Ислам дини » Мазхабдар » Ислам дининин булактары (Адиллаи шарийа)




Ислам дининин булактары (Адиллаи шарийа)


Ислам дини төмөндөкү төрт далилге таянат:

1. Курани карим

Аллаху таала тарабынан Жабраил алейхиссалам аркылуу Мухаммед алехиссаламга жиберилген китеп. Курани каримде 114 сүрө, 6236 аят бар. Курани карим Мухаммед алехиссаламга жиберилген калыпта сакталган, эч кандай өзгөртүү киргизилген эмес. Мухаммед алейхиссалам кайтыш болгондон кийин Халифа Абу Бакр (радиаллаху анх) Курани каримди жатка билгендерди жыйнап, жазылгандарды топтоп, бир кеңешме тобуна баарын жаздырган. Отуз үч миң сахаба ошол жазылган китептин ар бир тамгасынын туура экенин бир добуштан тастыкташкан. Бул китеп "Мусхаф” деп аталат. 1400 жылдан бери ушул күнгө чейин Курани карим өзгөрбөстөн келген. Азыркы учурда дүйнөдөгү Куран китептеринин баары бирдей.

Курани карим - Аллаху тааланын сөзү. Аллаху таала Курани каримди Мухаммед алейхиссаламга жиберген. Ошондуктан, да аны эң жакшы түшүнгөн адам-Мухаммед алейхиссалам. Пайгамбарлыктын эмне экенин жакшы түшүнбөгөн кээ бир динсиздер Курани каримди өзүбүз түшүнө алабыз деп ойлошот. Мухаммед алейхиссалам Курани каримди сахабаларга окуп, хадиси шарифтер аркылуу түшүндүрүп берген. Ахли сүннөт аалымдары бул түшүндүрмөлөрдү китептерине жазып алышкан. Курани карим жана хадиси шарифтерден жаңылыш маани чыгаргандар бидат ээлери (бидатчылар, өзгөртүүчүлөр) деп аталат. Өз ойлорун сөздөрүн аят жана хадис деп эсептегендер зындык (динсиз) болуп эсептелет.

2. Хадиси шарифтер

Мааниси да, сөзү пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга таандык болгон хадистер Хадиси шариф деп аталат. Мааниси Аллаху тааладан келген, сөздөрү Мухаммед алейхиссалам тарабынан айтылган хадистер Хадиси Кудси деп аталат. Мухаммед алейхиссаламдын хадистери баалуу хадис китептерде жыйналган. Ислам аалымдарынын бардыгы тарабынан туура деп тастыкталган алты хадис китеби бар. Алар "Кутуб-у Ситта” деп аталат. Алардын ичинен эң таанымалы "Бухари-и Шариф” хадис китеби. Калгандары: "Сахих-и Муслим”, "Муватта”, Тирмизинин "Жами’ус Сахих” китеби, Абу Давуддун "Сунан” китеби, Имам Насаинин "Сунан-и Сагир” китеби.

3. Ижма-и уммат

Бир доордо жашаган мужтахиддердин, б.а., Курани каримден жана хадистерден өкүм чыгара алуучу ахли сүннөт аалымдарынын бир меселенин чечиминдеги сөз бирлиги "Ижма-и уммат” деп аталат. Ижманын да даражалары болот. Эң жогорку даражадагы ижма сахабаларга таандык. Сахабалардын ар бири мужтахид болуп эсептелет. Сахабалар менен табиин’ул-изамдар, ошол эки муундун аалымдары бирге "Салаф-ус салихин” деп аталат. Алардан кийин хижраттын 400-жылына чейин келген ахли сүннөт аалымдары "Халеф-ус Садыкин” деп аталат. Алар ыйман, амал илимдери жана калб (көңүл) марифаттарында (руханий илимдер) салаф-уссалихинден алысташкан эмес.

4. Кыяс-ы фукаха

Курани карим, хадиси шарифтердин жана Ижма-и умматтын негизинде чыгарылган Ислам өкүмдөрү - "Кыяс-ы Фукаха” деп аталат. Муну жасай турган аалымдарды "мужтахид” деп аташат.

Бир мужтахиддин чыгарган өкүмдөрүнүн жалпы аталышы - "Мазхаб”. Ахли сүннөттүн төрт мазхабы болгон Ханафи, Шафии, Малики, Ханбали мазхабдарынын бардык өкүмдөрү китептерге көчүрүлгөн.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш