Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Эки нерсени издейсиңер, бирок, таба албайсыңар




Эки нерсени издейсиңер, бирок, таба албайсыңар


  • Жаштыктын кадырын карылар, тынчтыктын кадырын тынчсыздар, ден-соолуктун кадырын ооругандар, өмүрдүн кадырын өлгөндөр билет.
  • Кылган күнөөлөрүңөрдү жашырганыңар сыяктуу кылган жакшылыктарыңарды дагы жашыргыла!
  • Напсинин алдануусуна, дүнүйөнүн жалганчы жана өткүнчү даамына берилген адам жакшылыктын даамын сезе албайт. Дүнүйөгө берилбеген адам менен достук кургула.
  • Чыныгы сүйүү жакшылык көргөндө артпаган, жамандык көргөндө кемибеген сүйүү.
  • Эки нерсени издейсиңер, бирок, таба албайсыңар. Булар – көңүл ачуу жана ырахаттык, экөө тең Жаннатта болот.
  • Жакшы кошуна болуу бир гана кошунага кыйынчылык тарттырбоо эмес, кошунадан келе турчу кыйынчылыктарга да чыдоо болуп саналат.
  • Жылан жанды алат, жаман дос болсо жаныңан да, ыйманыңан да ажыратат.
  • Салих мусулмандын корккон нерсеси бирөөнүн көңүлүн оорутуу. Өлгөн адамдын тирүү адам менен араздашканын көрдүңөр беле?
  • Абдулхалык Гиждувани хазреттерине бир жаш жигитти макташат. Буга кызыгып зыярат кылып барат. Бираз сукбатташкандан кийин жаш жигит айтат: "Раббимдин ыраазылыгы Жаханнамга кирүүмдө болсо кирем.” Абдулхалык Гиждувани хазреттери айтат: "Сенин ишиң бүткөн экен! Себеби, дайыма "мен" деп сүйлөйт экенсиң. "Мен" деп сүйлөө напсиден болот.”
  • Ийгиликке жетти деп кылган нерселеринин пайдасын акыретте көргөн адамды айтат.
  • Напси эч бир душманга окшобойт. Себеби, ал түптүз Аллаху таалага душман.
  • Аллахтан эң көп корккон адамдар – Аны билген адамдар. Илим арткан сайын коркуу артат.
  • Олуя заттардын рухтарынан алар тирүү кездеринде фейз алынгандыгы сыяктуу кайтыш болгондон кийин да фейз алынат. Кайтыш болгондо андан да көп фейз беришет. Бир гана аларга болгон сүйүү болуусу керек... Ахли сүннөт итикады болсун, харам кылбоо болсун жана дагы намаздарды туура окуу бар болсо фейз токтобостон көбөйө берет.
  • Бир адамга Исламиятты түшүндүргүсү келген адамда мына бул үч нерсе болуусу шарт, эгер болбосо өзүнө дагы, каршы тарапта турган адамга да зыян берет: 1) Каршы тараптагы адамдын динин билүүсү керек. 2) Дүнүйөсүн билиши керек. 3) Исламиятты жана илм-и сиясатты билиши керек.
  • Билүү кылуу үчүн болот.
  • Мустахабдарды орундоодо бош мамиле кылган адам сүннөттөрдү орундай албайт. Сүннөттөрдү орундоодо бош мамиле кылуу фарздардын кылынуусун кыйындатат. Фарздарда бош мамиле кылган адам марифатка, Аллаху тааланын ыраазылыгына жете албайт.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш