Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Жаннатка мусулман гана кирет




Жаннатка мусулман гана кирет


• Капырлар зулумдук менен өлтүрүлсө дагы Жаннатка кирбейт. Жаннатка кирүүнүн шарты – мусулман болуу.

• Адамды куфурга (ыймансыздыкка) алып барган күнөөлөрдүн башында текебердик турат.

• Пайдасыз нерселер менен алектенгендерди Аллаху таала сүйбөйт.

• Харамга умтулуу тарпка умтулуу сыяктуу.

• Маданият бул техникада өнүгүү эмес, техника мүмкүнчүлүктөрүн адамдардын жакшылыгы үчүн колдонуу болуп саналат. Маданият – тамири билад, тарфихи ибад. 

• Соңу бар бир нерсеге жетүү үчүн соңу болбогон нерсени берүү акылдын иши эмес.

• Дүнүйө – харамдар жана макрухтар.

• Дем алуунун саны белгилүү. Көбөйбөйт, кемибейт. Авария, приступ, жана башкалардын баары бул иштин шылтоосу.

• Мин гайри хавлин минна вала куввах... өтө жакшы дуба, менден эмес, мени менен байланышы жок, менин кудуретимдин, эмгегимдин сыртында дегенди билдирет. Мисалы, тамак жеп жатабыз, фасоль кимдерден өтүп келүүдө. Эгилип, кайра орулуусуна чейин эч биринен кабарыбыз жок. Алдыбызга келет, жейбиз. Ырыскы адамдын, адам ырыскынын артынан жүгүрөт. Бири-бирин издеп табышат. (Бул дубанын толук түрү дубалар жана маанилери деген бөлүмдө бар.)

• Биринин мал-мүлкүн жашыруун алуу уурулук, билип туруп алган болсо тартып алгандык болот. Ал акча берилмейинче өлгөнгө чейин токтобостон күнөө жазылат. Акылга сыяр иш эмес. Мындан сырткары мына бул күнөө дагы бар, эгерде бул мал-мүлк, акча алынбаган болгондо жана аны менен кайырлуу бир кызмат кылынмак болгондо буга тоскоол болгондугу үчүн уурулук жана тартып алуу деген күнөөгө ушул күнөө дагы кошулат. Кул акысы өтө маанилүү. Ошодуктан, өлсө өлүп, бирок, башка биринин акысын жебегиле.

• Суизандан (башка бирөөлөр тууралуу жаман ойдо болуудан) сактангыла. Башка күнөөлөргө да себеп болот. Эң коркунучтуу күнөөлөрдөн болуп саналат. Себеби, суизандын тообосу болбойт. Адам суизан кылгандыгын билбегендиктен тообо кылбайт. Тообо кылынбаган күнөөнүн жазасы болсо – Жаханнамдын оту.

• Момун – азык сыяктуу болуусу керек. Ага дайыма муктаждык болуу керек.

• Силерге келген жакшылыкка себепчи болгон адамга рахмат айтмайынча ал нимат үчүн кыла турчу шүгүрүңөрдү Аллаху таала кабыл кылбайт.

• Куфурдан кийин эң чоң күнөө – көңүл оорутуу. Капырдын дагы көңүлүн оорутпагыла.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш