Ислам дини » Мазхабдар » Мазхаб, мужтахид, фикх




Мазхаб, мужтахид, фикх


Бир мужтахид тарабынан чыгарылган өкүмдөрдүн жыйынтыгы "мазхаб” деп аталат. Ахли сүннөттүн жүздөгөн мазхабдарынын ичинде азыркы кезде төрт имамдын мазхабы гана китептерге толук жазылып, калгандары унутулуп кеткен. Мужтахид болбогондор бардык аракет жана ибадаттарында ушул төрт мазхабдын бирин кармануусу  керек. Демек, Пайгамбарыбыздын жолу Курани карим менен хадистер аркылуу, б.а., сүннөт менен мужтахиддердин ижтихады аркылуу билдирилген жол болуп саналат. Бул үч далилден башка ошондой эле "ижма-и уммат” деп аталган төртүнчү далил да бар. Ал сахабалар менен табииндердин добуш бирдиги (бир добуштан макулдугу), б.а., көргөн, уккан кезде эч биринин каршылык көрсөтпөгөн, жокко чыгарбаган нерселери болуп эсептелет.

Ислам дини бизге ушул төрт далил жолу менен жетип келген. Динибиздин бул төрт далили "адиллаи шария” (шарияттын далилдери) деп аталат. Ушул төрт нерсеге негизделбеген нерселер бидат, ыймансыздык жана динсиздик болот. Сопулук, б.а., тасаввуф улууларынын жүрөгүнө келүүчү илхам, кашифтер (жүрөккө аян болгон илим) Ислам өкүмдөрү үчүн далил боло албайт. Кашифтер менен илхамдын тууралыгы анын Исламга ылайык болушу жана болбошуна карап өлчөнөт. Тасаввуфтун, олуялыктын жогорку даражаларына чыккан олуялар да илимсиз болгон төмөндөгү мусулмандар сыяктуу бир мужтахиддин жолунда болууга милдетүү. Баязид Бистами, Жунайди Багдади, Жалалиддин Руми жана Мухиддин Араби сыяктуу олуялар калган бардык мусулмандардын катарында бир мазхабды кармануу аркылуу жогору даражага көтөрүлүп, кемелге жетишкен. Ислам буйруктарына моюн сунуу бир дарак тигүүгө окшойт. Олуяларда пайда болгон илим, марифат (Жаратканды тануу илими), тажаллилер (көрүнүүлөр) Аллахты сүйүү жана Анын затына болгон махабат ошол дарактын мөмөлөрүнө окшойт. Албетте, дарак тигүүдөн максат – андан мөмө жемиш алуу. Бирок, жемиш алуу үчүн дарак тигүү - шарт. Б.а., ыйман жок болсо жана Исламдын буйруктары аткарылбаса сопулук менен олуялыкка жетүү такыр мүмкүн эмес. Ибадатсыз, мазхаб өкүмдөрүнө моюн сунбай, харам-адалга көңүл бурбай бир гана зикир чалуу аркылуу жеттим деп айткандар зындык (динден кайткан) жана динсиз болушат. Мындай адамдардан арстандан качкандай качып, алыс болуу керек. Арстан кармаган адамдын бир гана жанын алат. Ал эми жогоруда аталган динсиздер болсо адамдын динин жана ыйманын уурдайт.

Рукнеддин Чашти "Маражул бахрейн” деп аталган китебинде Ахмад Зарруктан накыл кылып мындай дейт: төрт мазхаб имамдарынын бири болгон Имам Малик бин Анас (рахметуллахи алейх) айтты: "Фикхти үйрөнбөй, сопулук менен, тасаввуф менен алектенген адам динден чыгып "зындык” болот. Фикхти үйрөнүп, сопулуктан, тасаввуфтан кабары жок адам "бидатчы” болот. Экөөнө да ээ болгон адам акыйкатка жетет”. Фикхти туура үйрөнүп, тасаввуфтун (сопулуктун) даамын сезген адам кемел адам болот. Тасаввуф өкүлдөрүнүн бардыгы кемелдик даражага жетүүдөн мурда бир фикх аалымынын мазхабын карманып, ошол мазхаб өкүмдөрүн орундап, такыбаа болушкан. Мисалы, белгилүү олуялардын бири болгон Жунайди Багдади – Суфйан Севринин мазхабында эле (бул мазхаб кийин унутулган). Абдулкадир Гейлани – Ханбали мазхабында, Абу Бакр Шибли – Малики мазхабында, Имами Раббани, Жарири, Ахмед Йассави – Ханафи мазхабында, Харис Мухасиби болсо – Шафии мазхабында эле (каддасаллаху таала асрарахум).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш