Ислам дини » Мазхабдар » Маликиде үзүрлүү болуу




Маликиде үзүрлүү болуу


Суроо: Маликини таклид кылган бирөөнүн манжасы канаса таңып даарат алса, кан дагы эле агууну улантса ал даарат менен намаз окуй алабы? Убакыттын акырын күтүүсү керекпи?

ЖООП

Ал адам тиш пломбасы себеби менен Маликини таклид кылбаса дагы жарасын таңат, дааратын алат жана Маликини таклид кылып ошол даарат менен намаз окуй алат. С.Абадиййадамындай делген: «Жолдо, унааларда жана соодада алышып-беришүүдө [карама-каршы жыныстагы кишиге] тийүү коркуусу болгон Шафии мазхабындагы адам Ханафи же Малики мазхабын таклид кылуусу керек.» (146 б.)

Бир иш кылып жатканда үзүрү пайда болуп, бул иштин өз мазхабындагы шарттарынан бирине уйуусу кыйындаган адам бул ишти төрт мазхабдан бирөөнүн шарттарына уйуу менен орундайт. Бул экинчи мазхабдын бул иш үчүн болгон шарттарынын бардыгына уйуусу керек болот. Бул шарттардын бирине уйуусу кыйын болуп, бирок, өз мазхабында жеңил болсо бул ишти кылуусу сахих болот. Эки мазхаб зарыл түрдө талфиккылынган болот. Өз мазхабында да кыйын боло турган болсо өз мазхабындагы биринчи шартты кылбоосу жаиз болот. Бирок, Асхабы кирамдан биринин ижтихадына карай жаиз боло ала тургандыгын ойлонуу жакшы болот. (С.Абадиййа 445 б.)

Бул сөздөр дыкаттуу түрдө окулуп жана тууралыгына ишенилсе маселе оңой чечилет. Колубуз канап жатат, Малики мазхабынын шарттарын да сактап Маликини таклид кылабыз, маселе жок. Маликинин шарттарынан бирине уйуубуз кыйын болуп, бирок, өз мазхабыбызда жеңил болсо, манжабыз канаса дагы өз мазхабыбызга карата намаз окуйбуз. Өз мазхабыбызда да кыйын бир абал бар болсо, башкача айтканда, эч бир мазхабда чара жок болсо Асхабы кирамдан биринин ижтихады ушундай болуусу мүмкүн деп ойлонсок намазыбыз сахих болот.

С.Абадиййа китебинде башка мазхабды таклид кылууга байланыштуу түшүндүрмөлөрдөн бин нечеси:

Оору же карылык себеби менен, тагыраагы, зарыл жагдай менен заарасын чыгарып алган Ханафинин кайрадан даарат алуусу хараж, машакат боло тургандыгы үчүн бул адам Малики мазхабын таклид кылып, дароо үзүр ээси болот, даараты бузулбайт. (С.Абадиййа 148 б.)

Моюн сунган мазхабына уюп бир ишти кылып жатканда хараж кыйынчылык пайда болсо бул иш калган үч мазхабдан хараж болбогон бирөөнү таклид кылынып орундалат. (С.Абадиййа 148 б.)

[Мисалы, колу канаган адам жарасын таңып дааратын алат, Малики мазхабынын шарттарын дагы сактап намазын окуйт.]

Намазда турганда ташаххуд өлчөмүндө отуруудан мурда даараты өзүнөн өзү бузулса, дароо барып дааратын жаңылап, намазын уланта алганы менен башынан окуусу абзал болуп саналат. Кайрадан бузулса же даарат алуу кыйын болсо намазга туруп жатканда Малики мазхабын таклид кылат. Малики мазхабында оорулуулардын, карылардын намаздары бузулбайт. (С.Абадиййа 233 б.)

Хараж бар болгон кезде башка мазхабды таклид кылуу үчүн зарылдык да болуусу шарт эмес. (С.Абадиййа 145 б.)

[Мазхаб таклиди үчүн зарылдык шарт эмес, хараж, кыйынчылык муктаждык болуусу жетиштүү.]

Хараж болгондо заиф риваят менен амал кылынат. (С.Абадиййа 148 б.)

Хараж болгон кезде зайыф болгон кавил менен амал кылуу оң. (Ислам Ахлагы 513 б.)

Оору же карылык себеби менен, тагыраагы, зарылдык менен заара качырган Ханафинин кайра даарат алуусу хараж, машакат боло тургандыгы үчүн бул адам Малики мазхабын таклид кылып, дароо үзүр ээси болуп даараты бузулбайт. (С.Абадиййа 148 б.)

Муктаждык болгондугу үчүн даярдалган аралашмалардагы эки заттан бири таза болсо жана нажис болгондун ордуна тазасын колдонууда хараж бар болсо биринчи кавил боюнча аралашманын дагы таза боло тургандыгы түшүнүлүүдө. Спирттүү дарылар, одеколон, сыя, лак жана боёктор ушундай. (С.Абадиййа 152 б.)

Ислам ахлагы китебиндеги башка мазхабды таклидге байланыштуу бир нече түшүндүрмө:

Кылынган бир нерсенин бир парзга кедерги болуусун же харам иш кылууга себеп болуусунун алдын алуунун машакаттуу, кыйын болуусу хараж деп аталат. (Ислам Ахлагы 214 б.)

Адам кылган бир нерсесинен улам аалымдардын бул сөздөрүнө уйууда хараж болсо тандалбаган, зайыф сөздөрүнө уюулат. Буга уйууда дагы хараж болсо, бул өкүм башка мазхабды таклид кылынып орундалат. (Ислам Ахлагы 214 б.)

Өз мазхабына карай бир парзды орундап жатканда же харамдан сактанып жатканда харажпайда болсо, хараж болбогон башка бир мазхаб таклид кылынып, бул хараждан кутулуу керек. Хараж бир ишти кыйынчылык менен кылуу же эч кыла албоо дегенди билдирет. Хараж болбогон башка мазхаб жок болсо харажга себеп болгон нерсе зарылдык менен бар болсо, бул парзды кылуу же харамдан сактануу кечирилет. (Ислам Ахлагы 268 б.)

[Эгер башка мазхабды таклид мүмкүнчүлүгү жок болсо, тагыраагы, ал мазхаб дагы бул ишти жаиз деп кабылдабаса, ал эми бул ишти дагы кылуу керек болуп турган болсо ал харамды кылуу же парзды кечиктирүү жаиз болууда.]

Шарап, спирт жана алкоголдуу ичимдиктердин баары оор нажасат. Суу менен топурак аралаштырылганда бул экөөнөн бири таза болсо, пайда боло турчу ылайдын таза боло тургандыгы жана бул кавилдин сахих болгондугу жана фатванын дагы ушундай болгондугу Бахр китебинде жана Ибни Абидинде жазылган. Бул фатванын зайыф болгондугун билдирген аалымдар да бар болсо да, хараж болгон кезде зайыф кавил менен амал кылына тургандыгы Ибни Абидин китебинде жана Хадика китебинде жазылуу. Буга карай бир муктаждыкты канааттандыруу үчүн даярдалган одеколон, лак жана спирттүү дарылар менен боёктордун алкогол менен аралаштырылган заттары таза болсо, аралаштырмалардын дагы таза боло тургандыктары түшүнүлүүдө. (Ислам Ахлагы 311 б.)

Маликини таклид кылган адамдын хараж болгондо витир намазын таштоосу жаиз болот. (Ислам Ахлагы 211 б.)

[Витир намазы важиб, сөзсүз окулуусу керек. Мисалы, жолчулукта шам менен куптанды жам кылуу жаиз болгондо витирди жам кыла албайт. Эгер кийин түнү туруп окуусунда кандайдыр бир кыйынчылык бар болгон болсо Малики мазхабы таклид кылынып, важиб болгон витирди калтыруу жаиз болууда.]

Уруксаттардан пайдалануу

С.Абадиййа китебинде таклид кылуусу жаиз делбестен «Таклид кылуусу керек» делүүсү диний өкүмдөр кыйын келип, тажоо пайда болбоосу үчүн. Хараж (машакат), кыйынчылык сыяктуу бир муктаждык болгондо мазхаб таклиди кылынуусу керек. Кылбоо сүннөткө каршы болот.

Нажмуддин Газзи хазреттери: «Шайтан адамга Аллаху таала билдирген жеңилдиктерди кылдырбайт. Ошон үчүн уруксат менен амал кылуу керек», - деп буюрууда. Имам Раббани хазреттери дагы: «Аллаху таала адамдарга кыйын болгон нерселерди эмес жеңил болгондордун кылынуусун каалоодо, себеби, адам зайыф (алсыз), чыдамсыз жаратылган», - деп буюрууда. Хадиси шарифтерде да мындай делген:

«Аллаху таала буйрук кылган нерселер сыяктуу уруксат берен нерселерди кылууңарды да жактырат.» [Байхаки] (Аллаху таала жактырган нерседен эмне үчүн качуу керек?)

«Аллаху тааланын силерге берген жеңилдин жана уруксаттардан пайдалангыла!» [Бухари] (Бул буйрукка эмне үчүн баш ийилбейт?)

«Уруксаттардан пайдаланбаган адам Арафат тоосунчалык күнөө кылган болот.» [Табарани] (Мазхаб таклиди уруксат болуп турса эмне үчүн андай көп күнөө кылууга ыраазылык көрсөтүлөт?)

«Сүннөтүмдү кабыл кылбаган менден эмес» хадиси шарифи «Уруксат берген нерселеримди кабыл кылбай, өзүнө кыйынчылык кылган адам сүннөтүмө моюн сунбаган болот» дегенди билдирет. (Муслим)

Демек, Сүннөткө уюп, уруксаттардан пайдалануу керек.

Термин:

Талфик кылуу – Бир ишти кылып жатканда мазхабдарды талфик кылуу, тагыраагы, жеңилдиктерин издеп ошолорго карата кылуу. Бул сөз бирдиги менен сахих эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш