Сурянилер


Суряни тилинде сүйлөгөн байыркы христиандардын калдыгы болуп эсептелет. Католиктердин Якубия фыркасынан (тобунан) чыккан Монофисия ишенимин кабылдашып, Исаны теңир деп эсептешет. Урфа патриархы болгон Якуб Бардаи тарабынан курулган. Антиохия патриархы Михаил Суряни тарабынан таралган. Михаил 1126-жылы туулуп, 1199-жылы өлгөн. Якуб 578-жылы өлгөн. Христиан дининде монофисия ишенимин алгачкы жолу Константинопол патриархы Утиха чыгарган. Александрия патриархы Диоскорус да аны кабылдаган. 451-жылы Кадыкөй кеңешмесинде Диоскорустун көз караштары кабыл кылынбай четке кагылган. 405- жылы кайтыш болгон Мармарон деген католик папасы "Марони” тобун курган. Сириядагы христиандардын бир бөлүгүнүн Суряни, ал эми бир бөлүгүнүн Марони экендиги "Камус-ул-алам” китебинде жазылган.

"Мунжидде”: "Америкалык Шарль Руссел тарабынан 1872-жылы курулган "Иегова күбөлөрү” тобу адашкан жол болуп саналат. Алар Инжилге өздөрүнчө башка маани беришкен”, - деп жазылган. Аларды "Иегова күбөлөрү” деп аташат. Өздөрүнө ишенгендерге материалдык жардам берүүнү убада кылган миссионердик уюмдун борбору Швецариянын Цюрих шаарында жайгашкан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш