Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ийгиликтин себеби жана даражысы




Ийгиликтин себеби жана даражысы


Даанышман заттар айтышат:

Тарыхта мусулмандардын ийгиликтүү болууларынын себеби изилдене турган болсо мунун динге моюн сунууга байланыштуу экендиги көрүнөт. Ийгиликтин даражасы динибизге моюн сунуунун даражасынан көз каранды. Ким динге канчалык баш ийсе ал ошончолук ийгиликтүү болот. Толук баш ийген толук ийгиликтүү болот. Динибизде эмне кандай кылынат бардыгы белгилүү. Буларды кемчиликсиз орундаган адамдын ийгилиги ошончолук көп болот.

Көп ийгиликтүү болгон мезгилдердеги мусулмандардын кээ бир өзгөчөлүктөрү мындай болгон:

1- Алар диндүү-динсиз бардык адамдарга мээрим көрсөтүшкөн. Аллах үчүн душмандык кылуу жагдайлары албетте мындан сырткары. Динге душмандык кылган болсо аларга карата катуу болушкан. Чындыгында, Аллаху таала Курани каримде Асхабы кирамды мактап жатып: "Алар бири-бирин өтө сүйүшөт, бири-бирине өтө мээримдүү, бирок, Аллах душмандарына карата абдан катуу болушкан”, - деп билдирүүдө.

2- Бир дене сыяктуу болушкан. Денеде баш дагы, кол дагы, бут дагы болот. Бир мүчөнүн ооруусу бардык денеге таасир кылат. Ийгилик бул дененин ден-соолуктуу болуусуна байланыштуу.

3- Бир көңүл сыяктуу эле. Бир ишенимде болушкан, ошол эле кубаныч менен кайгыны бирдей сезишчү эле.

4- Максаттары бирөө гана болгон. Ал – Аллаху тааланын ыраазылыгы эле.

5- Амирге (башкаруучуга) баш ийип, көтөрүлүш кылышчу эмес. Фитна, бүлүк чыгарышчу эмес.

6- Бир киши болсо да отто күйбөсүн деп күнү-түнү эмгектенишер эле.

7- Динибизге баш ийүүдө өтө дыкаттуу болушкан.

8- "Биздин айыбыздан эч ким Жаханнамга кетпей тургандай жашайлы, Аллахтын кулдары бизге дуба кылышсын, баддуба кылышпасын (каргашпасын)”, - дешчү.

9- Жалган сүйлөшчү эмес, гыйбат, ушак-айың кылышчу эмес. Бири-бирине дуба кылышчу. Бир адамдын артынан андан пайда күтпөстөн дуба кылуунун кабыл боло тургандыгын билишчү.

10- Жакшылык кылууга, дуба алууга абдан маани беришчү.

Садага балээни кайтарат. Дуба болсо каза жана тагдырды өзгөртөт. Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбызга "саллаллаху алейхи ва саллам” келип бир жаш жигиттин ошол түнү өлө тургандыгын кабар берет. Пайгамбарыбыз ал жаш жигитти чакырып кандай арзуу-тилеги бар экендигин сурайт. Ал жаш жигит үйлөнгүсү келгендигин айтат. Дароо үйлөндүрүлөт. Ошол түнү жаш жигит жана жубайы намаз окуп дуба кылышат. Өздөрү үчүн даярдалган тамактарды жейли деген кезде эшикке бир кедей келип тамак сурайт, тамактын бардыгын ага беришет. Кедей адам абдан кубанып, дубасын берип кетет.

Таң атат. Пайгамбарыбыз ал жаш жигиттин өлүм кабарын күтүп турган эле. Эч бир кабар келбеген соң бирөөнү жиберет. Ал кабарчы жаш жигиттин тирүү, көңүлү жайдары аман-эсен экендигин айтып келет. Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбызга келип жаш жигиттин түнү бир кедейге өзү жей турган тамагын бергендигин, кедей болсо дуба бергендигинен улам Жанабы Хак ал жаш жигиттин өмүрүн узарткандыгын билдирет. Жаш жигиттин төшөгүндөгү жаздыктын алдын кароолорун буюрат. Жаздыгынын алдында өлгөн чоң жыланды табышат. Берген садага жана кедейдин дубасынын себеби менен жыландын жаш жигитти чага албагандыгын түшүнүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш