Жамалиддин Афгани


Жамалиддин Афгани х.1254-жылы (м.1838) Афганистанда туулган. Хижрий 1261-жылы (м.1845) Кабулга барган. Ошол жерде он жыл болуп, философия китептерин окуган. Бираз убакыт орустарга Афганыстандагы тыңчылык кызматын аткарган. Орустардан көп акча алган. Хижрий 1285-жылы (м.1870) Мысырга барып, масон болгон. Али паша аны Стамбулга чакырып алып, кызмат тапшырган. Ал кезде Стамбул университетинин ректору жана садразам (пример министр) болгон масон Мустафа Рашид паша тарабынан Парижде окутулган, капыр экендигине фатва берилген масон Хасан Тахсин тарабынан ага университетте конференцияларды өткөздүрүлөт. Бирок, чегинен чыккан сөздөрүнөн улам ошол доордун  шейхул-исламы болгон улуу аалым Хасан Фехми хазирети (рахметуллахи таала алейх) тарабынан Жамалиддин Афганинин капыр экенине фатва берилген. Хасан Фехми хазирети доорунун эң улуу аалымдарынын катарында болгон. Ал Осмон мамлекетинин 110-шейхул-исламы эле. Хасан Фехми хазирети сыяктуу аалымдар басымдуулук кылып, Жамалиддин маскара болгон. Али паша аны Стамбулдан чыгарууга мажбур болгон. Мысырлык Адиб Исхактын "ад-Дурар” деген китебинде Жамалиддиндин Мысырда масон ложасынын башчысы болгондугу жазылган. Жамалиддин Афгани Мысырда болгон кезинде Мысырлыктардын арасында революция пикирин таратуу менен алектенген. Атагын чыгаруу үчүн "Араби паша” окуясын даярдагандар менен бирге англичандарга каршы сыяктуу көрүнгөн. Мысырдын муфтийи Мухаммед Абдух бир сөзүндө: "Жамалиддинди көрбөстөн мурда көзүм сокур, кулагым дүлөй, тилсиз экенмин”, - деген. Француз тилинде жазылган "Les franco-maçons’’ китебинин 127-бетинде: "Мысырда курулган масон ложасынын башына Жамалиддин Афгани, андан кийин Мухаммед Абдух алып келинген. Алар мусулмандардын арасында масондуктун жайылуусуна көп көмөк беришкен”, - дейт. Лондон менен Парижде "диндеги реформа” деген ат менен көптөгөн зыяндуу нерселерди жазган. Хижрий 1303-жылы (м.1886) Иранга барган. Ал жерде да жөн жүрө албады. Ошондуктан, чынжыр менен байланып 500 атчан аскер менен Осмон мамлекетинин чек арасына алып келип ташталган. Кийин Багдадга, ал жерден Лондонго кеткен. Иранга каршы макалаларды жазып жүрдү. Ал жерден Стамбулга келип, бахаилерге кошулуп, динди саясатка курал катары колдонгон. Иранда фитна чыгарууга аракет кылды. Бир жылдан кийин жаагында рак оорусу пайда болуп, х.1314-жылы (м.1897) өлгөн. Стамбулдагы Мачка аскердик горнизонунун алдындагы "шейхтер” кабырыстанына көмүлгөн. Бир америкалык жаран келип анын үстүнө көк таш койдурган. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин сөөгү Афганистанга алынып кеткен. Масондор анын Исламга душмандыгын, революционер жана бүлүкчүл аракеттери тууралуу башкача кылып жазышат. Аны улуу кылып көрсөтүү үчүн Осмон мамлекетинин шейхул-исламы Хасан Фехми хазиретине жана башка Ислам аалымдарына "артта калган жахилдер” деп жалаа жабышууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш