Бахаилик


Булардын жетекчиси – Бахауллах. Ал Албаб Али Мухаммед деген Ирандыктын шакирти эле жана орунбасары эле. Албаб аны "күзгү” деп атачу. "Бул күзгүдөн Аллах көрүнөт деп айтчу. Ал өлгөндөн кийин ордун ээлеген Бахауллах аларга жетекчи болуп, "бахаилик” деп аталган негизсиз идеологияларын тарата баштаган. Өзүнүн ордуна уулу Абдулбаха Аббасты отургузган. Аббас "Гаснии азам” деген атка ээ болгон. Европа менен Америкага барган Аббас бахаиликке жүз миңден ашуун адамды тартып, 1921-жылы кайтыш болгон. Ордуна уулу Шавкий келет. Ал дагы бахаиликти жайган. Бахауллах өзүн пайгамбар жана акыр замандын куткаруучусу деп таанытчу эле. Өзүнө "капыр” деген кара такты алгачкы жолу ушул сөзүнүн натыйжасында алган. Эки миң жылдан кийин дагы бир пайгамбар келе тургандыгын айткан. Аларда 19 саны ыйык сан болуп эсептелет. Ишенимдери боюнча, ар бир бахаи он тогуз күндө бир жолу 19 бахаини үйүнө чакыруусу шарт имиш. Негиздеген ыймансыздык жолдору "Коомдук адилет үйү” аттуу жогорку кеңештерине шайланган он тогуз бахаи тарабынан башкарылат. Ар бир бахаи жыл сайын тапкан акчасынын бештен бирин ошол жогорку кеңешке берүүгө мажбур. Аларда 11 жашта үйлөнүү кажет имиш. Бойдок өмүр сүрүүгө тыйым салынган имиш. Жылаңач аялдар менен жыйналыш уюштуруу ибадат болуп эсептелет имиш. Башка ибадаттын кереги жок деп эсептелет. Ар түрдүү уятсыздыктар абройлук деп саналат. Ислам динин ыдыратууга аракет кылуучу топ болуп эсептелет.

Бахаилердин дүйнө жүзүндө 88 жерде уюмдары бар. Христиан, яхуди, мажусий, сихтер жана буддистерди алдап, өздөрүнө тартууда. Алар эң көп корко турган душмандары Ислам аалымдары. Өз динин билген, түшүнгөн эч бир мусулманды алдай алышкан эмес. Китептерин, үгүттөөчү басмаларын кырк сегиз тилге которушуп, жер жүзүнө таратышып, бул жолго миллиондогон акча жумшап жатышканы менен Ислам дининин алдында алсыз болуп, барган сайын жоголуп барууда. Бирок, Европада, Америкада жана Австралияда 77 жергиликтүү коомду расмий каттоого киргизишкен. 1902-жылы Орто Азияда жана 1920-жылы Чикагодо салынга эки чоң ибадатканалары бар. Улут, уруу дегенди кабылдашпайт. Коммунисттер сыяктуу бүт дүйнөгө жайылууну, бир жерден башкарылууну көздөшөт. Жеке адамдардын кызыкчылыктарын ойлошпойт. Мамлекеттик капитализмди жакташат.

Ибадаттары, уюмдары, милдеттери "Акдас” деп аталган китептеринде жана "Осуяттар кагаздарында” жазылган. Аллаху таалага ишенүүнү жана башка бир топ маалыматтарды Ислам дининен алышкан. Исламга кайчы келе турган жактары да көп. Логикалык жана көпчүлүгү социалдык болгон көз караштары дин, "илахий вахий” деп түшүндүрүлүүдө.

Намаздары – Хайфаны карап туруп, Аллахты ойлоо. Ажылыктары Бабдын Шираздагы үйүн же болбосо Бахауллахтын Багдаддагы үйүн барып көрүү болуп саналат. Аят окуу – жүрөк менен Аллахты ойлоо болуп эсептелет имиш.

Азыркы учурда Ислам душмандары Исламды жыгуу үчүн бардык жаман жолдорго барышууда, Исламга душман болгон ар бир жамандыкты кооз сөздөр менен макташууда. Өздөрү Бахаиликке маани бербесе да, бир гана Исламга каршы топ болгондуктан, бул динсиздерди көкөлөтүп макташып, китептерди жазышууда жана аларды таратуу үчүн ат салышууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш