Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Теңдеши жок жалгыз дары




Теңдеши жок жалгыз дары


Данышман заттар айтышат:

Дүнүйөдө эң пайдалуу, мадди жана маневи (материалдык жана руханий) жактан теңдеши жок жалгыз дары бул – Курани карим. Билинген-билинбеген, көрүнгөн-көрүнбөгөн, мадди-маневи бардык оорулардын, бардык дарттын дабасы, шифаасы Курани карим болуп саналат. Курани каримдин ар бир тамгасы жүз миң дартка жүз миң шифаа.

Мусулмандарга эмнеликтен балээ-кырсыктар келүүдө? Мунун түрдүү жооптору бар. Экөөсү төмөндөгүдөй:

1 – Күнөөкөр мусулмандардын күнөөлөрүнө жооп иретинде балээ жиберет. Бир мусулманга канчалык көп балээ, кыйынчылык келип жаткан болсо ал акыретте азап көрбөйт, андан сурак суралбайт. Хадиси шарифте айтылды: "Үммөтүмүн жазасы дүнүйөдө берилет.”

2 – Пайгамбарларга, олуяларга дагы көп балээ-кыйынчылыктар келет. Булар эмне үчүн келет? Аллаху таала буларга бир даража берерде балээ жиберет.

Мисалы; Юсуф алейхиссалам кудукка ыргытылбаганда ал жогору даражага жетмек эмес. Ошондуктан, Аллаху таала жиберген бардык нерсеге ыраазы болуу керек.

Көпчүлүк адамдардын "Аллах" деп айтуусу Аллаху таала үчүн эмес. Алар оюндагы нерселерди "Аллах" деп айтышат. Фантазияларындагы теңирдин атынан сүйлөшөт. Ниеттери Аллах эмес, өздөрүнүн каалоолору. Аллаху таала Сүйүктүү Пайгамбарын тааныбай кылынган амалды да, ыйманды да кабыл кылбайт. Аллаху таала: "Сүйүктүү Пайгамбарымды четке кагып, арада Ал болбостон мага келбегиле, Ансыз эч бир нерсени кабыл кылбайм” – деп билдирүүдө.

Аллаху таала өзүнө жеткизе турган бардык эшикти жапкан, жалгыз бир эшикти ачык калтырган. Бул жалгыз эшик – Пайгамбарыбыздын ыйык калбы (көңүлү). Пайгамбарлар жана бардык адамдар бул эшиктен өтмөйүн Аллаху тааланын ыраазычылыгына жете албайт.

Олуянын захири (сырткы көрүнүшү) жахил үчүн уу. Жахил батындан (ички дүнүйөдөн) кабары болбогондуктан захирди карайт. Олуяга акыл, көз, кулак менен барган адам куруйт. Мушриктер дагы ушундай кылышкан болчу. Абу Жахил Мухаммед алейхиссаламды Абу Талибдин жетими деген көз менен караган. Ал эми Абу Бакр Сыддык болсо ааламдардын Раббисинин Сүйүктүүсү деген көзү менен караган. Ага бардык нерсесин курман кылды, бардык сөзүнө: "Ал айтып жаткан болсо бардыгы туура”, – деп, толук ишенди, ошентип сыддык болду. Пайгамбарлардан кийин адамдардын эң жогору даражалуусу болду. Ошондуктан, бири Абу Жахил, бири Абу Бакр Сыддык болду. Бул – насип маселеси.

Магнит ташты тартпайт, ичинде гаухары бар болгонду тартат. Ахли сүннөт аалымдарынын китептери магнит сыяктуу. Жүрөгүндө гаухар болгонду өзүнө тартат. Жүрөгүндө акыр-чикир болгонду тартпайт. Улууларды акыр-чикирлер сүйбөйт. Ичинде гаухар болгондор сүйөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш