Беш чоң сыноо


Даанышман заттар айтышат:

Кыямат күнү ушунчалык коркунучтуу болот, боюнда бар аялдардын боюнан түшөт. Ал күнү асман жарылып, жылдыздар тарайт, жер жүзү жана тоолор талкаланып жок болот. Бир пенде ал күнгө кантип даярдыгын көрбөсүн? Алдыбызда беш чоң сынак бар:

Акыркы дем: Канчалаган аалымдар акыркы демде ыймансыз кетишкен. Суфйан-ы Севри хазреттери үч устазы ыймансыз кеткендиктен кайгыдан улам жаш кезинде эле бүкүрөйүп калган. Пайгамбарыбыз: "Акыркы сөзү "Ла илаха иллаллах, Мухаммедун Расулуллах” болгон Жаннатка кирет”, - деп айткан. Муну айтпай, "Акча” десе, б.а., акча үчүн динин таштаган болсо, "Доктур, мени куткар” десе, б.а., шифааны доктурдан күтсө Жаханнамга кирет. Шафааттардын, сүйүнчүлөрдүн бардыгы акыркы демде ыйман менен өлгөндөр үчүн.

Кабыр сурагы жана азабы: Суроо периштелерине жооп катары кабыр сурактарын жана жоопторун үйрөнүү керек. Хадиси шарифте: "Кабыр - Жаннат бакчасы же Жаханнам чуңкуру”, - деп айтылган. Кабыр азабы рухка жана денеге дагы болот.

Махшар азабы: Махшарда күн бир найза бою төмөндөйт. Түптүз чөлдө ар ким өз күнөөсүнчөлүк кыйынчылык тартып, эсебинин кылынуусун күтөт. Ошол азаптуу күндө бир топ адам учуп келип Арштын алдында көлөкөлөнөт. Булар Мухаммед алейхиссаламдын үмөтүнөн болуп бул дүнүйөдө бир гана Аллах үчүн бири-бирин жакшы көргөн мусулмандар болот.

Махшардын убактысы элүү миң акырет жылы. Акыреттин бир күнү дүнүйөнүн миң жылына барабар. Мавлана Халиди Багдади хазреттери: "Бул жолдун улууларын таанып, алардын жолунда жүргөндөр үчүн махшар мөөнөтү Арштын көлөкөсү алдында, серүүн суулардын жанында эки рекет намаз окуганчалык убакыт болот”, - деп билдирүүдө. Бул сүйүнчүгө ээ болуш үчүн дин улуктарын Аллах үчүн жакшы көрүп, бул жолдо колдон келишинче кызмат кылуубуз керек.

Тараза: Сооп жана күнөөлөр тартыла турчу таразада ал жерге кул акысы менен келе тургандардын зыянга учурай тургандыгы, соопторунун акы ээлерине бериле тургандыгы, эгер алар дагы жетпей турган болсо акы ээлеринин күнөөлөрүнүн аларга жүктөлө тургандыгы жана Жаханнамга ыргытыла тургандыктары хадиси шариф менен билдирилген.

Сырат көпүрөсү: Расулуллах алейхиссалам: "Акыретте сырат көпүрөсүндө ар мусулманга ыйман, намаз, орозо, ажылык, зекет, гусул жана кул акысы болуу менен бирге жети суроо суралат. Буларга жооп берген Жаннатка кирет”, - деп айткан. Жооп бере албагандардын абалы өтө жаман болот. Курани каримде: "Силер дароо эле жеңил желпи Жаннатка кире тургандыгыңарды ойлоп жатасыңарбы?” – деген мааниде айтылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш