Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Бир ишенимде болуунун мааниси




Бир ишенимде болуунун мааниси


Даанышман заттар айтышат:

Физика илиминде бир эреже бар: Плюс плюсту, минус минусту өзүнө жолотпой түртүп турат. Терс болгон нерселер бири бирине тартылышып турат. Эки киши бири-бирине "меники туура” деп отурса ортодо уруш чыгат, тынчтык кетет. Бири экинчисине "сеники туура” десе уруш бүтөт, тынчтык башталат. Аял-күйөө да бири-бирине "сеники туура” десе тынч жашоо болот. Экөө тең "меники туура” деп отурса тынч жашоо болбойт. Ал эми экөө тең бири-бирине "сеники туура” дей турган болсо эмне болот? Ал үйдө тынчтык өкүм сүрүп, илахи махабат сүйүү башталат.

Дос өтө маанилүү. Кимди сүйсөк ошолор менен бирге суракка алынабыз. Кандай жашасак ошондой өлөбүз, кандай өлө турган болсок ошондой тирилебиз.

"Куфув” деген сөз тең болуу дегенди түшүндүрөт. Анын динибизде маанилүү орду бар. Иште, күчтө, түгөйүн табууда теңдикти издөө керек. Башкача айтканда, бир ишенимде болуу, бирдей сүйүүдө болуу, бирдей максатта болуу керек. Буга көп көңүл буруу керек, себеби, бул иш өтө оор жана маанилүү. Себеби, пайдасы да зыяны да көп. Эки адам напсилеринин арзуулары аркасында бирге боло турган болсо мунун акыры жакшы болбойт. Бирок, акыл, дин жана ыйман менен бириге турган болсо өтө жакшы болот. Бирге иштеген адамдар менен, мамиле курган адамдар менен же үйлөнө турган адамыбыз менен бирдей түшүнүктө болбосок көп кыйынчылык тартабыз, себеби, ал башка бир жерге кетет, биз башка бир жерге кетебиз. Мунун аркасында өмүр бою тынчсыздык улана берет.

Мажнун жана анын төөсү

Бир күнү Мажнун Лейланы көрүү үчүн бекем чечим чыгарып, төөсүнө минип, Лейланын айылы тарапка жолго чыгат. Бирок, мындан эки-үч күн мурда төөсү тууп койгон эле. Мажнун жолго чыгар замат зикирге чөмүлөт. Төө дагы Мажнундун зикир менен алаксып калганын байкап, акырын сездирбестен артка кайрылып ботосунун жанына барат. Бир канча убакыттан кийин Мажнун өзүнө келип: "Кызык, мен каякка келип калдым?” - деп таң калат. "Ээ, Кудай, ошол эле жерде жүрөм, бул иште бир жаңылыштык бар, кана эми көрөлүчү деп, кайрадан Лейланын айылы тарапка салат.

Бир кыйла жол баскан соң кайрадан зикир менен алек болот. Төө муну байкаган соң тегеренип кайра ботосунун жанына келип алат. Мажнун бир убакыт өткөндөн кийин: "Мен кайда келдим экен, Лейланын айылына келдик бекен?” - деп эки жагын каранат. Дагы эле ошол жер. Бул иште бир нерсе бар дейт. Төөсүн каякка салбасын кайрылып ботосунун жанына келгендигин түшүнөт. Абалды түшүнгөн Мажнун төөгө: "Досум, сен өзүңдүн ашыгыңа күйүп-жануудасың. Мен болсо өз ашыгыма күйүп-жануудамын. Биз экөөбүз бирге боло албайбыз. Сен ботоңо ашык болсоң, мен Лейлага ашык болдум. Булар эки башка нерселер. Андай болсо, экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшө албайбыз, сен мында кал, мен болсо жөө кетейин дейт.

Демек, башка-башка түшүнүктөгү адамдардын бир максаттын аркасында биригүүлөрү өтө кыйын, биригүүсү мүмкүн эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш