"Ислам
аалымы” деп таанытылган дин адамдарынын бири – Сеййид Кутб. Ал х.1321-жылы
(м.1903) Мысырда туулган. Каир илим институтунда окуган. Алгач
социалисттик идеяларын жайган. Анан дин адамы көрүнүп, мурдагы Каир муфтийи
жана масон ложасынын жетекчиси болгон Абдухтун диндеги реформалык жолун
карманды. "Келечек Исламдыкы” деген китебинде: "Ислам мамлекеттерин
татар чабуулдарынан коргогондордун эң башында руханий лидер Ибни Таймийа турган”,
- деп жазат. Эч кандай тарыхка туура келбей турган бул сөзү Ибни Таймийаны ахли
сүннөт аалымдарынын даражасына чыгарууга тырышкандыгынын белгиси
эле. "Дүйнө тынчтыгы жана Ислам” деген китебинде мамлекет
тармагында кызматтары аз деп, алты жүз жылдык Осмон мамлекетин тарых ирээтинде
болсо да атап кетүүнү кызганып, көңүл сыртында калтырган. Аталган китепте
Исламдын таралуу түрү менен Исламдагы жихадды өзүнүн жеке көз карашы боюнча
бурмалап, түшүндүрөт. Зекеттин берүү эрежесин азыркыга чейин эч бир аалым
көрсөтпөгөн түрдө түшүндүрөт.
"Исламда
социалдык адилеттүүлүк” деп аталган китебинде Хазрети Османга арсыздык
менен тил тийгизет. "Фи-зилал-ил-Куран” деген тафсир
китебинин биринчи томунда жихаддын бир бөлүгүн кабылдап, негизги бөлүгүнө каршы
чыгат: "Адамдардын динге кирүүсүн жеңилдетүү үчүн жихад кылынбайт”, -
дейт. "Жихад зулумдук кылгандарга жана заалымдарга каршы
кылынат” деген аятты негиз кылып алып, мусулмандарды өкмөткө каршы баш
көтөрүүгө, фитна чыгарууга чакырат. Бирок, заалым кишилерге, жада калса, капыр
өкмөттөргө да каршы чыгууга динибиз тыюу салат. Мындай баш көтөрүү – жихад
эмес, акмактык. Андай замандарда кылына турган жихад – Ислам илимдерин таратуу,
ыймандуу жаштарды тарбиялап чыгарууга аракет кылуу болуп эсептелет. "Хаж”
сүрөсүнүн 39-аятында: "Момундарга чабуул жасаган заалымдарга каршы
жихад кылууга уруксат берилди”, - делген. Меккеде капырлар
мусулмандарга зулумдук кылып, өлтүрүп жаткан кезде мусулмандар аларга каршы
согушуу үчүн Пайгамбарыбыз аркылуу Аллахтан кайра-кайра уруксат сурашкан.
Уруксат берилбеген. Мединага хижрат кылынгандан кийин ошол аят келип, жаңыдан
курулган Ислам мамлекетинин Меккедеги заалымдар менен согушуусуна уруксат
берилген. Бул аят мусулмандардын капыр, заалым өкмөткө каршы баш көтөрүүсүнө
эмес, Ислам мамлекетинин элдердин Исламды угууларына, мусулман болууларына
тоскоол болгон заалым диктаторлордун аскерлери менен согушууга уруксат берет.
Сеййид Кутбдун
ушу негизсиз идеялары Мысырда фитна чыгуусуна, он миңдеген мусулмандардын
зынданга ташталуусуна, көптөгөн адамдардын өлтүрүлүүсүнө себеп болду. Ал
булардын жазасын кыяматта тартат. Сабатсыздык менен кылган иш-аракеттери жана
акмактык менен жазылган жазуулары аркылуу өкмөткө каршы төңкөрүштүн чыгуусуна
себеп болгондуктан, х.1386-жылы (м.1966) өлүм жазасына тартылган. Билими, акылы
жана ыкыласы болбогон дин адамдары тарых боюнча дайым ушундай саясий апааттарга
себеп болгон. Ислам илимдерин фитна чыгарбай, тынч жол менен жайган билимдүү
жана акылдуу дин аалымдары ар дайым ийгиликке жеткен.
Кадызада Ахмед
хазирети "Биргиви осуятнамасы”нын шархынын (түшүндүрмөсүнүн)
200-бетинде: "Күч колдонуу аркылуу амри маруф жана нахйи мункар кылуу,
б.а., күнөө кылып жаткандарга тоскоол болуу - өкмөт адамдарынын милдети. Сөз
менен, жазуу менен жихад кылуу – аалымдардын милдети. Жүрөк аркылуу, дуба кылуу
аркылуу жихад кылуу – ар бир момундун милдети. Таасири боло тургандыгына,
натыйжага жете тургандыгына көзү жетсе, бул милдеттерди аткаруу важиб болот.
Фитна-фасаддын чыгуусуна себеп болот деп ойлосо, насыятты таштоо важиб болот.
Фитна чыккан жерге зарыл болбостон барууга болбойт. Эгер динин коргоо үчүн
хижрат (көчүү) кыла турган болсо жакшы болот. Бейишке кирүүгө ылайык болот.
Шапаатка жетет. Амри маруф жана нахйи мункар (жакшылыкты буюруп, жамандыктан
кайтаруу) кылган кезде, ниеттин калыс болуусу, жагдайды жакшы изилдеген
болуусу, Аллаху тааланын бул маселедеги буйругун жакшы билүүсү, сабырдуу болуп,
чыр-чатак чыгарбоосу, жылуу сүйлөп, жазуу менен жеткирүү керек”, - деп
жазылган. Демек, күч колдонуу аркылуу жасала турган жихадды өкмөт жасайт. Жихад
Сеййид Кутбдун айтканы сыяктуу эмес. Стамбулдагы жогорку Ислам институтунун мурдагы
директору жана мугалими Ахмед Давуд уулу х.1394-жылы (м.1974) Стамбулда
басылган "Динди түздөйм деген дин бузгучтары” аттуу
китебинде: "Сеййид Кутб адабиятчы, бираз диний маданияты бар, Мехмед
Акифке окшош. Сөзү динде далил боло албайт. Анткени, ал дин аалымы эмес”, - деп
жазат. Сеййид Кутб "Зумар” сүрөсүнүн 3-аятынын тафсиринде: "Таухид
менен ихлас ээси Аллахтан башка эч кимден эч нерсе сурабайт. Эч кандай жаратылган
нерселерге ишенбейт. Адамдар Ислам көрсөткөн таухидден ажырады. Азыркы кезде
бүткүл Ислам мамлекеттеринде олуяларга ибадат кылынат. Исламдан мурдагы
кездерде арабдардын периштелерге, айкелдерге сыйынышкандыгы сыяктуу алардан
шапаат тилешет. Таухид менен ихлас ээлери Аллах менен кул арасына бир ортомчуга
муктаж эмес. Эч кимден шапаат тилебейт”, - деп жазат. Бул сөздөрү менен ахли
сүннөт аалымдарынын ага берген жооптору "Faideli Bilgiler” китебинде
жана араб тилинде жазылган "Фитнатул-ваххабия” китебинин соңунда
берилген.