Аллахтын ачуусу


Даанышман заттар айтышат:

Акчаны жакшы көргөн байлар чындыгында бечара болушат, алар кыйынчылыктын как ортосунда өмүр сүрүшөт. Көбү уйкусун, көбү акылын дагы жоготот. Өтө бай бир соодагердин: "Жылдар бою бир да жолу ырахаттанып тынч уктай албадым. Акчалар көз алдыма келген кезде аларды ойлоодон, эсептөөдөн улам уйкум качат, дары ичсем дагы уктай албайм”, - дегени риваят кылынат.

Дагы башка бир бай соодагер окулган эски гезиттерди жыйнап, акчанын көлөмүндөй кылып кесип, тутам-тутам кылып текчеге тизчү экен. Өмүрдөгү мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгаргандыгы үчүн, анын үстүнө акылынан дагы тайгандыгы үчүн өзүн ушинтип алаксытууга аракет кылчу экен. А бирок, "Аллах” дей турган болсо иши орундалмакчы. Аллаху таала: "Көңүлдөр бир гана Аллахты зикир кылуу менен ырахаттыкка жетет”, - деп айтууда. Башкача айтканда, силер ырахат уктап, ырахат иштеп, тынчтык таап, дүнүйө жана акыретте ырахаттыкка ээ болгуңар келсе бул силердин бир гана "Аллах” дегениңерге байланыштуу. Аллах жолунда дүнүйө менен алектенүү, илмихал окуу, намаз окуу, Курани карим окуу мунун ар бири зикир жана көңүлдүн шыпаалууу дарысы болуп саналат. Салих мусулмандар менен бирге болуу дагы көңүлгө шыпаа.

Эски үммөттөргө гадаб-ы илахи (Аллахтын ачуусу) дароо келчү. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” ааламдарга ырайым болуп келгендиктен Анын үммөтүнө Аллаху таала бул жалпы балээни берген жок. Кулдарына мөөнөт берүүдө, тообо кыла турган болсо кечирүүдө. Бул мээрим Пайгамбарыбыздын урматынан улам болууда.

Иса алейхиссалам хаварилери менен бир айылга барат. Карашса туш тарапта өлүп жаткандарды көрүшөт. Бири терезеден салаңдап турган болот, бири эшиктин алдында, бири жолдо... Хаварилерден бири: "Бул кандай абал, йа, Набийаллах?” – деп сураганда Хазрети Иса: "Бул гадаб-ы илахи”, - деп айтат. Хаварилер: "Йа, Набийаллах, булар кандай күнөө кылышты экен?” – дешкенде, Иса алейхиссалам Аллаху таалага муну арыз кылат. Аллаху таала: "Алардын бирөөсүнөн сура, айтсын”, - деп буюрат. Сураган киши туруп: "Йа, Набийаллах, биз, бул айылдыктар жоготуп алган беш-он тыйыныбыз үчүн баласын жоготкон бир эненин азабы сыяктуу ыздырап тартып ыйлачу элек, ушунчалык дүнүйөгө берилип кеткен элек. Беш-он тыйын тапсак бир эненин жоголгон баласын тапкандай кубанчу элек, Аллахты эч эске алчу эмес элек. Мына, дүнүйөгө болгон бул сүйүүбүздөн улам, ага баш-аягыбыз менен берилгендигибиз үчүн Аллаху таала бардыгыбызды курутту”, - дейт. "Сенден башка бул жерде эмне үчүн эч ким сүйлөбөй жатат?” – деп сураганда: "Алар сүйлөй алышпайт. Аллаху таала бардыгын Жаханнамга таштады. Мен бул жердик эмесмин, башка айылдан келдим, бирок, булар менен бирге болгондугум үчүн мен дагы бул балээге дуушар болдум. Дагы кандай жаза келет экен деп күтүүдөмүн”, - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш