Мужтахид


Сеййид Абдулхаким Арваси "Асхабы кирам” аттуу китебинде мындай дейт: "Ижтихад деп – адамдын күчү жеткенче кыйланып, тер төгүп, эмгектенүүсүн айтат. Б.а., Курани карим жана хадиси шарифтерде мааниси ачык айкын болбогон өкүмдөрдү жана маселелерди ачык жана толук түшүндүрүлгөн маселелер менен салыштыруу аркылуу, өкүм чыкарууга аракет кылуу "ижтихад” деп аталат. Бул ишти бир гана пайгамбарыбыз Мухаммед (алейхиссалам) жана аны бардык сахабалары менен мусулмандар ичинде ижтихад даражасына көтөрүлгөндөр гана аткара алат. Бул жогорку даражалуу аалымдар "мужтахид” деп аталат. Аллаху таала Курани каримдин бир канча жеринде ижтихад кылууну буюрат. Андай болсо, мааниси айкын билинбеген аяттар жана хадистердин ичиндеги диний өкүмдөр жана маселелерди жети өлчөп бир кескен жогорку таланты менен түшүнө алган улуу адамдар, б.а., мутлак мужтахиддердин ижтихид жасоолору фарз болуп эсептелет.

Мужтахид болуу үчүн араб тилине тийиштүү жогорку илимдерди билүү, Курани каримди жатка билүү, ар бир аяттын түрдүү маанилерин билүү жана аяттардын келген убакыттары менен келүү себептерин, кандай түрдө экендигин, насихби же мансухбу, мукаййад же мутлакбы, кыраати саба, кыраати ашара (жети жана он түрдүү окуу ыкмасы) жана кыраати шазза менен (Курандын анча таанымал  болбогон окуу түрү) кандайча окула тургандыгын билүү, Кутуби ситтадагы (атактуу алты Хадис жыйнагы) жана башка хадис китептериндеги жүз миңдеген хадисти жатка билүү жана ар бир хадистин качан, эмне үчүн айтылганын, маанилерин канчалык көлөмдүүлүгүн, кайсынысы кайсынысынан мурда же кийин айтылганын, ага тийиштүү окуялардын, кандай жагдай жана кандай окуянын үстүндө айтылгандыгын, кимдер тарабынан накыл жана риваят кылынгандыгын (жеткизилген, билдирилген), жеткизген адамдардын кандай адамдар экендигин, өмүр баяндарын, кулк-мүнөзүн билүү, фикх аалымдарынын адистиктерин жана эрежелерин билүү, он эки илимди жана Кураны карим менен хадиси  шарифтердин ишараттарын, румуздарын (белгилерин), ачык жана каймана маанилерин түшүнүү, ошол маанилердин рухуна бекем сиңген болуусу, күчтүү ыйман ээси болуу, итминанга (толугу менен тарбияланган, тазарган, ишенимге бөлөнгөн) толгон таза жүрөк менен ар-намыска ээ болуу керек.

Ошол өзгөчөлүктөрдүн бардыгы бир гана сахабаларда жана андан кийинки эки жүз жыл ичинде чыккан кээ бир ахли сүннөт аалымдарында бар эле. Кийин башкача көз караштар, ойлор пайда болуп, бидаттар тарады. Мындай улуу адамдар азайып барып, төрт жүз жылдан кийин жогоруда айтылган шарттарга жооп бере алуучу, ошолор сыяктуу мутлак мужтахид болуп таанылган эч ким чыккан жок”.

Хижраттан 400 жыл кийин мужтахиддерге муктаждык да сезилген жок. Себеби, Аллаху таала жана Расулу Мухаммед пайгамбар (алейхиссалам) кыяматка чейинки жашоо салттарында жана техникада боло турган өзгөрүүлөрдүн баарын камтыган бүт өкүмдөрдү адамзатка билдирген. Мужтахиддер да алардын баарын түшүнүп, түшүндүрмө жасашкан. Кийин келген аалымдар бул өкүмдөрдүн жана окуяларда кандайча колдоно тургандыгын тафсир жана фикх китептеринде жазышат. "Мужаддид” деп аталган мындай аалымдар кыяматка чейин болуп турат.

"Техникалык инструменттер өзгөрүүдө, жаңы кубулуштарга жолугуудабыз”, - деп аяттарга жана хадистерге өзгөртүүлөр киргизүү керек деп айтуучу кишилердин Ислам дининин душманы – зындыктар экендиги маалым болот. (Зындык – эч бир динге ишенбеген, бирок, Исламды ичинен бузуу үчүн мусулман болуп көрүнүп жүргөн, куфур жана динсиздикти дин деп вааздаган (айткан, насаат кылган) дин душманы, мунафык.)

Ислам өкүмдөрүн үйрөткөн илим "фикх” деп аталат. Фикх илимин билген аалымдар "факих” деп аталат. Фикх илими адамдардын кылууга тийиш жана сактанууга тийиш болгон нерселерди үйрөтөт. Фикх илими Курани каримден, хадиси шарифтерден, ижмаи уммат (үммөт аалымдарынын бир добуштан макулдугу) жана кыястан турат. Фикх илиминин ушул төрт негизи "адиллаи шария” деп аталат. Мужтахиддер ушул төрт негизден өкүм чыгарган кезде мазхабдарга бөлүнгөн. Сахабалар менен алардан кийинки кылымда келген мужтахиддер "салаф-ус-салихин” (салих, ишеничтүү кишилер) деп аталат. Алардын бир добуштан айткан маселелери "ижма-и уммат” деп аталат. Курани каримден же хадиси шарифтерден же болбосо ижмаи умматтан салыштыруу жолу менен чыгарылган Ислам өкүмдөрү "кыяси фукаха” деп аталат.

Бир иштин халал же харам экенин кыяс аркылуу билүү үчүн халал же харам экендиги ачык айкын белгилүү болгон башка иш менен салыштырылат. Ал үчүн ошол ишти харам же халал кылган себеп биринчи иште да болушу керек. Мужтахиддердин жалгыз төрт мазхабы гана китептерде толук жазылып, калгандары унутулган. Ошондуктан, азыркы кезде ахли сүннөттүн амалдагы төрт мазхабы бар: ХанафиМаликиШафииХанбали мазхабдары.

Фикх илимин негиздеген, алгач калыпташтырган адам – Имам Азам Абу Ханифа (рахметуллахи таала алейх).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш