Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларынын (досторунун) кадыр-баркын, үстөмдүктөрүн түшүнүп, бардыгын жакшы көргөн, бардыгын урматтаган, алардын жолунда жүргөн адамдар «Ахли сүннөт» деп аталат. «Бир канчасын гана жакшы көрөбүз, калгандарын жакшы көрбөйбүз» деп, көбүн жамандагандар, ошентип эч биринин жолун карманбагандар «Рафизи» жана «Шии» деп аталат. Рафизилер Иранда, Индияда жана Иракта көп кездешет. Аллаху таала Курани каримде «Момундардын боордош экендигин» билдирүүдө. Фатх сүрөсүнүн акыркы ыйык аяты «Сахабалардын бири-бирин жакшы көргөндүктөрүн» кабар берүүдө. Кутман сахабалардын бирөөсүн болсо да жакшы көрбөө, айрыкча, душмандык кылуу Курани каримге ишенбөө болуп эсептелет. Ахли сүннөт аалымдары кутман сахабалардын үстөмдүктөрүн жакшы түшүнүшкөн. Алардын бардыгын жакшы көрүүбүздү буюрушкан.
Ахли байтты, башкача айтканда, Алини (радыяллаху таала анх) жана анын бардык урпактарын, тегин жакшы көрбөгөндөр жана Ахли сүннөттүн көз кареги болгон ошол улууларга душмандык кылгандар «Харижилер» деп аталат. Азыр харижилер «Язиди» деп аталып жүрөт. Язидилердин диндери, ыймандары өтө бузулган.
Кутман сахабалардын бардыгын жакшы көрөбүз деп айтып, бирок, алардын жолунда болбогондор, өздөрүнүн ката пикирлерин сахабалардын жолу деп айткандар «Вахабилер» деп аталат. Вахабилик агымы мазхабсыз дин аалымы Ахмед ибн Таймиянын китептериндеги ката пикирлер менен Хемпфер аттуу британ тыңчысынын жалгандарынын кошундусунан пайда болгон. Вахабилер жалгыз өздөрүн гана мусулман деп эсептешет. Өздөрү сыяктуу болбогондорду мушрик деп аташат. Андайлардын малы менен жаны вахабилерге адал деп эсептешет. Насстардан, башкача айтканда, Курани карим менен хадиси шарифтерден ката, бурмаланган маанилерди чыгарышып, мусулмандыкты ошол маанилер деп эсептешет. Адилла-и шарияны (шарияттын далилдерин) жана хадиси шарифтердин көбүн четке кагып, жокко чыгарышат.