Ислам дини » Мазхабдар » Салихтер (жакшылар) менен бирге болуу




Салихтер (жакшылар) менен бирге болуу


Суроо: Мазхаб имамдарыбыздын, б.а., Имам Азам, Имам Малик, Имам Шафии, Имам Ахмед хазреттеринин жолунда болуп, бул жолдон кымындай айрылбаган ахли сүннөт аалымдарын сүйгөн жана алардын жолунда болгон адам сөзсүз кутулабы?

Жооп

Имам Раббани хазреттери айтат:

"Туура жолдо болгондорду сүйүү, алар менен таанышуу жана көрүшүү жана алар сыяктуу болууну каалоо жана ал улуктардын сөздөрүн тыңдоо жана китептерин окуу Аллаху тааланын эң чоң ниматтарынан жана эң баалуу ихсандарынан болуп саналат. Мухбири садык, б.а., дайым туура сүйлөөчү болгон Мухаммед алейхиссалам: "Алмару меа ман ахабба”, - деп билдирди. Тактап айтканда, адам дүнүйөдө жана акыретте кимди сүйгөн болсо, ошолор менен бирге болот. Ошондуктан, дин улуктарын сүйгөн адам алар менен бирге болот. Алардын Аллаху таалага манави (руханий) болгон жакындыгында алар сыяктуу болот. Аллаху таала бул жолдун улуктарына болгон махабатыбызды арттырсын! Аларга берилүү тилегин өмүрүбүздүн капиталы кылсын! Ал улуктарды сүйгөн адам алар менен бирге болот. Алар менен бирге болгон адам шаки болуудан (куфур жана күнөө кылуудан) коргонгон болот.” (т. 2, м. 36, т. 1, м. 203)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш