Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Улуу заттарга рахмат




Улуу заттарга рахмат


Даанышман заттар айтышат:

Имам Раббани хазреттери сыяктуу улуу заттардын акылары эне-атанын акысынан да биринчи турат. Эгер улуулар Ахли сүннөт вал жамаат ишенимин үйрөтүшпөгөндө кайсы бузук ишеним менен жашап жүрмөкпүз ким билет. Айрыкча, динибизге кызмат кылууга аракет кылган салих Мусулмандар жана өтө баалуу адамдар болмок эмес. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Силер мусулман болуудан мурда бири-бириңерге душман элеңер, Мусулман болгондон кийин Ислам жакшылыгы менен көңүлдөрүңөр бири-бириңерге жылыды, [бири-бириңер үчүн жандарыңарды курман кыла турган абалга келген] дин бир тууганы болдуңар. [Бул жакшылык силерге жетпейби?]”

Эгер улуу заттар жана кылган эмгектери болбогондо бири-бирибизди Аллах үчүн сүйүүдөн, Ал ыраазы болгон түрдө динибизге кызмат кылуу тууралуу кабарыбыз болмок эмес. Ошондуктан, динин үйрөткөн устаз акысы эне-ата акысынан да баалуу. Ооба, эне-ата биз үчүн көп кыйынчылыктарды тартышкан болсо да, өлгөндөн кийин эмне болот? Себеби, эне-атадан алынган ыйман адамды акыретте куткарбайт. Курани каримде: "Эй, ыйман келтиргендер, ыйман келтиргиле!” – деген мааниде буюрулууда. Бул жердеги "Ыйман келтиргендер, ыйман келтиргиле!” деген сөз эмне? Мааниси "эне-атаңардан үйрөнгөн Исламиятты эми бир муршиди камилден (жол көрсөтүүчүдөн) же анын китептеринен туура, кемчиликсиз үйрөнүп, ушундайча мени тааныгыла, буйрук жана тыюуларыма баш ийип, чыныгы ыйманга жеткиле!” деген сөз.

Улууларыбызга рахмат айтуу жана дубаларын алуу үчүн ушул үч нерсеге уйууга аракет кылуубуз керек:

1- Китептерин окуубуз керек: Себеби, эң чоң жакшылык - туура ыйман, башкача айтканда, Ахли сүннөт ишеними. Ал болсо туура абалында улууларыбыздын китептеринде бар. Илимсиз дин болбойт, сөз менен мусулмандык болбойт. Улууларыбыздын китептери бизге дүнүйөдө да, акыретте да жетет. Башка эч бир нерсеге муктаж болбойбуз.

2- Китептерин жаюубуз керек: Ал баалуу китептер китепчелерде туруу үчүн эмес, окулсун, амал кылынсын деп жазылган. Бул китептерди жайбай турган болсок күнөөгө киребиз.

 

3- Бири-бирибизди сүйүүбүз керек: Себеби, напсинин жана шайтандын максаты момундардын ортосун бузуу, аларды бөлүп-жаруу болуп саналат. Напсибизди эмес дин боордошубузду тандашыбыз керек. Аллаху таала бири-бирин сүйгөндөргөн ырайым кылат, сүйгөндөрү менен бирге Жаннатка киргизет. Андай болсо кимдерди сүйүшүбүз керек экендигин билишибиз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш