Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сараң киши эң көп кимди жакшы көрөт




Сараң киши эң көп кимди жакшы көрөт


* Сараң кишинин эң көп жакшы көргөн адамы – мурасчылары. Өзү да жебейт, башкаларга да жедирбейт. Бир гана мурасчыларына сактайт.

* Адам менен айбандын ортосунда калб (көңүл) жана рух деген айырма бар. Адам ашраф-и махлукат (макулуктардын эң кадырлуусу) болуп жаратылды. Күзгү сыяктуу, күзгүнүн жалгыз гана айнеги ишке жарабайт, күзгүнүн кызматын аткара албайт. Аркасындагы заттар дагы жалгыз бир нерсеге жарабайт. Экөө бириккенде гана ишке жарайт, алдында турганды чагылтып көрсөтө алат. Дене жалгыз ишке жарабайт. Ал жаныбарларда дагы бар. Дене калб (көңүл) жана рух менен бирге болгондо гана Аллаху тааланы таанууга ылайыктуу абалга келет. Жүрөк менен калб (көңүл) эки башка нерселер. Калб (көңүл) маневи (моралдык) латифа болуп саналат.

* Итикад (ишеним) өтө маанилүү. Ишеними бузук болгон адам динибиздин бардык буйруктарын орундаса, тыюу салган нерселеринен качса, таңга чейин зикир чалса бул адамдын Жаханнамга барбоо ыктымалы жок. Сөзсүз Жаханнамга кирет.

* Спирт ичимдик ичкен, диндин буйруктарын орундабаган күнөөкөр адамдын ишеними туура болсо бул адамдын Жаханнамга кирбөө ыктымалы бар. Тооба кылып же Аллаху таала кечиримине ээ болуу менен Жаханнамга кирбей калышы мүмкүн. Бирок, ишеними бузук болгон адам ишениминин бузуктугун билбегендиктен тообо да кылбайт.

* Акмак адам менен достук курба! Андан өзүңдү сакта! Акылдуу досун куруткан канчалаган акмактар болот! Адам досу менен өлчөнөт. Көңүлдөр кезигишкен кезде бири-бирине таасири болот. Кимден тартынган, уялган болсоңор ошол адамдар менен достук куруу аркылуу амалдарыңарды кооздогула!

* Абайла, бой көтөрүп, текеберленбе! Мындай адамдарга да суктанба. Себеби, Аллаху таала текеберленген ар бир адамды кор кылат, маскара кылат. Кечиргендигиң үчүн эч качан өкүнбө, жазалагандыгың үчүн кубанба!

* Кечирүү фазилат. Аманатка кыянат кылбоо ыймандан, күлүмсүрөп жарык жүздүү болуу ихсандан. Чынчылдык куткарат, жалгандык балээге сүйрөйт. Канаат адамды бай кылат, орунсуз колдонулган байлык кутуртат. Дүнүйө жалгандык кылат, кумар алдайт. Лаззат алаксытат, напсинин арзуулары төмөндөтөт. Көралбастык кемирет, жек көрүүчүлүк чөгөрөт.

* Аалым – сөзү ишине дал келген адам. Аалым илимге тойбойт.

* Акылдуу адам – акыретти дүнүйөгө алмаштырбаган адам.

* Чыныгы момундун сүйүүсү, ачуулануусу, бир нерсени алуусу, бир нерсени кылуусу, бир нерсени таштоосу баары тең Аллах үчүн болот.

* Аллахтын азабынан коркуу - такыбаалуу адамдардын белгиси.

* Көралбастык кылган адам дайыма оорулуу, сараңдык кылган адам дайыма кедей болот.

* Сарамжалдык жана канаат кылгыла, себеби, булар моюн бүгүп калуу кордугунан дагы жеңил жана жакшыраак.

* Аалым жахил (сабатсыз) адамды дароо тааныйт, себеби, мурда ал дагы жахил болгон. Жахил адам аалымды тааныбайт, себеби, ал мурда аалым болгон эмес.

* Ачуулануу – тутандырылган от сыяктуу. Адам ага ээ болбосо биринчи өзү күйөт.

* Аллах үчүн тууган болгондордун сүйүүсү бул сүйүүнүн себепкери дайыма бар болгондуктан улана берет. Дүнүйө үчүн тууган болгондордун сүйүүсү бул сүйүүнүн себепкери дайым болбогондуктан кыска болот, бир убак келет, бүтөт.

* Дүнүйө – момунга капас, өлүм – капастан чыгуу, Жаннат болсо – көңүл аччу жери.

* Кылган бир күнөө менен мактануу ал күнөөнү кылуудан да жаман.

* Ким өзүнүн бузук абалын оңдосо, өзүн көралбагандарга мүмкүнчүлүк бербеген болот.

* Күнөө кылып жатканда алсыздык көрсөтпөгөндөй эле тообо кылууда дагы алсыздык көрсөтпө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш