Хамидуллах


Ката жолдогу дин адамдарынын бири – Хамидуллах. Ал хижрий 1326-жылы (м.1908) Индиянын түштүгүндө жайгашкан Хайдарабадда туулган. 1971-жылы Стамбулда аны менен мажлис өткөрүлгөн. Ислам аалымдарына, Салаф-и салихинге ишенбей турганын, Хайдарабаддагы устазынын сөздөрүнө каршы келүүчү маалыматтардын бардыгына каршы экендигин айткан. Ошол жерде Усмания университетинде окуган. Мамлекеттик укук тармагында доктордук диссертациясын жактаган. 1947-жылы Индия өкмөтү аны жарандыгынан ажыраткан. Өзү Париждеги CNRS илимий изилдөөлөр борборунун мүчөсү. Исмаилий мазхабында ахли сүннөт душманы болуп жетилип чыккан. Эмгектери аркылуу ачык айкын жана айлакерлик менен Исламды бузууга, ахли сүннөт аалымдарын каралоого тырышууда. "Исламга кириш” жана "Ислам пайгамбары” деген китептеринде ката жолдогу пикирлерин таратууда. "Саба” сүрөсүнүн 28-аятында: "Сени бардык адамдарга пайгамбар кылып жибердим”, - деп айтылат. Ал эми, ал болсо бир гана мусулмандардын пайгамбары экенин көрсөткөн ат менен китеп жазган. Капырлардын көпчүлүгүнүн ишеними ушундай.

"Ислам пайгамбары” китебинде мираждын бир гана рух менен жүзөгө ашкандыгын айтып, өзүнүн ахли сүннөттөн эместигин билдирген. Ошол китепте: "Кыркка толгон бул адам элдерди тарбиялоого киришти”, - деп, Пайгамбарыбызга каршы адепсиз сөздөрдү колдонот. Пайгамбарыбыздын али пайгамбар экени билдирилбей туруп, кара бир койду буттардын алдында курмандыкка чалганы, бала кезинде карындашы Шайманын ийинин тиштеп алгандыгы сыяктуу жалгандарды "дин” деп жаза тургандай деңгээлде душмандыгын ашкерелейт. Хамидуллахты көптөгөн адамдар аалым деп эсептешет, бирок, анын китептери дыкаттык менен окулуп изилдене турган болсо, анын Исламга жана Ислам тарыхына христиан чыгыш таануучу жагынан кароого аракет кылгандыгы байкалат. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга кандай адептүүлүк көсөтүү керек экендигин билүү үчүн анын сахабаларын жакшы таануу керек. Согушта арстандай айбатуу, тынч замандарда ар илимдин чебери болгон асхабы кирамды таануу үчүн да ахли сүннөт аалымдарын таануу кажет.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш