Хуруфилик


Мусулмандарды ичинен жыгууга аракет кылуучу топтордун бири бул – жалган Бекташилер, б.а., хуруфилер болуп эсептелет. Бекташи дегенде эки түрдүү адамдар тууралуу ойлоого болот. Биринчиси – чыныгы Бекташи, б.а., Хажы Бекташи Валинин көрсөткөн акыйкат жолунда жүргөн таза мусулмандар. Алар азыркы күндө жок.

Экинчиси – жалган Бекташилер. Алар –ката жолдо жүргөн хуруфилер. Алар да азайып, жок боло баштаганы менен, кээ бир жерлерде кездешип турат. Жалган Бекташилер мусулмандар арасында ыракат жашоо үчүн, өз ишенимдерин жашырып, жаштарды алдоо үчүн Бекташ ысымынан пайдаланышкан. Ислам тарыхында ушул сыяктуу ар түрдүү ыйык аттардын артына жашырынган, алардан пайдаланган динсиздер кездешип турган. Мисалы, маламилер. Алар эч кандай ибадат кылышпайт, ар түрдүү күнөөлөрдү кылышат. Ал эми "малами” деген сөз "беш маал намаз сыяктуу парздарды мечитте окуп, харамдардан сактанып, нафил менен сүннөттөрдү үйүндө окуган, атак-даңктан алыс турган таза адам” дегенди билдирет.

Хуруфилик мазхаб эмес, адашкан бузук ишеним болуп эсептелет. Бул жолдогулар алгач ички ниеттерин жашырышчу эле. Хижрий 1288-жылдан баштап өз ойлорун ачык билдире башташкан. "Жавидан” деген жашыруун китептерин жарыялашкан. Бул китеп алты басма табактан турат. Бир басма табакты хуруфиликтин куруучусу Фадлуллах бин Аби Мухаммед Табризи фарси тилинде жазган. Калганын шакирттери оюнан чыгарып жазышкан. Алардын ичинен Фариштах уулу жазган "Ашкнама” аттуу китепчеде куфурлугу тиги китепчелерге караганда кагазга оролуп жашырылып жазылгандыктан 1871-жылы Стамбулда басып чыгарган.

Фадлуллах Хуруфи "Карамытилер” же болбосо "карматтар” деп аталган бузук жолдун калдыктарынын биринин дервиши болчу. Карматтар "Ибахия” деп да аталат. Алар харамдарды адал деп эсептешип, 70-80 жыл бою ажыларды тоноп, мусулмандарды өлтүрүшкөн. Курган өкмөттөрү 983-жылы ыдырагандан кийин тарап кеткен жерлеринде жашырынып жүрүшкөн. Алардын ичинен Хасан Саббах тарабынан курулган Исмаилия мамлекети 1256-жылы кулаган. Фадл Ирандын Астрабад шаарында жашыруун түрдө куфур ишенимдерин жая баштайт. Өзүнө тогуз жардамчы табат. "Нукта илими” деген бир нерсени ойлоп табат. Туш келген бир маселеде "Бул иш адал, нук менен жуп келди. Баланча иш харам, нук менен так келди”, - деп өзүнчө чечим чыгарчу эле. Фадлуллахтын куфур пикирлери жайылгандан кийин Амир Темирдин уулу Миран Шах «рахметуллахи таала алейх» атасынын буйругу менен 1393- жылы Фадлуллахты өлтүрөт. Бутунан байлап, көчөдө сүйрөтүлөт. Ошентип, Ислам чоң душмандан кутулган. Явуз Султан Салим хан «рахметуллахи таала алейх» шах Исмаилди жеңип, шииликтин алдын алгандыгы сыяктуу, Амир Темир «рахметуллахи таала алейх» да Ислам үчүн өтө кооптуу болгон хуруфиликтин жайылуусуна тоскоол болуп, мусулмандыкка чоң салымын кошкон. Ошондуктан, жалган Бекташи, б.а., Хуруфи тарикатынын муриддери Амир Темирди жек көрүшөт.

Фадлуллах өлтүрүлүп, Астрабад кулагандан кийин анын тогуз жардамчысы качып кетет. Алардын бири Али-ул-Ала Анадолудагы (Анатолия) бир Бекташи теккесине барат. "Жавиданды” жашыруун түрдө жайып, сабатсыз адамдарды алдай баштайт. Хажы Бекташи Валинин жолу ушул деп көрсөткөн. Харамдарды мубах, напсинин каалолорун адал дегендиктен бул тарикат кулк-мүнөзү начар адамдардын арасында бат эле жайылган. Сөздөрүн "сыр” деп айтып, купуя сактоону айтчу эле. Сырды башкаларга ачып койгон адамды өлтүргөн жагдайлары да кездешип турган. Сырлар "Жавидан” деген китебинде ар түрдүү тамгалар менен берилген. Ар бири куфур болгон бул белгилер "Мифтах-ул-хаят” аттуу китепте түшүндүрүлгөн. Бул китепти "Сыр” деп аташат. Колунда "Сыр” китеби жок адам "Жавиданды” түшүнө албайт. Хижрий 800-жылдан баштап өтө көп мусулмандарды алдап, ыйманын уурдайт. Кийин араларына масондор да аралашкан. Аларды яхудилер каржылап турган. 1824-жылы куфур ишенимдерин жая башташкан. Осмон султаны Экинчи Махмуд хан «рахметуллахи таала алейх» тарабынан алардын белгилүү кишилери өлтүрүлдү. Алардын жыйнала турган жерлерин Накшибандилерге берүү тууралуу буйрук чыгарылды. Алар ар тарапка тарап кетишип, жашыруун жумуштарды аткарышты. Хижрий 1288-жылы кайра пайда болушту. Фариштах уулу Абдулмажиддин "Ашкнама” рисаласын басып чыгарышкан. Кайрадан жайыла башташкан. Сеййид Ахмед Рифат Бектин 1293-жылы жазган "Мират-ул макасид” китебинде мындай делген: "Абдулмажиддин бир тууганы Фариштах уулу Абдуллатиф ахли сүннөт эле, сопулук тууралуу жазган китебинден анын таза адам экенин түшүнүүгө болот. Бир тууганы Абдулмежиддин Хуруфи тарикатына өткөнүнө катуу таарынган эле. Анын өзү аларга баш ийген эмес”. Фариштах уулу Абдулмажид "Ашкнамадан” сырткары башка китептерди да жазган. "Саадатнама” китебинде: "Муну "Жавидан”, "Ашкнама” жана "Махаббатнамадан” котордум, хижрий 826-жылы бүтүрдүм”, - деп жазган.

Фадлуллахтын башкы халифасы Махмуд өзүнүн шейхинен бөлүнүп кетет. Ал "Жавидани сагир” деген китепти жазды. Анда хуруфилердин бузуку, капыр, зындык, малун адамдар экенин көрсөтөт. "Жавиданды” окугандардын динсиз экендиги, "Курандын захири (сырткы) мааниси маанилүү эмес, батини (ички) башка маанилери маанилүү”, – деп, кайра тирилүүнү кабылдабагандыктары үчүн ыймансыз болгондуктары тууралуу Бурсалык Исмаил Хаккынын "Хужжат-ул-балига” китебинде жазылган. Хуруфилер куфурдагы эң активдүү адамдарды "сеййид” деп аташат. Ошондуктан, көпчүлүгү сеййидмин деп чыгышкан. "Бекташи тарикаты” деген ысымды жамынып алган хуруфилер мусулмандарды алдоо үчүн бир канча жолдор менен чабуул жасашат:

1. Фадли Хуруфини теңир деп эсептешет.

2. Хазрети Алинин сөздөрү деп ойлоп чыгарышкан "Хутбат-ул-баян” жана башка китептеринде хадистерди ойлоп чыгарышып, Алини сүйгөндөргө күнөө зыян эмес деп эсептешет. Ошондуктан, ибадат кылуу керек эмес деп ишенишет. Харамдарды адал деп, ибадатсыз Бейишке кирүүнү каалаган жахилдерди (сабатсыздарды) алдашат.

3. Бардык диндердин бир экенин айтышат. Жалган бекташилер шиилер да, алавилер (кызылбаш) да эмес, мушрик. Яхудилер менен масондордун колдоолору менен мусулмандарды ыймандан чыгарышууда. Жаңыдан мүчө болуп киргендерге "Жавиданды” көрсөтүшпөй, өздөрүн алеви кылып таанытышууда. Бирок, шиилердин аалымдары да ушул жалган Бекташилердин алеви эместиктерин, капыр экендиктерин айтышууда.

4. Харамдарды, жалган сүйлөөнү адал деп эсептешкендиктен, "Хамзанама” жана "Баттал гази” сыяктуу түрдүү жалган китептерди жазышты. "Баба” деп аталган улуу адамдарын ойдон чыгарылган "кереметтери” тууралуу айтышты. Жалган кереметтер менен жалган аңгемелерден адамдарды катарларына кошуу үчүн пайдалануучу бул "бабалар” жаштарды жыйнап, аты белгисиз болгон бабалардын "кереметтери” тууралуу айтышып, аларды кызыктырышат. "Кашиф-ул-асрар” китебинин автору Токаддык Исхак Мырза мындай дейт: "Ал жерде болуп, далилдер менен бабаны оозун ачалбай тургандай кылып, маскара кылдым. Үй ээси мени үйүнөн кууп чыкты. Алардын жалгандарынын бири да: "Адамдарга байлык, атак-даңк, бала берүү, адамдардын өлүүсү, оорулуулардын сакайуусу бабалардын колунда”, - деп айтуулары. Бир маал намаз окуу фарз. Өмүрүндө бир күн орозо кармашат. Гусулду да өмүрүндө бир жолу алуу фарз. Ушуларга ишенип, өз дининен чыккандарга сырлары айтыла баштайт. Мухаммед дегендери бул Али болчу. Аллах дегендери бул Али болчу деген сыяктуу куфур сөздөр айтылат. Эгер жаңыдан кирген адам буга ишенсе, алар: "Булардын бардыгы – фадл. Эми бардык нерсе сага мубах болду”, - дешет”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш