Мавдуди


Адашкан жолдогу дин адамдарынын бири "ал-жамаат-ул-исламия” уюмунун куруучусу ­– Мавдуди.

Мавдуди – чаштия тарикатынын улуу кишилеринен бири болгон Кутбиддин Мавдуди Чаштинин тегинен. Мазары Ажмиде болгон Муинуддин Чашти – Кутбиддиндин халифаларынан Осман Харунинин халифасы болот. Кутбиддин Мавдуди хижрий 527-жылы (м.1132) Гератка караштуу Чашт деген жерде кайтыш болгон.

Мавдуди х.1321-жылы (м.1903) Хайдарабадда туулуп, х.1399-жылы (м.1979) Сентябрь айында Америкада өлгөн. Пакистанда көмүлгөн. Жашоого журналист катары аралашкан. Алгачкы жолу 1927-жылы "Исламдагы жихад” деп аталган китебин жазган. Бул китебинде төнкөрүшчүл пикирлери жазылган эле. Араб тилине которулгандан кийин Хасан ал Беннанын түшүнүктөрүнө таасир кылып, Мысырда мамлекетке каршы көтөрүлүп, өлтүрүлүүсүнө себеп болгон. Мавдудинин илимдеги кемчилиги ушинтип көптөгөн мусулмандарды материалдык жана руханий кыйроого учураткан. Анткени, эч бир Ислам аалымы саясатка аралашкан эмес. Төңкөрүш тууралуу оюна да алган эмес. Алар элди илим менен насыят менен ыймандуулукка чакырышкан. Исламды төңкөрүш менен эмес, илим менен, адилеттүүлүк менен, адамгерчилик менен жайыла тургандыгын айтышкан. Мавдуди Исламдын бардык негизги эрежелерин жеке логикасы менен чечүүгө аракет кылып, Ислам аалымдарынан жана Ислам эрежелеринен алыстаган. Китептерин окуган кезде анын өзүнүн жеке логикасын, жеке түшүнүктөрүн Ислам дини катары таратууга тырышкандыгы ачык байкалат. Исламды жаңычыл өкмөт түрлөрүнө шайкештендирүү үчүн аны түрдүү калыптарга салат. Исламдын халифат түзүлүшүнө да өзүнүн жеке пикири боюнча баа берип, халифалардын бардыгына дээрлик каршы чыгат. Англичандар жана алардын жалдаган адамдары тарабынан Ислам аалымдарынын жок кылынуулары аркылуу Ислам илимдеринин да жок кылынуусу Мавдудинин бузук пикирлеринин жайылуусуна да таасирин тийгизген. Ислам аалымдарынын (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) китептерин окуп, түшүнө ала турган даражага жетпеген сабатсыз адамдар аны дароо эле аалым жана мужахиддердин катарына кошуп жиберишкен. Анын саясий түшүнүгү "Исламий илим” деп аталды.

Мавдуди мусулмандардын ошол жагдайынан пайдаланган. Динди саясаттын куралы кылып, саясатчыларга жакындап алган. Индиялык мусулмандардын улуттук көтөрүлүшүнө катышкан. Сергек ойлуу мусулмандар менен Ислам мужахиддеринин ийгиликтерин менчиктештирип алуу үчүн көптөгөн эмгектерди жарыялаган. Чыгармаларында өзүн улут жол башчысы жана акылманы кылып көрсөттү. Айлакер аракеттери менен партиянын жетекчилик кызматына келди. Бирок, Пакистанды куруу идеясын ортого койгондор менен бул жолдо эмгектергендер башкалар эле жана алардын саны көп болгон. Алар Индиялык мусулмандарга азаттык идеясын сиңирип, аларды бириктирүүгө аракет кылып жатканда Мавдуди өз кызыкчылыгына тийиштүү талаптарды койгон. Фитнанын алдын алуу үчүн аны камоого фатва берилген. Фитнанын алды алынып, х.1366-жылы (м.1947) Пакистан мамлекети курулгандан кийин ал 1950-жылы камактан бошотулган. Ахли сүннөттүн таза мусулмандары жаңы мамлекетти Ислам аты менен байланыштырып жатканда Мавдуди "Кадияни” деп аталган бузулган динди тарата баштагандыктан 1953-жылы соттолуп, 26 айга дагы камалган. Ал камакта жатканда мусулмандарды коргоочу негизги закон (контитуция) даярдалып, 1956-жылы күчүнө кирген. Ал камактан чыга салып эле жарыялаган төнкөрүштүк идеясын үгүттөөчү макалалары менен абалдын курчуусуна себеп болгон. Мусулмандардын пайдасы үчүн болгон негизги мыйзамга тыюу салынып, адат болгон башкаруу системасынын жарыялануусуна себеп болгон. 1962-жылы жаңы конституция күчүнө кирген. Бирок, Мавдуди тынч жаткан жок. "Ислам коому” уюмунун жоюлуусуна себеп болгон. 1964-жылдын башында кайрадан камакка алынган. Бирок, амнистиядан пайдаланып, аз убакыттын ичинде боштондукка чыгат. Адам укуктары жана адилеттүүлүк деген ураан менен төңкөрүш жасоого аракет кылган. Кашмирде түшүнбөөчүлүктөрдүн пайда болуусуна себеп болгон. Индулар ушул абалдан пайдаланышып, Кашмирге чабуул жасашкан. Өкмөт кыйын абалга туш болгон. Ошол чыккынчы аш-аракетери менен канааттанбаган Мавдуди жашыруун түрдө Сауд Аравиясы менен да кызматташтык мамилелерин курган. Мазхабсыздыкты бүткүл Ислам мамлекеттерине таратуу үчүн курулган Мединадагы ваххаби кеңешине мүчө болгон. Бирок, "Бир заалымга көмөктөшкөн адамга Аллаху таала ошол заалымды каршы коёт” деген хадиси шариф акыйкатка айланып, өзү жакындагысы келген адамдар тарабынан камакка алынган.

"Ал-Устадул-Мавдуди” китебинде Абул-ула Мавдудинин диний сабатсыздыгы жана мазхабсыз экендиги кеңири түшүндүрүп берилген. 7-бетинен баштап: "Мавдуди бала кезинде Нияз Фетхпури деген мулхидди (динсизди) жанына катчы кылып алат. Анын зыяндуу пикирлери менен түшүнүгү өзгөрүп, бузулган. Анын көмөгү менен көптөгөн басмаларга макалаларды жиберип күн көрүп жүргөн. Кийин "Жамият-ул Уламаил-Хинд” коомунун жетекчилик кызматына дайындалган. Муфти Мухаммед Кифаятуллах жана шейх Ахмед Саид Дехлевинин көмөгү менен "Муслим” журналын чыгарган. Хижрий 1352-жылы (м.1933) "Таржуман-ул-Куран” деп аталган журналын чыгарган. Андан соң төрт досу менен бирге "Дар-ул-Ислам” бийлигин курду. Достору Мухаммед Мавзур Нумани, Абул Хасан Али Надви Лакнави, Амин Ахсан-у Ислахи жана Масуд Алим-ул Надви эле. Хижрий 1360-жылы (м.1941) алар "ал-Жамаат-ул-исламия” уюмун түзүшкөн. Кубаттуу жазуулары менен көптөгөн макалаларды жарыялады. Шейх Муназир Ахсан-ул-Гейлани, Сеййид Сулайман-ун-Надви, Абдулмажид Дарябади сыяктуу атактуу адамдар тарабынан макталган. Бирок, өзүнүн жеке пикирлерин тарата баштаганда келечекти көрө билген аалымдарда күмөн пайда болду. Анын китептерине алгач каршы пикирин жазган киши шейх Муназир Ахсан-ул-Гейлани эле. Абдулмажид Дарябади чыгарган "Сидк-ул-Жадид” жыйнагында "Жаңы харижи” деген тема менен алгачкы каршы пикирин билдирген. Андан кийин Сулейман Надви менен Хусейин Ахмед-ул Мадани дагы Мавдудиге каршы макалаларды жазган.

Мавдудинин адашуу себеби - дин илимдерди дин адистеринен окубагандыгы. Араб тилине тийиштүү илимдерде адис боло алган эмес. Чыныгы дин тармагынын аалымдарынын мажлистерине катыша алган эмес. Англис жанан араб тилдерин толук үйрөнгөн эмес. Араб тилинде чыккан китептеринин бардыгын урду тилинде жазды. Аны шейх Масуд Алим Надви жана анын шакирти араб тилине которгон эле. Мукабасында "Мавдуди” деп жазылып тургандыктан окугандар аны Мавдудинин араб тилинде жазган китеби деп ойлойт.

Мавдуди дин адамы эмес, саясаттын адамы. Урду тилинде өтө чебер калемгерлик жөндөмдүүлүгү бар. Бирок, китептеринин зыяны пайдасынан көп болгон. Айрыкча, урду тилинде чыккан китептеринде сахабаларга тил тийгизет. Төрт рашид халифанын бири – Хазрети Османды каралайт. Исламдын өкүмдөрүн жана аяттарды өзгөртөт. Салаф-и Салихинди төмөн санаган. Бардык макалаларында көздөгөн максатынын жогорку кызматка жетүү экендиги ачык көрүнүп турат. Ваххабилер тарабынан курулган "Рабытат-ул-алам-ил-ислами” уюмунун мүчөлөрү жана Нажд менен Рияддагы мазхабсыздар Мавдудини жакташат. Анын арабча китептерин дүйнө жүзүнө таратышууда. "Сарранын” автору Кусайми менен "Жамиат-ул-Медина” мугалими Насыр Албани да ошолордун катарына кирет. Пакистандагы дин адамы Мухаммед Закария да мурда Мавдудинин чыгармаларын жактырчу эле. Кийин анын ката жолдо экенин түшүнгөндөн кийин ага насаат катары кат жазат. Ошондон кийин анын ката пикирлерин ачып берген рисала жарыялаган. Доктор Абдурразак Хазарави Пакистани аны урду тилинен араб тилине которуп, ага түшүндүрмө жазып жарыялаган. Аны окугандар Мавдудинин пикирлерин ачык түшүнөт. Пикирлеринин бир бөлүгү – күнөө, бир бөлүгү – бидат, дагы бир бөлүгү – илхад (динден чыгуу). Кээ бир пикирлери динде такыр сабатсыз экендигин көрсөтөт. Түрдүү макалаларындагы пикирлери бири-бирине туура келбейт.

Индияда ар бир топтун, ар бир мазхабдын аалымдары 27-Шаввал, 1370-жылы (м.1951, Август) жыйналышып, Мавдудинин жана ал түзгөн "ал-Жамаат-ул-Исламия” уюмунун мусулмандарды жаңылыш жолго жана балээге тартып жаткандыгы тууралуу чечим кабылдашып, бул фатваны китептерде жана гезиттерде жарыялашкан. "ал-Устазул-Мавдуди” китебине жасалган котормо аягына чыкты.

Пакистан аалымдары да Мавдудинин адашкандыгы тууралуу чечим кабыл алып, бул чечимдерин 22-Февраль, (м.1976), х.1396-жылы Равальпинди шаарындагы "Ахбар-ул-жамия” басмасында кайра жарыялаган.

Мавдуди "Исламдагы жандандыруу аракеттери” деген китебинде Имам Газалини реформист катары көрсөтүп: "Анын түшүнүгү рационалдуу пикирлердин зыяндуу таасирине түшүп калган. Ошондой эле, сопулукка берилүү кемчилик болуп эсептелет. Хадис илиминдеги маалыматы жетишсиз”, - деп жазган. Ибни Таймийанын өтө таасирдүү адам экендигин, Исламды туура түшүндүрүүнүн ошол адамга гана насип болгондугун айтат. Ошондой эле, бул китебинде Ислам дининин өзүнө таандык философиясы тууралуу жазат. Ислам илимдерин – философия, аалымдарын философ деп эсептейт. Хазрети Османга тил тийгизип, бардык мазхабсыздар сыяктуу ал дагы мазхабдарды пикир келишпестиктеринин натыйжасы деп эсептейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш