне үчүн дааратта жана намазда таклид кылуу керек?

ЖООП

Гусул, даарат жана намаз бири-бирине байланыштуу. Булардан бири болбосо намазы сахих болбойт.

Эгер дааратта Маликинин парз жана муфсиддерине уйбаган болсо, бир гана Ханафиге уйган болсо мындай даарат менен окулган намаз Маликиге карата да, Ханафиге карата да сахих болбойт. Маликиге карата даараты жок, Ханафиге карата болсо гусулу жок болгон болот. Бир мазхабга карата үчөө тең сахих болуусу керек.

Дин китептерибизде да бул маселе мындайча билдирилген:

1-Бир ишти бир мазхабга карата кылып жатканда бул мазхабдын бул иштин сахих болуусу үчүн койгон шарттардын баарын кылуусу керек. Булардан бири кылынбаса бул иш сахих болбойт. (Хуласат-ут-тахкик)

2-Бир ишти бир мазхабга карай орундоодо башка бир мазхабды да таклид кылуу керек болсо эки мазхабда тең батыл боло турчу нерсени кылбоо шарт. Дааратта Шафии мазхабын таклид кылып мүчөлөгүн колу менен сүртүп жуубаган адам аялга колу тийгенде Маликиге карата даарат бузулбайт деп намаз окуса бул намазы батыл болот. Себеби, аялга тийгендиги үчүн Шафииге карата, мүчөлөгүн сүртүп жуубагандыгы үчүн Маликиге карата даараты сахих эмес. (Тахрир)

3-Бир иш үчүн башка мазхаб таклид кылынган кезде ошол мазхабдын бул иш үчүн койгон шарттарынын баарына уйуу керек. Бул шарттардан бирөө кем болсо ибадат сахих болбойт. Себеби, машакат болгондо мазхабдардын жеңилдиктерин кылуу зарыл болмоюн бир гана бүткүл шарттарын орундоо менен жаиз болот. (Мизан-ул-кубра)

Маликиде таяммум

Суроо: Даарат үчүн таяммум алууда оозго жана мурунга суу берүү керек болбогондугуна караганда Маликини таклид кылган адам даарат үчүн таяммум аларда Маликини таклид кылуусу керекпи?

ЖООП

Ооба, таклид кылуусу керек. Дааратта оозго суу берүү жана мурунга суу берүү парз эмес сүннөт. Бирок, парздын сахих болуусу гусулга байланыштуу. Гусулу сахих болбогондун даараты да сахих болбойт. Ошондуктан, гусулда таклид кылгандын дааратта да, таяммумда да Маликини таклид кылуусу керек. Ансыз деле Маликиде таяммум үчүн өтө айырмалуу нерсе жок. Маликиде болгону намаз убактысы чыкканда таяммум бузулат, ар намаз убактысында таяммум алуу шарт. Убакыт кире электе алынган таяммум Маликиде сахих болбойт.

Суроо: Маликини таклид кылуудамын. Намаз дааратын албастан аврат жеримди жууп Маликиге ылайык гусул алсам сахих болобу жана ошол гусул менен намаз окуй аламбы?

ЖООП

Ооба, намаз окуй аласыз. Алгач аврат жерди жуу гусулга да, намаз дааратына да кедерги эмес. Аврат жери жуулгандан кийин дене жуллгандыгы үчүн ошол гусул менен намаз окулат. Малики таклид кылынгандыгына караганда дене делк кылынып (жышып сүртүлүп) ансыз деле жуулууда. Намаз дааратында дагы ошентип жуулууда. Айырмалуу бир нерсе жок. Намаз даараты алынбаса сүннөткө ылайык гусул алынбаган болсо да ошол гусул менен намаз окууга болот.

Суроо: Маликиде жүзүбүздөгү түктөр чач болуп кабылдангандыктан масх кылуу керек. Ханафиде болсо бет деп кабылдангандыгы үчүн жуулууда. Жууса масх ордуна өтөбү? Маликиде кезек парзбы?

ЖООП

Ооба, жуу масх ордуна өтөт. Жуулса масх керек эмес. Маликиде кезек менен жуу парз эмес. Шафии мазхабында парз.

Маликиде даараттын бузулуусу

Суроо: Маликиде карама-каршы жыныстагы адамга дене шахват менен тийсе даарат бузулат делүүдө. Шахватсыз тийип, бирок, шахват пайда болсо анда да даарат бузулган болобу? Бир тарап шахваттанса, экинчи тарап шахваттанбаса экөөнүн тең даараты бузулабы?

ЖООП

Лаззат (кумарлануу) ниети менен тийип, бирок, лаззат пайда болбосо баары бир даарат бузулат. Лаззатты ойлобостон тийип, бирок, лаззат пайда болсо анда да даарат бузулган болот.

Маңдайдагы кишинин ниетин жана абалын биле албайбыз. Бизди биздин дааратыбыз кызыктырат. Шахват менен кармаган болсок же шахватсыз кармап шахваттанган болсок дааратыбыз бузулат.

Шахват менен денеге тийүү

Суроо: Маликиде шахват менен карама-каршы жыныстагы кишинин денесине тийгенде даарат бузулууда. Экөөнөн бири шахват сезбесе анын даараты да бузулабы?

ЖООП

Шахват сезбеген тараптын даараты бузулбайт. Кайсы тарап шахваттанган болсо бир гана анын даараты бузулат. (Мазахил-ил-арбаа)

Самавий үзүр себеби бар кишинин даараты

Суроо: Геморрой, чыйкан, жара же кандайдыр бир агыны бар адамдын даараты Маликиде убакыт чыкканда бузулабы?

ЖООП

Жок, убакыт чыгуу менен же жаңы бир убакыт кирүү менен даарат бузулган болбойт. Дааратты бузган башка бир нерсе болбосо багымдатта алган даарат менен куптанды да окуй алат.

Намазды өткөрүп жибербөө үчүн

Суроо: Маликини таклид кылган адамдын даараттуу кезде колун бычак кессе даараты бузулбайбы?

ЖООП

Убакыт тар болсо намаз убактысын өткөрүп албоо үчүн ошол даарат менен намазын окуусу жаиз болот.

Каштарынын астын жуу

Суроо: Каштарым калың жана коюу. Маликини таклид кылам. Гусулда каштарды да манжаларым менен жышуум же тарак менен тароом керекпи?

ЖООП

Ооба.

Мазхаб таклид кылууда

Суроо: Маликиде гусулда ооздун ичин жуу парз болбогондугу үчүн тиш пломбасынан улам Маликини таклид кылган гусулда оозун жуубаса кандайдыр бир зыяны барбы?

ЖООП

Албетте, зыяны болот. Себеби, бир маселеде башка бир мазхабды дагы таклид кылган адам өз мазхабынан чыккан болуп эсептелбейт. Ханафи мазхабынан чыкпагандыгы үчүн оозун жуусу керек.

Маликиде гусул алууда

Суроо: Маликини таклид кылган бир эркек баняга кирип ниет кылгандан кийин аврат жерлерин жууса, кийин даарат алып гусул алса ошол даарат менен намаз окуй алабы?

ЖООП

Албетте, окуй алат. Васвасалуу адамдар ниет кылгандан кийин аврат жерибизге тийгендигибиз үчүн ошол даарат менен намаз окулбайт деп ойлошот. Ниет кылуу менен даарат алынган болбойт. Ниеттен кийин даарат да алынса ошондо гана даарат алган болот. Ниет кылып аврат жерине тийгенде али жок болгон даарат кантип бузулсун? Даарат алгандан кийин эркек алдыңкы аврат жерине тийсе ошондо даараты бузулат. Ниет кылгандан кийин тийүү менен бузулбайт.

Лиф жана мувалат

Суроо: Гусул алып жатканда кир чыгаруу үчүн самынданып мочалка менен жуунуу мувалаткан тоскоол болобу?

ЖООП

Мувалат Ханафиде сүннөт, Маликиде парз. Мувалат деген эмне? Мувалат – ар мүчөнү биринин артынан бирин тыным бербестен, башка иш менен алек болбостон ылдам жуу. Башкача түшүндүрүлө турган болсо, кадимки шарттарда бир мүчөнүн алдында эле жууган дене мүчөсү кургай турганчалык тыным бербөө. Дене мүчө кургабаса да артыкча тынгуу мувалатка кедерги болот.

Өтө кыска убакта кылынган бир иш мувалатка кедерги болбойт. Мисалы, даарат алып жатканда эшиктен бири кирсе анын ким экенин бурулуп караса мувалатка кедерги болбойт. Түтүктөн суу токтосо чакадагы сууну алуу үчүн жанындагы бөлмөдөгү түтүккө барып даарат алуу мувалатка тоскоол болбойт. Ошондуктан, байпакты даараттан кийин кийүү керек. Бирок, даарат алып жатканда байпактын бирин же экөөсүн чечүү мувалатка кедерги болбойт. Себеби, дааратка катыштуу иш кылынып жатат. Байпакты кийүү сыяктуу даараттан тышкаркы нерсе кылынган жок.

Мүчөлөр кургоосу же кургабоосу абсолюттук өлчөм (критерий) эмес. Себеби, ысык же шамалдуу аба ырайында дене мүчөлөрү дароо кургап калуусу мүмкүн. Же суук жана шамалсыз бир жерде дене мүчөлөрү кеч кургоосу мүмкүн. Дене мүчөлөрү кургабады деп башка бир иш менен алек болуу мувалатка кедерги болот. Адам денеси ысып турганда жуулган дене мүчө тез кургап кетиши мүмкүн. Демек, дене мүчөнүн кургап же кургабоосу анык өлчөм эмес. Кургай турганчалык жуулуу ишине тыным берүү мувалатка кедерги.

Ибни Абидин хазреттери дагы Ханафиге карата мувалатты түшүндүрүп жатып: «Топурак менен таяммум кылып жатканда суу менен жуу болбосо да кадимки шарттарда бир дене мүчөсү кургай турганчалык тыныгуу берүү мувалатка кедерги болот», - деп буюрган.

Бир адам баняга киргенде алгач гусул алып кийин кир үчүн самынданып жуунса мувалатка кедерги болбойт. Же алгач кирлерин тазалап, кийин гусул албаса да ал да мувалатка кедерги болбойт.

Мочалканы самындап бир мүчөнү жууп жатканда эки мүчөнү жуу арасында бир мөчө кургаганчалык убакыт өтсө мочалка менен жышынуу мувалатка кедерги болот. Кир чыгаруу үчүн самын менен жуунуу гусулдан тышкаркы бир иш. Алгач гусул алып, кийин самын менен, мочалка менен жуунуунун зыяны жок.

Маликиде гусул алууда

Суроо: Маликини таклид кылган бир эркек баняга кирип ниет кылгандан кийин аврат жерин жууса, кийин даарат алып гусул алса, ниеттен кийин алган бул даарат менен намаз окуй алабы?

ЖООП

Албетте, окуй алат. Кадимки гусул да ушундай болот. Ниет кылуу менен даарат алынган болбойт. Ниет кылып, аврат жерин жууганда дааратсыз болгондугу үчүн даарат бузулган болбойт. Даарат ылгандан кийин эркек алдыңкы аврат жерине тийсе ошондо намаз даараты бузулат. Аврат жерин жууп даарат алгандан кийин ансыз да тийүүнүн кереги жок. Унутуп тийип алган болсо намаз даараты бузулат, бирок, гусулу сахих болот.

Топуракка сажда

Суроо: «Маликиде топурак түрдөн бир нерсенин үстүнө сажда кылуу парз. Бул үчүн Маликини таклид кылган Ханафинин килем же жайнамаз үстүнө сажда кылуусу сахих болбойт», - делүүдө. Бул туурабы?

ЖООП

Жок. Маликиде килем, көлдөлөң сыяктуу жер түрүнөн болбогон бир нерсенин үстүнө сажда кылынуусу макрух. Маликини таклид кылган Ханафи Маликини бир гана парз жана муфсиддерине моюн сунат. Сүннөт жана макрухтарда өз мазхабына таандык болгондуктан Маликини таклид кылган Ханафинин жүн килем үстүндө намаз окуусу макрух эмес.

Заара жана мезини кармай албоо

Суроо: Өз эркинен сырткары заара чыгаруу Маликини таклид кылган адамдын дааратын бузбайт. Эркектер туалеттен чыкканда истибра кылбаса өз эркинен сырткары заара чыгышы мүмкүн жана ошондой эле мези да чыгышы мүмкүн. Булар эмне үчүн дааратты бузат?

ЖООП

Маликиде дааратты бузган нерселер оорудан улам чыкса дааратты бузбайт. Мисалы, сууктан же оорудан мези чыкса даарат бузулбайт. Шахват менен чыга турган болсо бузулат. (С. Абадиййа)

Простатит оорусунун өз эркинде болбостон заара чыгаруусу менен жаңы туалеттен чыгып истибра кылбаган адамдын заара чыгаруусунун айырмасы бар. Биринчиси оорудан улам, экинчиси болсо истибра кылбагандыгы үчүн заара чыгарууда. Б.а., истибра кылбаган адамдын заара чыгаруусу оорудан улам эмес. Ошондуктан, даараты бузулууда. Мези болсо бир оорудан улам чыкса же өз эркинен сырткары заара же жел чыкса Маликиде даараты бузулбайт. Бирок, ойлоо менен, сүртүү менен мези келе турган болсо дааратты бузат.

Маликиде сажда-и сахв

Суроо: «Маликини таклид кылган Ханафи саждаи сахв кылып жатканда салам берсе намаздан чыккан боло тургандыгы үчүн намазы бузулган болот» делүүдө. Бул туурабы?

ЖООП

Туура эмес. Маликиде салам берип жатканда намаздан чыгууга ниет кылуу парз. Бирок, саждаи сахв кылып жатканда намаздан чыгууга ниет кылып жаткан жаткан жокпуз. Салам берип, намазды улантуудабыз. Бул жагынан саждаи сахв үчүн салам берүү намазды бузбайт.

Маликиде сакал кыруу

Суроо: Маликини таклид кылган адам устара менен, лезвия менен же машинка менен сакалын кырса даараты бузулабы? С. Абадиййада Малики мазхабы үчүн «Сакал кыруунун дааратты бузуусу ихтилафтуу», - делген. Ихтилаф деген эмне?

ЖООП

«Сакалды кыруу дааратты бузат деген мужтахид аалымдар болгондугундай эле бузбайт деген аалымдар да бар» дегенди түшүндүрөт. Этиятка маани берүү, б.а., убакыт ылайык келсе сакал кыргандан кийин даарат алуу жакшы болот. Устара же машинка болсун айырмасы жок.

Маликиге ниет

Суроо: Тиш пломбасынан улам Маликини таклид кылган адамдын самавий кечиримдүү үзүрлөрү болсо, мисалы, заара чыгып кетсе, желди кармай албаса, жарасынан, чыйканынан, геморроюнан кан акса булар үчүн да Маликини таклид кыла алабы? Бир гана «Маликини таклид кылуудамын» деп ниет кылуу жетиштүүбү?

ЖООП

Ооба, жетиштүү. Бул маселени да маркум устазыбыздан сураган элек. Ушундай бирден артык өзүр үчүн да Маликини таклид кыла ала тургандыгыбызды жана жалгыз ниеттин жетиштүү боло тургандыгын билдиришкен эле. Мисалы, тиш пломбасы үчүн таклид кылган кишинин жарасынан кан агып жаткан болсо Маликиде үзүр ээси болуп, кайра даарат алуусу керек болбойт.

Тиш пломбасы болсун же болбосун бир канча үзүрү бар адам баары үчүн «Маликини таклид кылуудамын» деп ниет кылуусу жетиштүү. Ар үзүрлүү себеп үчүн өзүнчө ниет кылуу керек эмес.

Таклидди улантуу

Суроо: Тиш пломбасынан улам Маликини таклид кылган адамдын кайсы жагдайларда андан ары таклид кылууну улантуусу керек эмес.

ЖООП

Таклидди улантуусу керек болгон жагдайлар:

1-Тиш пломбасы бар убакыт бою таклидди улантат.

2-Кары жесир аял мындан ары эч жунуп болбосо да тишинде пломба бар кезде акыркы гусулу Ханафиге ылайык болбогондугу үчүн таклидди дагы улантат.

Таклидди таштоосу керек болгон жагдайлар:

1-Пломбалары түшкөн, гусул алса же бир гана оозун жууса Ханафиге карай гусулу сахих боло тургандыктан таклидди улантпайт.

2-Өтө кары эркек же жесир аял пломба койдурушса да эгер эч качан жунуп болбой турган болсо эми булардын таклид кылууну улантуулары керек болбойт. Бирок, Жума жана Айт күндөрү, Арафатта жана ихрамга кирип жатканда гусул алуу сүннөт.

Булар кандайдыр бир себеп менен жунуп болушса таклид кылуулары керек.

Дааратты буттан баштоо

Суроо: Ханафиде жана Маликиде тартип, б.а., кезек менен жуу парз болбогондугу үчүн дааратты буттан баштап алсак Маликиде бетти жууп атканда ниет парз болгондугу үчүн бетти жууп атканда ниет кылсак макрух болуу менен бирге дааратыбых сахих болобу?

ЖООП

Ханафиге карата макрух болуп сахих болот, Маликиге карата сахих болбойт. Себеби, Маликиде ниет парз болуп, жуулуусу парз болгон буттар жана колдор ниетсиз жуулган, баш болсо ниетсиз масх кылынган.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш