Ислам дини » Мазхаб, мазхабсыздык » Фикх илими негизги төрт бөлүмгө бөлүнөт




Фикх илими негизги төрт бөлүмгө бөлүнөт


1. Ибадат: Намаз, орозо, зекет, ажылык, жихад болуп бешке бөлүнөт. Бул ибадаттар тууралуу ахли сүннөт аалымдарынын фикх китептеринде кеңири жазылган. Жихад – адамдарды Ислам динине чакыруу, аны кабыл кылбагандар жана ушул чакырууну угулуусуна, уккандардын ыйман келтирүүсүнө тоскоол болгон заалымдардын аскери менен согушуу дегенди билдирет. Согуш мамлекеттер тарабынан жасалат. Мамлекеттин аскери согушат. Согушкандарга (б.а., өкмөткө, аскерге) мал-дүйнөсү менен идея менен (сөз жана жазуу менен), алардын катарына кошулуу менен, дуба кылуу менен көмөктөшүү да жихад болуп эсептелет. Хадиси шарифте: "Капырларга каршы мал-жандарыңар жана тилдериңер менен жихад кылгыла!” -деп айтылган.

Исламдын беш шартынан кийин ибадаттардын эң маанилүүсү – жихад. Шейит болгон адамдын кул акысынан башка бардык күнөөлөрү кечирилет. Кул акысын да Аллаху таала кыяматта ээлерине соопторду, сыйлыктарды берүү менен кечиртет. Жихадда, ажылыкка бара жатканда жана чек арада туруп кайтыш болгондорго кыяматка чейин ошол ибадаттарынын сообу үзгүлтүксүз жазылып турат. Денелери чирибейт. Ар бири кыямат күнүндө жетимиш адамга шапаат кылат. Абдулгани Наблуси (рахметуллахи алейх) "Хадика” китебинде: "Сууда чөгүп шейит болгон адамга жерде шейит болгон адамдан эки эсе көп сооп жазылат”, - деп жазылган.

Хадиси шарифте: "Ок атуу жана атка минүүнү үйрөнгүлө!”- деп айтылган. Бир хадиси шарифте: "Ок атууну үйрөнүп, аны кийин унуткан адам бизден эмес”, - деп айтылган. Дагы бир хадисте: "Оюн-зооктун пайдасы жок. Бир гана ок атууну үйрөнүү үчүн, ат минүүнү үйрөнүү үчүн жана жубайы менен (таттуу өмүр сүрүү үчүн) ойноого болот”, - деп билдирилген. Б.а., аталган оюндар пайдалуу жана керек нерселер. Бул хадистер согуш куралдарынын баарын даярдоо жана колдонууну тынчтыкта ишке ашырууну буюрган. Мындан жихадга даярдануунун ибадат экендигин түшүнүүгө болот.

  1. Мунакахат: Үйлөнүү, ажырашуу, нафака сыяктуу дагы бир канча бөлүмдөрдү камтыйт.
  2. Муамалат: Муамалат – соода-сатык, жалдоо, шериктештик, процент, мурас жана бир канча бөлүмдөрдөн турат.
  3. Укубат: Укубат – шарият боюнча бериле турган жазаларды билдирет. Ал алты топко бөлүнөт. Адам өлтүрүү, ичимдик ичүү, уурулук кылуу, зина кылуу, таза, намыстуу аялга жалаа жабуу, динден чыгуу жазалары.

Фикхтин ибадат бөлүмүн үйрөнүү ар бир мусулманга фарз. Мунакахат жана муамалат бөлүмдөрүн үйрөнүү – фарзы кифайа. Б.а., ушул жагдайларга туш келгендерге гана үйрөнүү фарз. Ар бир мусулман фикхтин төрт бөлүмүн Исламдын негизинде орундоого тийиш. Мисалы, мусулмандар ушур (талаадан алынган түшүмдүн зекети) берүүсү керек, капыр жана динден чыккан аялдардын аврат жерлерине, баш, кол, буттарына кароо да харам.

Тафсир, хадис жана калам илимдеринен кийин эң маанилүү илим фикх болуп саналат. Фикх илимин окуу – түндө нафил намаз окуудан да сооптуу иш. Аалымдардын өзүнөн окуп үйрөнүүнүн да жалгыз үйрөнүүдөн сообу көп. Төмөндөгү алты хадис фикх илиминин кадырын көрсөтөт:

"Аллаху таала бир кулуна жакшылык кылууну кааласа, аны динде факих кылат”.

"Кимде-ким факих болсо, Аллаху таала анын каалаган нерсесин, ырыскысын күтпөгөн жерден жиберет”.

"Аллаху тааланын эң улуу деп эсептеген адамы – динде факих болгон адам”. Имам Азамдын улуулугун билдирүүгө ушул хадистин өзү да жетиштүү.

"Шайтанга каршы бир факих миң абидден (көп ибадат кылган адам) да күчтүү”.

"Бардык нерсенин тиреги бар, диндин негизги тиреги – фикх илими”.

"Ибадаттардын эң маанилүүсү – фикхти үйрөнүү жана үйрөтүү”.

Ханафи мазхабындагы Ислам өкүмдөрү сахаба Абдуллах ибн Масуд менен (радиаллаху таала анх) башталган жолдун негизинде чыгарылган. Б.а., мазхабдын башчысы болгон Имам Азам Абу Ханифа фикх илимин Хаммаддан, Хаммад Ибрахим Нахаиден, ал Алкамадан, Алкама Абдуллах бин Масуддан, ал болсо Расулуллахтан (саллаллаху таала алейхи васаллам) алган.

Имам Абу Юсуф, Мухаммед Шайбани, Зуфар бин Хузайл жана Хасан бин Зияд (рахимахумуллах) бардыгы – Имам Азамдын шакирттери. Алардын ичинде Имам Мухаммед дин жаатында миңдеген китеп жазган. Шакирти болгон Имам Шафиинин энеси менен никелешкендиктен кайтыш болгондон кийин анын китептери Имам Шафиге мурас калып, Имам Шафинин илимин артуусуна себеп болгон. Бул тууралуу Имам Шафии: "Ант берип айтам, фикхтеги илимим Имам Мухаммеддин китептерин окуу менен артты. Фикх илимин арттырууну каалаган адам Абу Ханифанын шакирти менен бирге болсун”,- деп айткан. Дагы бир жолу: "Бардык мусулмандар Имам Азамдын үй-бүлөсү, перзенттери сыяктуу”,- деген. Б.а., адам үй-бүлөсү, бала-бакырасы муктаж болгон нерселерин таап келүүгө милдеттүү болгону сыяктуу Имам Азам да адамдар муктаж болгон дин илимдерин ачыкка чыгарып берүүнү өз моюнуна алган, ошентип, адамдарды кыйын маселеден куткарган. Имам Шафинин бөлөк бир мазхаб кургандыгы Имам Азамды жактырбагандыгы же андан бөлүнүүсү дегенди билдирбейт. Сахабалардын да ар биринин бөлөк мазхабдары бар эле. Ушуну менен катар алар бири-бирин өтө катуу сүйүп, урматташар эле. "Фатх” сүүрөсүнүн соңку аяты буга далил.

Имам Азам Абу Ханифа (рахметуллахи таала алейх) фикх илимдерин жыйнап, бөлүмдөргө ажыратып, эрежелерге жана системага койгону сыяктуу, Расулуллахтын "алейхиссалам” улуу Сахабаларына (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) билдирген ишеним, ыйман, акыйда илимдерин да жыйнап, жүздөгөн шакирттерине үйрөттү. Шакирттеринен "илми калам”, б.а., ыйман жаатында адистер жетилип чыккан. Алардын ичинен Имам Мухаммед Шайбанинин шакирти Абу Сулайман Журжани жана анын шакирти Абу Бакр Журжани таанымал аалымдар эле. Анын да шакирти болгон Абу Насыр Ияд калам илиминде Абу Мансур Матуридини тарбиялап чыгарган. Абу Мансур Имам Азамдан келген калам илимдерин китептерге жазган. Ишенимде, итикадта мазхаб имамы болду. Туура жолдон тайгандар менен күрөшүп, ахли сүннөт ишенимин кубаттандырып, туш тарапка жайды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш