Суроо: Менин акылыма
туура келбеген диний өкүмдөргө баш ийишим керекпи?
ЖООП: Динде акылга, башкача айтканда, жеке көз
караштарга, пикирлерге орун жок. Динде накыл негиз. Акылга жараша дин болбойт.
Ислам дини – накылга таянган, салим акыл дини. Салим акыл – жаңылбас акыл.
Бирөөнүн акылына туура келбеген кандайдыр бир нерсе салим акыл ээсине туура
келиши мүмкүн. Эгер акылга жараша дин болгондо адамдын саны канча болсо, ошончо
дин болмок. Исламда акыл жетпеген, түшүнбөгөн нерселер көп. Бирок, салим акылга
туура келбеген бир да нерсе жок.
Суроо: Ислам мындан ары коомдун муктаждыктарына жараша
өзгөрүшү керек. Мисалы, технология өнүктү, европалык цивилизацияны кабыл алып,
аялдардын оромолдорун таштап, эркинирээк болушу керек эмеспи?
ЖООП: Имам Раббани
хазреттери мындай дейт:
"Ишке ашыра
турган өзгөртүү менен динди оңдойм деп ойлоп, диндин кемчилигин толуктаганын
айткандар пайда болууда. Негизи дин кемчиликтүү эмес. Курани каримде: "Бүгүн
силерге диниңерди толуктадым, силерге болгон нематымды толуктадым, силерге дин
катары Исламды берүү менен ыраазы болдум”, - деген мааниде айтылды.
Динде кемчилик бар деп ойлоп, толуктоого [реформалоого] аракет кылуу аталган
аятты четке каккандык, жокко чыгаргандык болот.” [260-кат]
Адамдар
өзгөртө тургандай динди адамдар ойдон чыгарган эмес да. Аялдын кандай кийинерин
адамдар аныктай албайт да. Аллахка ишенген адам Ал эмне деген болсо ошого
ишенүүгө тийиш. Эгер моюн сунса, андан да чоң немат. "Баарын орундай албай
жаткан болсом да, баарына ишендим” деп айтууга тийиш. Болбосо, күнөөгө көнүп,
бул күнөө мубах болуш керек эле же "бул кылымда бул да күнөө бомок беле” деп
айтуу Аллахка ишенбөө дегендикке жатат.
Антип
айткандар Аллахка ишенишпейт. Эгер ишенишсе антип айтышпайт. Аллах бардык
нерсени билбейби, азыркы коомду билбейт беле? Исламдагы реформа деген сөз -
"мен Аллахка ишенбейм” деген сөз же Аллахты жөнөкөй бир зат катары көрүп, муну
жакшыраак кыла албады деген сөз.
Аллах
жыйырманчы, отузунчу кылымдардагы коомдордун муктаждыктарын биле алган жокпу?
Коом муктаж деп, динди өзгөртүү динди жыгууга жатат. Бирөөнүн чыгып алып
ачыктан ачык эле "мен Ислам динин жыгам” дегенин качандыр биз кезде көрдүңөр
беле? Албетте, антип айтпайт. Эмнеге айтмак эле? Ошондо аны баары таанымак,
чыныгы жүзүн баары көрмөк. Бирок, диний эрежелерди бузуу менен бул ыплас
максатына жетүүгө аракет кылат.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Аалымдар менин мурасчыларым”, - деп буюрду.
Мазхабсыздар болсо "пикир эркиндиги” деп Ахли сүннөт аалымдарына чабуул жасап:
"Аалымдарга ылайык эмес, хакка (чындыкка) ылайык өлчө!” дешүүдө. Хакты биз
билебиз да, аалымдар билбейби? Эгер хакты аалымдар билбесе, анда биз кантип
билебиз? "Колубузда негизги өлчөм катары Куран болгондуктан, хакты батылдан
(жалгандан) ажыратабыз” дешет. Макул, аалымдардын колунда Курани карим жок
беле? Алар жаңылышы мүмкүн да, а мазхабсыздар эмне үчүн жаңылышпайт? Алардын
бардык масаттары – аалымдар көпүрөсүн бузуу. Алар идеялык анархия чыгарып, хак
менен батылды чаташтырып, туура жолдогу көпүрөлөрдү жыгууну каалашат. Ахли
сүннөт аалымдары курган көпүрөлөрдү бузуп, адамдарды бидат деңизине чөктүрүүнү
каалашат. Ал эми, аалымдарыбыз курган бул көпүрөлөр бидатчылардын үйлөгөнү
менен жыгыла тургандай алсыз эмес. Бирок, кимге жана эмнеге кызмат
кылгандыктары белгисиз болгон бул мазхабсыздарга ишенген бечараларга убал
болууда. Муну билип турганына карабастан унчукпагандар убалга калат. Анткени,
бир хадиси шарифте мындай делген:
"Бидаттар жайылып, бул үммөттүн кийин келгендери
мурункуларга каргыш айтканда, илим ээлери муну баарына билдирсин! Билдирбестен
илимин жашыргандар Курани каримди жашырган деп эсептелет.” [И. Асакир]
Ар бир мусулман
өзүнүн күчүнө жараша Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин жайылтууга аракет
кылып, бул балээден кутулууга аракет кылышы керек. Жаңылыш китептердин
жайылышына себеп болуу өзүнчө убал.
Туура
эмес унаага түшкөндөр каалаган жерине эмес унаа каякка барса ошол жакка барышат.
Мисалы, Парижге бара турган учакка отурган адам Каабага бара албайт. Ахли
сүннөт жолу – кутулуунун жана бакыттын жападан жалгыз унаасы.