Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Акыретте эң маанилүү суроо




Акыретте эң маанилүү суроо


Даанышман заттар айтышат:

Акыретте сурала турчу эң маанилүү суроо мына бул: "Кулум муну эмне максатта кылдың?”

Бул суроонун эки түрлүү жообу бар: Же Аллах ыраазычылыгы үчүн же напсибиз үчүн. Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган адам кутулат, напсинин кызыкчылыгы үчүн кылган адам күйөт. "Ыкылассыз амал, б.а., Аллах ыраазычылыгы үчүн болбогон ибадаттар, кызматтар, иштер ичи бош данекке окшойт”, - деп айтылган. Бул данек эгилсе ичи бош болгондуктан өнбөйт, бак боло албайт жана жемиш бере албайт. Бул данекти жегибиз келсе ичи бош жана жегенге жараксыз. Бош данекти отко же таштандыга ыргытышат.

Түбөлүк жашоо үчүн Аллах ыраазычылыгын таштап, үч күндүк дүнүйө үчүн башкалардан бир алкыш алуу максатында иш кылуу абдан жаңылыш. Бул кыска өмүр көп узун болсо дагы аягы бар жана түбөлүк өмүрдүн жанында кымындай баасы жок.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш