Жаннат болгон үй


Даанышман заттар айтышат:

Пайгамбарыбыз "алейхиссалам”: "Адамдардын кайырлуусу – адамдарга пайдалуу болгону, адамдардын жаманы – адамдарга зыяндуу болгону”, - деп айткан.

Күнөөлөр эки бөлүктөн турат: Биринчиси – Аллаху таала менен кул арасындагы күнөөлөр. Экинчиси – кулдардын арасындагы күнөөлөр, б.а., кул акысы. Имам Раббани хазретлери: "Бир момундун үстүндө аз гана кул акысы болсо бул кул акысынан кутулмайынча, адалдашып-кечиришмейинче бардык пайгамбарлардын ибадаттарын орундаса дагы Жаннатка кире албайт”, - деп айткан.

Ахли сүннөт аалымдары: "Кул акысын сактай албай турган адам үйлөнбөөсү керек”, - деп айтышкан. Үйлөнө турган болсо билсин, үйлөнө турчу аялы - Аллаху тааланын кулу. Кул акысын жебеш үчүн каршыда турган адамдан курмандык күтпөстөн өзү курман кылууга даяр болуусу керек. Ошондуктан, адам алгач өзүнөн берүүсү керек. Өзүнөн бербестен башка биринен бир нерсе күтүү же суроо жакшы эмес. Булар үйлөнгөн мусулмандарга осуят, насыят. Үйлөнө турчу адамдардын кулактарына алтын сырга болуусу керек. Кутулуу же балээге түшүү бул чечимге байланыштуу. Аял – Аллахтын пендеси. Кул же туткун эмес. Ал - мусулман. Чачы-башын жаап, намазын окуп жаткан болсо Жаннаттан дүнүйөгө түшкөн жакшылык болуп саналат.

Чектен чыгышпаса

Бир зат сухбатында: "Салиха аялга дүнүйө иштери үчүн сөз айтпаш керек”, - деген кезде ошол жердегилердин бири таң калып: "Устаз, бир нерсе айтпоо мүмкүнбү?” – деп сурайт. Ал зат айтат:

"Мүмкүн болбосо бул айтылбайт. Кылбаган нерсени айтуунун күнөөсү бар. Чындыгында, Аллаху таала Курани каримде мындай мааниде буюрууда: "Сен кылбаган нерсеңди каршыңдагыга кантип айтасың?”. Биз өтө жакшыбыз, кыйынчылык жок, эмне үчүн? Мусулмандыкты жашагандыгыбыз үчүн. Аялым да мусулмандыкты жашап жатат, мен дагы. Ал дагы кул акысын билет, мен дагы. Ал дагы өзүнө тийиштүү вазыйпаларын билет, мен дагы. Натыжада эмне болот? Ансыз деле, адеп – бул ар кимдин өз чегин билүүсү, ал дагы өз чегин билет, мен дагы өз чегимди билем, чегимди ашып тебелебейм, чекти ашуу болбосо бардык жер гүл, гүлистан болот.”

Хазрети Али: "Ынтымак бар үй – Жаннат, ынтымаксыз үй - Жаханнам”, - деп айткан. Напсинин каалоолорун орундоо үчүн турмушубузду Жаханнамга айлантуу акылдуу адамдын кыла турчу иши эмес. Динге каршы иш кылып, кул акысын жеп, дүнүйөсүн Жаханнамга айланткан адам акыретин дагы жоготкон болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш