Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Гыйбаттан (ушактан) алыс болуу




Гыйбаттан (ушактан) алыс болуу


Суфйаны Саври хазреттери айткандай; Эгер мен гыйбат кылсам эне-атамды гыйбат кылмакмын, жок дегенде алардын күнөөлөрүн өзүмө алмакмын. Аларга бир жакшылыгымдын тийүүсүн каалайт элем. Сен каяктагы бир ахлаксызды, күнөөкөрдү гыйбат кылып жатасың, ал болсо күнөө кылып жатат, аны болсо сага жүктөп жатат, сенин соопторуң болсо ага кетүүдө, мунун кереги барбы? Бул соода болобу? Соодагер пайдалуу иш кылат. Сен болсо зыян тартуудасың. Соопторуңду башкаларга берип, алардын күнөөлөрүн өзүңө жүктөп жатасың. Эмне үчүн? Напсиме жагып жатат деп. Андай болбойт. "Зыянга кирген адам ким?" - деп сурады Пайгамбарыбыз алейхиссалам. Асхабы кирам ушунчалык адептүү болгондуктан: "Аллахтын Расулу жакшы билет", - деп жооп беришти. Жада калса, бир күнү: "Бүгүн кайсы күн?" - деп суралганда жооп жок, б.а., Аллахтын Расулу жакшы билет. "Сен билбейсиң, биз сага үйрөтөлү" дегендей болбосун деп айтышчу эмес экен. АДЕП! Зыян тарткан ким болду? "Аллахтын Расулу жакшы билет". Сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат: "Акыретте көп ибадат, көп сооп менен келет, бирок, кимдир бирөөнү таарынткан, кимдир бирин гыйбат кылган. Мындай адамдын сооптору ошол акы ээлерине берилет. Алардын күнөөлөрү болсо бул адамга жүктөлөт, ушундайча үмүт менен келип, Тозокко кетет. Ошондуктан, ким гыйбат кылып жаткан болсо аны тыңдабагыла, керек болсо аны мындан тыйып, "Антпе, дин бир тууганыңдын канча жакшылыгы бар, 2-3 кемчилигин айтуунун кажети барбы?", - деп насыят кылгыла.

Албетте, эң чоң гыйбат - Асхабы кирамды гыйбат кылуу. Олуяларды гыйбат кылуу, бул дагы чоң күнөө, Аллах сактасын. Гыйбат кылганга "Токтот!" деген адамга жүз шейиттин сообу берилет деп дин улуктары айтышат. Бул иши менен аны дагы, өзүн дагы чоң балээден куткарган болот. Себеби, гыйбат кылуу бир күнөө, аны тыңдоо эки күнөө. Себеби, сен тыңдабай турган болсоң ал гыйбат сөз айтпайт. Карагыла, үй-бүлөлөр кандай бузулууда, жамияттар кандай бөлүнүүдө, элдер кандай бөлүнүүдө. Баары келип мына ушул ушак-айыңдан, бөлүүчүлүктөн улам болууда. Гыйбат айыкпас дарт сыяктуу. Аллаху таала өзүбүздү дагы отко таштоодон, башкаларды дагы жамандыкка түртүүдөн сактасын... (Даанышман заттар)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш