Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Тааныбаган сүйө албайт




Тааныбаган сүйө албайт


Даанышман заттар айтышат:

"Дүнүйөнүн өзү эмес ага болгон сүйүү жаман. Таштын, топурактын, бак-дарактын, суунун эмне күнөөсү бар? Анык күнөө, балээнин баары - көңүлдү буларга байлап акыретти унутуу. Маселенин баары мына ушунда.”

Туш келген адамга «Намаз оку, окубасаң отто күйөсүң» деп айтуу ылайыктуу эмес, бирок, акырет жолчусу болгон момун адамга айтууга болот. Себеби, дүнүйө жолчусу болгон адам намаз окуса да, ажыга барса да жолдон таят. Алгач бара турган максатын белгилеп, жолун дүнүйөгө эмес акыретке буруп алуусу керек. Мунун жолу болсо - акырет жолчуларын сүйдүрүү. Көп адамдар Олуяларга болгон сүйүүнү ала албагандыктары жана Аллах сүйүүсүнө жете албагандыктары үчүн жолдон адашып кетүүдө, себеби, Аллаху тааланын сүйүүсүнө жетүү үчүн Анын сүйүктүү адамдарын табуу өтө маанилүү. Суу ичкиси келген адам дубалга эмес, дубалдан чыгып турган суу түтүгүнө барат. Эгер ушундай мубарек адамдарды башкаларга сүйдүрө алсак эң чоң жакшылыкты кылган болобуз. Ошондуктан, адамдарга Расулуллахтын мурасчыларын, б.а. Ахли сүннөт аалымдарын, Силсиле-и алиййа улуктарын таанытып түшүндүрүп, сүйдүрүү керек.

Имам Раббани же Мевлана Халид Багдади хазреттери сыяктуу улуу заттарды түшүндүрүп жатканда аны угуп отурган адам да аларды жакшы көрүп кала турган болсо иш аткарылган болот, себеби, улуулар айтышат: "Олуяны жакшы көргөн адам олуя болот.” Олуя болот деген сөз - Аллахтын досу болот деген сөз. Андан кийин, албетте, достор менен хашр болот. Олуя заттарды сүйө алуу үчүн аларды таануу керек. Тааныбай туруп сүйүү болбойт. Бири эшиктин алдынан өтө турган болсо, анын үстүнө ал дагы чөң аалым боло турган болсо, бирок, аны көргөн адам тааныбаса кайдан билсин? Ошон үчүн мубарек бир зат айтат: "Мен устазымды тааныбаганымда, устазым да мага Метубаты Раббанини мага түшүндүрүп бербегенде, мен дагы бул китепти колума ала турган болсом ары жагын, бери жагын карап, бул китепти түшүнө албадым деп таштап коер элем. Ал тургай, кээ бир бөлүмдөрүнө эч акылым жетчү эмес, балким, тажап да кетер элем. Бирок, устазым мага аны ушунчалык жакшы түшүндүрдү, Мектубатка жана Имам Раббани хазреттерине бизди ашык кылды. Мен болсо тажабай окудум. Мектубаттын ар бир сабында жашоо таптык.

Азыр Халиди Багдади хазреттери Багдатка келсе, көчөлөрдү кыдырса эч ким аны карабайт, себеби, көрүшөт, бирок, таанышпайт. Ошон үчүн динибизде көрүү эмес таануу маанилүү.

Исламиятты түшүндүрүүнү каалаган адам Пайгамбарыбызды түшүндүрүүсү керек. Пайгамбарыбызды түшүндүрүүнү каалаган адам Анын мурасчылырын түшүндүрүүсү керек. Анын мурасчылырын түшүнгөн, тааныган адам Расулуллахка ашык болот. Ага ашык болгон адам Аллаху таалага ашык болот. Болбосо, эч бирин тааныбастан түз эле Аллахты сүйөм деген адам кимди сүйөт? Ал өз напсин сүйөт. Тааныбаган нерсесин кантип сүйсүн? Өзүн жакшы көрүп тургандыгын байкаган да жок, себеби, бул булбулдун үнүн же көл жээгин же кооз бакчаны сүйүү сыяктуу эмес. Аллаху тааланы таануунун жолу тааныгандарды таануу жана аларды сүйүү болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш