Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Ниет алтын сыяктуу




Ниет алтын сыяктуу


Ыклас – мен Раббимен каалаймын, мен Раббиме ишенемин, бардык нерсени Раббим  үчүн кыламын дегенди билдирет.

Дүйнөдө эки грамм алтын алуу үчүн эки тонна топурак эленет. Акыретте да ушундай. Ниет алтын сыяктуу. Көп амал эмес, ыкластуу амал зарыл. Ушунчалык көп амалда дайыма ниет изделет, ниетке каралат, Аллах үчүн болгондор тандалат, башкалары ташталат.

- Эч качан, эч качан  "мен акымды акыретте сенден аламын" дебегиле. Дүйнөдө кичипейилдик менен халалдашууга аракет кылгыла. Канчалаган аласам бар дегендер ал жерде карыз болуп чыгат.

- Көңүлдүн тынчтыгы акча менен,  байлык менен мүлк менен болбойт, такыр болбойт. Өлүм менен, акырет менен болот, эң туурасы Аллах деп айтуу менен болот.

- Магнит ичинде асыл ташы болгонду тартат. Ахли сүннөт аалымдарынын китептери магнит сыяктуу. Жүрөгүндө асыл ташы болгондорду өзүнө тартат.

- Ыйман ниматынын колдо калуусунун эң маанилүү шарты – хуббу филлах жана бугду филлах (Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн душмандык кылуу).

- Ыймандын баркын билгиле. Аллаху тааланын убадасы бар. "Ниматтарымдын баркын билбесеңер колуңардан аламын", - деп айтууда. Бул Жараткандын убадасы болуп саналат. "Колуңардан аламын жана катуу азап кыламын", - деп билдирүүдө. Бул дагы Жараткандын убадасы болуп саналат. Аллаху таала убадасынан кайтпайт, убада кылганын албетте аткарат, өтө коркуу керек.

- Ачуулануу напсинен, кайрат рахмандан, абдан жакшы нерсе. Кайрат – бир мусулмандын зыянын токтотуу үчүн ачуулануу болуп саналат.

- Алданган пайдада, алдаган ойлонсун.

- Ибадаттардын эң баалуусу - намаз. Себеби, ар күнү Аллаху таала эстелүүдө. Аллаху тааланы эстөө зикир болуп саналат. Беш маал намаз, беш жолу эле эскертпейт го. Канча убакыт бар намазга, бир саат бар, жарым саат бар, он мүнөт бар, мына ушинтип буларды эстеген сайын Аллаху таала күндө беш жолу, бирок, ар биринде канча жолу эскерилүүдө. Мына даарат аламын, мына окуймун, убакыт жакындап калды, убакыт өтүүдө деп айткан сайын ар качан Аллаху таала эскерилүүдө.

Жүрөктөрдүн дарысы - зикир. Аллахка болгон махабат Аллахтын зикри болгон жүрөктөрдө табылат. Аллахты зикир кылган жүрөктөргө жайгашат Аллах сүйүүсү. Буга дагы себеп – намаз. Аллахты зикир кылган жүрөктөрдөн дүнүйө махабаты чыгат. Дүнүйө махабаты жүрөктөрдөн чыкканда Аллахка деген махабат өзүнөн өзү келет. Бир бөтөлкөнүн ичинен суу чыкканда аба өзүнөн өзү киргендиги сыяктуу дүнүйө махабаты да жүрөктөн чыкса Аллахка деген махабат өзүнөн өзү келет.

-  Напси - Аллахтын душманы. Ар кимдин эң чоң душманы - өз напси. Напси аммара. Бул напси аммара өлбөйт. Эч кимдин напси жок болбойт. Эмнеге? Анткени, ал напси ишке жарайт. Өлөбү? Аны менен жихат кылганда адамдар периштелерден дагы жогору болот. Периштелерден дагы жогоруу болуу напсинин жардамы менен жүзөгө ашат. Напси менен жихат кылгандыктан улам. Ошондуктан, напси өлбөйт. Бирок, напси алсызданат, кубаты азаят. Алсыраганда адамды алдай албайт. Напсини алзыздатуу ибадат аркылуу болот. Ооба, напсинин эң чоң душманы- ибадат. Аллаху таала мусулмандарды өтө сүйгөндүгү үчүн намаз окууну буйрук кылды. Намаз окуу ушундай бир лутфи илахи (Аллахтын чоң ниматы), ар бир намазда напси алдан таят, адамдын жүрөгүн алдай албай турган болот. Адам напсинин жамандыгынан кутулат.

- Ибадаттар шарттарына ылайыктуу кылынса гана сахих болот, Аллах ыраазычылыгы үчүн гана кылынса кабыл болот. Кабыл болуусу, сахих болуусу, б.а., шарттарынын ылайыктуу болушу зарыл. Ниет бузук болсо сахих болушу мүмкүн, бирок, кабыл болбойт.

- Алгач Аллаху тааланын сүйгөндөрүн үйрөнүү зарыл. Алар – фарздар, важиптер, сүннөттөр, буларды үйрөнүп, орундоо керек. Анан Аллаху тааланын сүйбөгөндөрүн үйрөнүп, алардан сактануу керек. Алар – харамдар жанан макрухтар. Мусулман баарынан мурда Раббинин сүйгөндөрүнө жана сүйбөгөндөрүнө көңүл буруусу зарыл.

- Бир момун Каабаны биринчи жолу көргөн кезде кылган дубасы кабыл болот. Момун дагы бир башка момунду көргөндө кылган дубасы кабыл болот. Б.а., салам бергенге жана "алейкум салам ва рахметуллахи ва баракатуху" деп айтуу керек. "Ушул дуба сага дагы болсун" дегенди билдирет.

- Ырыскы жумуш кылуу менен көбөйбөйт. Жумуш кылуу менен байлык көбөйүшү мүмкүн. Ар ким ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт.     


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш