|
|
 |
 |
Түн келбей турчу күн
- Бир нече
күндүк убакытты чоң нимат деп билип, Аллаху таала жактырган нерселерди
аткарууга аракет кылуу керек.
- Бардык
иштердин натыйжасынын жакшы жана пайдалуу болуусу үчүн эки шарт бар: Сабыр
жана ыклас. Адам баласын мына бул эки нерсе кыйраткан: Аброй
арзуусу, кедейлик коркуусу.
- Аллаху таала бир момун кулунун тилин кечирим суроо
үчүн ачкан кезде аркасынан кечирим эшигин ачат.
- Атак-даңкты сүйгөн адам Аллаху тааладан коркпойт.
- Канчалаган сүйүнүчтөр бар акыры кайгы, канчалаган
кайгылар бар акыры кутулуу.
- Момун бир тууганын таңдан кечке чейин таарынтпаган
адам ошол күнү кечке чейин Пайгамбарыбыз менен бирге жашаган болот.
- Кичине балдарды сүйгүлө, башын сылап эркелеткиле!
Аларды кубантсаңар Пайгамбарыбыздын (алейхиссалам) буйругун орундаган
болосуңар!
- Кайсы жерде болсоңор да, эмне кылсаңар да Аллаху
таала силерди көрөт. Ошондуктан, тыюу салынган жерлерде эмес буйрук кылынган
жерлерде болгула!
- Өмүрлөрүн гафилдик кылып (Аллаху тааланы унутуп),
кулдук вазыйпасын аткарбай, ибадаттан куру калган аси адамдардын абалдары
боор оорутарлык.
- Күнөөлөргө тообо кылууну кечиктирүү – Аллаху
таалага карата текебердүү болгондук.
- Акылдуу адам жакшы нерсени көргөндө ага жакындаган,
жаман нерсени көргөндө андан алыстаган адам.
- Чарасыз адамдарга жардам кылуу, мээрим көрсөтүү –
Расулуллахтын сүннөтү. Каерде бир бечара көрсөң ага карата мээримиңен улам
көз жашың агышы керек.
- Аллаху тааладан алыстаган адам бузук жолдорго
түшөт.
- Көркөм мүнөз – бул Аллаху тааланын тагдырына ыраазы
болуу.
- Күнөөлөр Аллаху тааланы унуттурат. Бул болсо
жүрөктүн катуулашуусуна себеп болот. Жүрөктүн катуулашуусу адамды Аллаху
тааладан алыстатат. Аллаху тааладан алыстык болсо Жаханнамга алып барат.
- Ар бир деңиздин жээги менен акыры, ар күндүн түнү
бар. Аркасынан түн келбей турчу күн – бул Кыямат күнү.
- Адеп эки бөлүктөн турат: Көңүлдү тазалоо, дене
мүчөлөрдү жамандык кылуудан жана күнөө кылуудан коргоо.
|
|
|
 |
 |
|
|
|
|
|
|
Имсак |
|
Күн |
|
Бешим |
|
Асыр |
|
Шам |
|
Куптан |
|
|
|
|
|
 |
|
|
|
|