Ислам дини » Мазхаб тууралуу » Бир мазхабга моюн сунуу




Бир мазхабга моюн сунуу


Курани карим жана хадиси шарифтерде ачык билдирилбеген өкүмдөрдү ачык билдирилгендерге окшотуп өкүм чыгаруучу терең илимдүү аалымдар мужтахид деп аталат. Сахабалардын бардыгы мужтахид эле. Мужтахиддин мазхабы - өзүнүн мазхабы. Сахабалардын ар бири, мазхаб имамы, жада калса, мазхаб имамдарынын устаздары эле. Ал эми сүйүктүү Пайгамбарыбыз ааламдын устазы эле. "Ал кайсыл мазхабда эле?” – деп суроо алардын улуулуктарын билбегендикти көрсөтөт. Сүннөттө жашыруун калган жерлерди мужтахид аалымдар ачыкташкан, ошентип мазхаб пайда болгон. Бул мазхабдардын төртөө гана китептерге өтүп, калгандары унутулган. Төрт мазхаб – Ханафи, Малики, Шафии, Ханбали мазхабы. Бул төрт мазхаб ахли сүннөт деп аталат. Бул төрт мазхабдын бирине моюн сунбагандар мазхабсыз, ахли бидат (адашкандар) деп аталат.

Кээ бир адашкандардын "Мен мазхабдардын эң жогоркусумун. Мага мазхабдын кереги жок, мен бир гана Куран менен амал кыламын” деп айтуулары, "Мен мыйзамдардын эң жогоркусумун. Мен бир гана конституция менен жашаймын” дегенге окшогон ката нерсе. Анткени, конституция турганда мыйзамдын кереги жок деп айтуу канчалык ката болсо, Куран турганда мазхабдын кажети жок деп айтуу андан да чоң күнөө. Бир адамдын "Дарыгер болуу үчүн медицина тууралуу китептерди окуу, химик болуу үчүн да химия китептерин окуу жетиштүү” деп колуна алган бир медицина жана химия китеби менен өз алдынча дарыгер болууга, дары даярдоого аракет кылуусу канчалык күлкүлүү болсо, "Мен Курандан, хадистен өкүм чыгарамын” деп айтуу андан да ашкан адашуучулук болот.

"Мен Ислам боюнча жашаймын, мазхабга моюн сунбаймын” деп айтуу, "Мен президентке моюн сунамын, бирок, мыйзамга, милицияга, сотко баш ийбеймин” деп айтууга окшойт. Анткени, Исламга моюн сунуу деген - төрт мазхабдын бирине моюн сунуу деген сөз. Ислам менен мазхаб бөлөк-бөлөк нерселер эмес. Экөө бир нерсе. Төрт мазхабдын бирине моюн сунган адам Исламга моюн сунган болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш