Ислам дини » Мазхабдар » Дин жаңы эле келген жок




Дин жаңы эле келген жок


Османлыны согуштарда жеңе албаган душмандар тактиканы өзгөртүштү, мусулмандардын арасына киришти, кээ бир топторду, кээ бир дин адамдарын сатып алышты. Алар атайын даярдалгандыктан тез эле көтөрүлүштү. Маанилүү жерлерди ээлешти. Илимпоз, аалым болуп көрүнүштү. Мужтахид катары көрсөтүлдү. Элди жахил (сабатсыз) кылуу, диндеринен алыстатуу үчүн ойго келбеген айла-амал менен кыйратуу иштерин жүргүзүштү. Бир топ ийгиликтерге да жетишти. Империяны ыдыратып-талкалаганы аз келгенсип, дагы деле өз иштерин улантышууда.

Бул душмандардын эң негизги зыяны – аалымдарга карата ишенимди солгундатуу жана алар менен мусулмандардын ортосундагы байланышты үзүү болду. "Динди жалгыз Курандан гана үйрөн” деген сыяктуу ичи ууга толо алдамчы сөздөр менен адамдардын итикаддарын (ишенимдерин) бузушту. Элди бөлүп-жарышты. Элди бири-бирине каршы тукурушту. Ваххабиликти түптөштү. Ибни Сабачыларды жана башка мазхабсыздарды колдоп, мусулмандарды бири-бирине душман кылып, мамилелерин бузушту. Жаман дин адамдарын таап, топторду түзүштү. Ар бир топко башкаларды бузуку, атүгүл, ыймансыз деп үйрөтүштү.

Алардын оюнуна алданган ар бир топ "биздин устазыбыз туура, биздин китептер туура, башкалар туура эмес, адашкан” деген сыяктуу сөздөр менен башка мусулмандарды жактырбайт жана кабыл албайт. Аларга чейин Ислам дини жок беле? Алардын устазына чейин аалымдар болгон эмес беле? Бул абалыбызды кантип түшүнүүгө болот? Адам тузакка түшүп калышы мүмкүн, бирок, мынчалыгы акылсыздык деп аталбайбы? Бул ката жетпегенсип, кимге жана эмнеге кызмат кылгандыктары белгисиз болгон дин адамы же аалым маскасынын астында кээ бирлери чыгып "Намаз 3 убакыт, хайз учурунда Куран, намаз окууга, орозо кармоого болот, балыктан курмандык болот. Хижаб деген нерсе жок. Мусулман эместер менен "Аманту”да бирдейбиз” деген ыяктуу динге, ыйманга туура келбеген жалгандар менен элдерди динсиз кылууга, бул кереметтүү мекенди бөлүп-жарып, ыдыратууга аракет кылышат.

Дин кудум жаңы эле келгенсип, адамдарга карата өзгөрө тургансып күн сайын диндин бир маселеси талкууланып, суракка алынууда. Мисалы, "ичкилик ичип намаз окуса болобу” деген суроого ар ким бир нерсе айтууда. Кээ бирлери мен макул эмесмин деп айтса, кээ бирлери эч кандай зыяны жок деп айтууда. Эч кимиси китептердеги өкүмдү билдиришпөөдө. Ал эми фиких китептеринде: "Мас абалында окулган намаз сахих болбойт. Аз ичкен абалда окуу макрух. Чайпала тургандай мас болгон адамдын даараты да бузулат”, - деп айтылууда. Бул кара ниет адамдар бир гана Куран деп, Курани каримдин түшүндүрмөсү болгон хадиси шарифтерге көлөкө түшүрүп, Аллахтын Расулун (элчисин), Ислам дининин ээсин иштин ичине албоого аракет кылышууда. Ислам аалымдарын, мазхаб имамдарын кабыл алышпоодо. Ислам дини аларга келдиби? Бул эмне деген анархия, эмне деген фитна?

Ислам дининде ачыкталбаган, түшүндүрүлбөгөн эмне бар? Жалгыз Имам Азамдын доорунда эле 600 миңден ашуун маселе ачыкталган. Азыр ким эмнени ачыктайт? Бир да мисал келтирбей туруп, жаңы маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө керек дешүүдө. Жеке түшүнгөн нерселерин Куран деп эсептеп, Куранды ээрчигиле дешүүдө, мен Курандан айтып жатам дешүүдө. Макул, мазхаб имамдары, мужтахиддер Курандан башкача айтышуудабы? Кээ бирлери болсо мужтахиддердин арасындагы ижтихаддардын бирин өз акылына жараша ылайыктуураак деп көрүп, ошону тандоодо, "Бул Курандын рухуна ылайыктуураак” деп айтууда. Кудум башка мужтахиддердин ижтихаддары Курандан, динден бөлөк имиш!

Дин жаңы эле келген жок. Анын үстүнө кемел (жетик, толук) болуп келген. Кемчил болуп келген эмес. Ислам дини таза, кынтыксыз жана ачык. Убакыттын өтүшү менен дин өзгөрбөйт. Кыяматка чейин бирдей болот. Убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган нерсе каада-салттар, медицина, техника, астрономия жана башка ушул сыякуу дүнүйөлүк илимдер. Дүнүйөлүк илимдерде өзгөрүү болот, динде өзгөрүү болбойт. Дин душмандарынын оюндарын түшүнөлү, тузактарына түшүп калбайлы.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш