Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Күндө 60 жолу Аллахка каршы чыгууга болобу?




Күндө 60 жолу Аллахка каршы чыгууга болобу?


* Бир намазда 12 фарз бар. Бир күндө 60 фарз болот. Бир мусулман беш маал намазын окубаса бир күндө 60 жолу Аллаху таалага каршы чыккан болууда. Бул адам кантип кутулат?

* Ибадаттардын бардыгын өзүндө бириктирген жана адамды Аллаху таалага эң көп жакындаткан ибадат – намаз. Намаз окуу – Аллаху тааланын хузуруна чыгуу болуп саналат. Намазды Аллаху тааланын хузурунда тургандыгыбызды билүү менен окуубуз керек. Намазды эмне экендигин билүү менен окуубуз керек.

* Хузури илахиде жыйналуу эң чоң нимат. Хузури илахи – намаз. Аллаху таала намаздан кийин: "Сура кулум, берейин”, - дейт. Жума күнү ушундай бир саат бар, дал ошол маалда кылынган дуба кайтарылбайт. Аалымдар Жума күнү бул маал асыр намазынын маалы деп айтышкан.

* Аллаху таала Ислам душмандарына азап кылууда эмне үчүн ашыкпайт деген кызыгуу пайда болуу мүмкүн. Бул жерге бир кумурска келип бизге каршы чыга турган болсо биз аны мухатаб катары кабыл кылабызбы, (б.а., ага көңүл бөлөбүзбү?) Ааламга салыштырганда дарыя жанында бир тамчыга да татыбаган бул дүйнөдө ошол эле дүнүйөгө салыштырмалуу бир тамчы боло албаган адамды да Аллаху таала мухатаб катары кабылдабайт. Намаздан сырткары... Кул намазга турганда Аллаху таала аны мухатаб деп кабылдоодо.

* Намаз окубоо үч түрдүү. Биринчиси намаздын фарз экендигин билбейт, экинчиси жалкоолук менен окубай жаткан болуусу мүмкүн, үчүнчүсү болсо ага маани бербей жаткан болуусу мүмкүн. Маани бербөө – бул намаз үчүн кымындай да кайгырбоо.

* Кыямат күнү эсеп эң алгач ыймандан, кийин намаздан суралат. Бир убакыт намазды өткөрүп жибергенден көрө миң жолу өлүүнү тандоо керек. Каерде, кандай шартта болсо да сөзсүз намаз окуу керек.

* Көңүлдүн тазалануусу Исламиятка баш ийүү менен, сүннөттөргө баш ийүү менен, бидаттардан качуу менен жана напсиге таттуу келген нерселерден сактануу менен жүзөгө ашат.

* Адепти сактай албаган адам Аллаху таалага жете албайт, б.а., Анын сүйүктүү, олуя кулу боло албайт.

* Ахли сүннөт аалымдары жазган эмгектерди окуу керек, баалуу насыяттарына, хикматтуу сөздөрүнө кулак асуу керек! Аллаху таала жаз жамгыры менен топуракты жандандырганы сыяктуу өлгөн көңүлдөрдү хикмат нурлары менен тирилтет.

* Кыла турчу ишиңди буга чейин муну кылып көргөн, тажрыйбалуу адамдар менен кеңеш! Себеби, алар өздөрүнө кымбатка турган туура пикир жана маалыматты сага бекер беришет.

* Максаттын бир болуусу өтө маанилүү. Ар ким кыйынчылыкты максатсыздыктан, белгисиздиктен тартат. Максат биримдиги махабатты, сүйүүнү көбөйтөт.

* Жалгандан абдан сак бол! Себеби, диниңди бузат жана адамдардын алдында аброюңду азайтат. Муну менен бирге кадыр-баркыңды, ээлеген ордуңду жоготосуң.

* Хикмат – бул бизге кереги жок нерсеге такалып калбоо жана жашыруун нерселерди изилдебөө. 

* Бир жамаат ичинде Аллаху таала эң көп кызмат кылганын сүйөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш