Ибни Таймия


Адашкан жолдогу дин адамдарынын жана мусулмандарга көп зыяны тийген адамдардын бири. Чыныгы аты – Ахмед бин Абдулхалим Харрани. "ал-Васита” жана башка китептеринде ижма-ул-муслуминден (мусулмандардын бир добуштан ишенген жана карманган жолдорунан) айрылган. Курани карим менен хадиси шарифтерде айкын билдирилген нерселерге жана салаф-и салихиндин жолунда болгон эмес. Кыска акылына, жаңылыш ишенимине баш ийип, бидат жолуна түшкөн. Илими көп болгон. Аллаху таала анын илимин адашуусуна себеп кылды. Напсинин каалоолоруна баш ийген. Бузук, жаңылыш ишенимдерин хак деп, туура деп таратууга аракет кылган.

Ибни Таймиййа деген ат менен Ахмед бин Абдулхалим Харрани хижрий 661-жылы (м.1263) Харранда туулуп, х.728-жылы (м.1328) Шамда камакта жаткан кезде ооруп, кайтыш болгон. Көптөгөн китептерди жазган. Ханбали мазхабынын фикх жана хадис аалымы болгон. Шииттер менен байыркы грек философторуна каршы эмгектери бар. Кийин ахли сүннөткө кайчы болгон сөздөрүнө байланыштуу Мысырда эки жолу камалган. "Ал-убудийат” китебинде Аллаху тааланын ысымын зикир кылуунун бидат жана адашкандык деп көрсөтүп, тасаввуф аалымдарына оор жалаа жапкан. Бул китепти Садруддин Сахиб деген ваххаби урду тилине которгон, 1981-жылы ал "Хакикат-и убудийат” деген аталыш менен жарыяланган. Мардан шаарынын казысы алламе (аалым) Хабуб-ул-Хак Пермули ага каршы жооп жазып, бул китебин "Зикруллах” деген аталыш менен жарыялаган Ахмед Ибни Хажар Мекки "Фатава-и хадисия” китебинде Ибни Таймия тууралуу: "Аллах адашуусуна илимин себеп кылган адам”, - деген. Жамиул-азхардагы Ханафи аалымы Мухаммед Бахиттин "Татхир-ул-фуад” китеби, "Ат-тавассул”, "Шавахид-ул-хак” жана "Жавахир-ул-бихар” аттуу китептер Ибни Таймиянын адашкан жолдо экендигин далилдер менен көрсөтүп берет.

Индиялык улуу аалым Мухаммед Абдулазиз Фархарави "Набрас” деп аталган "Шархи акаид” түшүндүрмөсүнүн хашиясынын 116-бетинде мындай дейт: "Ибни Хажар Аскалани "ад-Дурар-ул-камина” китебинде "Ибни Таймия Пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылуу үчүн сапарга чыгуу – харам. Али (радиаллаху анх) ыйман келтирген кезде бала болгондуктан анын мусулмандыгы сахих (дурус) эмес дейт. Осман ибни Аффан (радиаллаху анх) дүнүйө-мүлктү жакшы көрчү эле. "Сунан” китептериндеги хадистердин зайыфтарын да кабылдабаган. (Зайыф – бул сахих жана хасен болбогон хадистер. Равилеринин биринин эске тутуму, адилеттүүлүгү бошоңку же акыйдасында күмөн бар.) Бул хадис боюнча көп ибадат кылынат, бирок, ижтихадда буларга таянылбайт. Аалымдар Ибни Таймиянын фитнасы тууралуу маселеде карама-каршы көз караштарда болушкан”, - деген. Аны мактагандардан Имам Захаби да: "Ал дагы адам, күнөөлөрү, каталары, албетте, болот”, - деген. Ахмед ибни Хажари Мекки "ал-Жавхар-ул-мунзам” китебинде мындай дейт: "Ибни Таймия чыгарган фитна ушунчалык эле, анын терс сөздөрү менен негизсиз далилдерине каршы Исламдын эң улуу аалымдары жооп беришкен, анын пикирлеринин негизсиз экендигин ачып беришкен. Шам, Мысыр жана Кудуста казылык кызматын аткарган Шафии фикх жана хадис аалымы Мухаммед Изз-ибни Жамаа ал тууралуу: "Аллаху таала туура жолдон адаштырган, көптүргөн жана зиллат (абройсуздук) көйнөгүн кийгизген адам. Ал Ислам аалымдары менен төрт улуу халифагаа каршы акмактык менен талашып тартышкан  адам. Акылы кем адамда ирфан (илим) болобу?” - дейт. Имам Абул Хасан Субки: "Ибни Таймия акылына караганда илими көп адам. Аны "Шейхул-Ислам” деген адамдын капыр боло тургандыгын айткандар бар”, - дейт. Жалалуддин Давани "Акаиди Адудия шархи” деп аталган китебиде: "Ибни Таймиянын кээ бир китептеринде "Арш – кадим (түбөлүк)” дегенин окудум”, - дейт. Жалалиге жасалган хашияда (түшүндүрмөдө): "Ибни Таймиянын бузук сөздөрү чегинен чыккандан кийин Каирде Калаи Жабалда кадил кудат (баш казы) Зайнуддин Малики башкарган аалымдар кеңеши жыйналып, Таймияга суроолорду беришет. Ал жооп бере алган эмес. Хижрий 705–жылы болчу. Аны камакка алууга өкүм чыгарылган. Шамда жана башка жерлерде "Ибни Таймияны ээрчиген, багынган адамдын мал-мүлкү жана жаны адал” деп, андайлардын өлтүрүлүп, мал-мүлкү алына тургандыгы тууралуу "Мират-ул-жанан” китебинде жазылган. Ал хажрий 707-жылы тообо кылып, камактан чыгарылган. Бирок, сөзүндө турбай тообосун бузгандан кийин кайрадан камалган. Кайра тообо кылып, Шамга отурукташкан”, - деп жазылган. Небрас деп аталган шарх-и акаид хашиясынан котормо аяктады.

Ибни Таймиянын "Каза намазын окуу керек эмес, ар бир жакшы  иштер каза намазынын ордуна өтөт” деген сөзү – анын адашкандыгынын эң чоң далили. Буга ишенбөө керек жана алданып калбоо керек.

Улуу аалым Жамалиддин Мухаммед Музжажи "Хидаят-ул-халик” китебинде Мухиддин Арабини мактап, Ибни Таймияны жокко чыгарган.

Ибни Таймия ахли сүннөт аалымдарынын улуулугун түшүнбөгөн, тасаввуф илиминин бар экендигин кабыл кылбаган жана ахли сүннөттөн айрылган адам болуп эсептелет. Анын бузук пикирлерине толгон китептери өздөрүн "Салафилер” деп атаган мазхабсыздарга негизги булак болуп эсептелет. Мазхабсыздар аны мактап, Ислам мужаддиддеринин (жаңыртуучуларынын) пири деп эсептешет. Ибни Таймиянын шаки жана адашкан жолдо экендиги "Сайф-ул-Жаббар” (Фадли Расул Бадаи) жана фарси тилинде "Талим-ус-субйан” (М.Юсуф Хорасан) китептеринде жазылган. Абдурразик паша мындай дейт: "Ваххабилик бир жагынан Ибни Таймияга барып такала тургандыгы сыяктуу соңку кылымдарда Ислам мужаддиди деп таанылган Мухаммед Абдухтун диндеги реформа тууралуу пикирлери да бир жагынан Ибни Таймияга барып такалат”. Абдурразик паша х.1366-жылы (м.1946) өлгөн. Анын устазы Абдух менен жардамчысы Рашид Ризанын Жами-ул-асхардагы тараткан ыдыратуучу пикирлерин таратуудагы аракеттери натыйжасыз калган.

Судандык Малики аалымы Тахир Мухаммед Сулейман "Захират-ул-фикх-ил-кубра” китебинде: "Ибни Таймиянын сөздөрүнүн кадыры жок. Ал адашкан адам, мусулмандарды да адаштырууда. Мусулмандардын ижмасынан (добуш биримдигинен) бөлүнүп, бидат жолун карманган адам. Ислам аалымдары анын адашкан, бузук экенин бир добуштан билдирген”, - дейт. Кутбуд-Бардири "Шарх-и Мухтасар” китебинде бул тууралуу кеңири маалымат берген”.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш