Язидилер


Улуу Ислам аалымы Сеййид Шариф Журжанинин "Тарифат” деген китебинде кыскача жана "Милал-нихал” китебинде кеңири жазылганы боюнча "харижа” деп аталган адашкан сектадагы (жолдогу) адамдар жети топко бөлүнөт. Алардын ичинде "Ибадия” тобундагылар – Абдуллах бин Ибад деген адамдын жактоочулары. Бул адам Хазрети Али «радыйаллаху анх» Хазрети Муавия менен аны башчы кылуу жөнүндө келишип алгандандыктан Хазрети Алиден айрылган. Андан кийин Траблусгарпка барып, "Ибадия фыркасын” (сектасын) курган. Хижрий 153-жылы анын адамдары халифага каршы көтөрүлүшүп, Траблусгарпты басып алышат. Өздөрүнөн башка мусулмандарды "капыр” деп эсептешкен. "Согуш учурунда алардын мал-мүлкүн тартып алууга болот”, - деп кабар таратышты. "Чоң күнөө кылгандар мусулман болбойт”, - дешет. Хазрети Алини жана бир топ сахабаларды капыр деп эсептешкен.

Ибадия тобу төрткө бөлүнөт. Алардын ичинде Язид бин Анисанын жактоочулары "Язидилер” деп аталат. Алар араб эмес элдерден бир пайгамбар келет, ага асманда жазылган бир китеп түшөт, Мухаммеддин дининен чыгат, жылдыздарга сыйына баштайт деп эсептешет. Чоң, кичине каалаган бир күнөөнү кылган адам ыйманынан ажырайт дешет.

1966-жылы ноорузда Ирактан Анатолияга келген язиди шейхи Умавинин айтуусу боюнча язидиликти жайган – Ади деген Сириялык киши. Ал Аббасилердин кысымынан качып, Ирактын түндүгүндөгү Сенгал тоолорундагы Ладеш тааласында жашынып, "Адавия” деген жолду курган. Күрттөр жана арабдардын арасында жайылган бул ишеним "Язидилик” деп аталат. Ал 1154-жылы 80 жашында өлдү. Ордуна тууганынын уулу II. Ади отурган. Кийин анын да уулу – шейх Хасен башчы болгон. Аны доорунда язидилердин сандары артып, сексен миңге жеткен.

Язидилердин ишенимдери мусулманчылык менен христиан дининин аралашмасынан турат. Алар шайтанга сыйынышат. Иблисти периште жана тоос деп эсептешет. Шайтанды жамандаган адамды өлтүрүшөт. Кыйынчылык, балээ-кырсыктарды шайтан жаратат деп ишенишет. Мусулмандар менен христиандардан уккандарын Язидилик деген ат менен үгүттөшөт. Мусулмандардын ыйманы жана ибадаттарынын эч бири аларда жок. Ладеш талаасындагы Баадир айылындагы кабрыстандарга барышып, айланууну ажылык деп эсептешет. Аны Сентябрь айында жүзөгө ашырышат. Күнүнө күн чыккан маалда аны карап турушат. Таңда күндүн нуру биринчи түшкөн топуракты өбүшөт. Күн батканда ага жалбарышат. Муну намаз окуу, ибадат кылуу деп эсептешет. Январь айында үч күн орозо кармашат. Ушул сыяктуу ар түрдүү амалдарын намаз, орозо, ажылык деп атап жүрүшөт. Бул сөздөрүн уккан адам аларды мусулман деп ойлойт. Язидилердин окуу, жазууну үйрөнүүсү күнөө болуп эсептелет. Ошол себептен алар сабатсыз. Мусулманчылык тууралуу эч нерсе билишпейт. Аларда сакал алуу да – күнөө. Адамдарды дүйнөдө жана акыретте кыйынчылыктарга сүйрөөчү ушул негизсиз динге каршы алгачкы жолу Мусул амири Имамуддин Занги ишке киришип, аскер башчысы Бадриддин Лулуну шейх Хасенге жиберет. Аларды талкалайт. Башчылары Умавиддин айтуусу боюнча бүгүнкү күндө он миллионго жакын язиди бар. Алар Ирак, Сирия, Йемен, Азербайжан, Түркия жана Индияда жашашат. Сабатсыз болушкандыктан алар коммунисттик үгүт-насааттарга тез алданды. Орусияда үч миллионго жакын коммунист язиди бар экендигин жана Ирактагы Абдуссалам өкмөтү дарга аскан 1200 коммунисттин ичинде язидилер да бар экенин Умави айткан. Тарыхтагы Эмевий (Омаят) халифасы Язиддин булар менен эч кандай байланышы жок. Умави деген башчылары 1930-жылы Ладеште туулган. Ирак армиясында генерал званиясын алган. Ирактагы мусулман күрттөргө каршы Ирак аскери менен бирге согушкан.

Язидилердин: "Иранда бир пайгамбар келет”, - деген сөздөрүнө байланыштуу алардын ыймансыз болгондуктары "Барика”жана "Хадика” китептеринде жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:

Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш