Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Чыныгы шүгүр кандай болот




Чыныгы шүгүр кандай болот


- Көңүлүнө васваса келген адам - илгериде чоң даражаларга ылайык адам.

- Расулуллахтын балдары башыңардан төмөн карай ыпластык төксө да анын алдында турганда көңүлүнө тийбөө үчүн тазалоого белсенбегиле.

- Дүнүйө өмүрү Жаннатка окшобойт, бирок, Аллаху таала Жаннат бакчасына окшош бакча насип кылат, анын белгиси – зикир кылган тил, шүгүр кылган көңүл, жетеринчелик тиричилик, ырахат тура алчу үй, анан да түшүнүшө алчу өмүрлүк жолдош.

- Акмактык пайда менен зыянын билбестик, оңун-солун билбестик, жакшы-жаманды айырмалай албастык болуп саналат. Жаханнамга кирген адам акмактыгынан улам кирет, жардан кулабоосу үчүн жүз миңдеген жип узатылууда.

- Ибадаттарды лаззат алып жатабыз деп орундабагыла, Аллаху тааланын буйругу болгондугу үчүн орундагыла.

- Напси баарынан жогору болгусу келет, энеден да, атадан да, устаздан да. Напсинин бир алсыз жери бар, өз баласын өзүнөн жогору жана жакшыраак көргүсү келет.

- Амри маруф нахйи мункар (жакшылыкка үндөө, жамандыктан кайтаруу) албетте өтө сооптуу, бирок, үч шарт менен болуусу керек: 1-Билүү (Илим ээси болуу), 2-Ал нерсени жеке өзүнүн да орундоосу, 3- Амри маруф нахйи мункарды жумшактык менен кылуу.

- Аллаху таала сүйгөн адамдардын төрт өзгөчөлүгү бар:

1- Халалдан табышат, ичкен-жегендери халалдан.

2- Жөнөкөй болушат, эч качан текебер болушпайт.

3- Көркөм мүнөздүү болушат.

4- Бардык адамдар менен тил табыша алышат, жүздөрү жарык.

- Напсинин азыгы – харам иш кылуу, напсиге бул азыкты бербестен динибиз уруксат берген нерселерди берүү менен алаксытуу керек, жада калса, алдоо керек. Напси мышыктын чычканды тешиктен чыгуусун күткөндөй күтөт, унутпайт.

- Үй-бүлөдө тил табыша албоонун булагы – аял жана эркектин бири-биринин укугуна маани бербестик.

- Таттуу тил – мусулмандын кооздугу, адилеттик – кул акысынын негизи, адилеттик болбосо тынчтык болбойт.

- Чыныгы шүгүр бардык нерседе Пайгамбарыбыздын "саллаллаху алейхи ва саллам” ахлагы менен сыймыктануу аркылуу болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш