Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Сөз - күмүш, унчукпоо - алтын




Сөз - күмүш, унчукпоо - алтын


* Сөз - күмүш, унчукпоо - алтын.

* Ооздон чыккан сөз абада калбайт, же оң тарапка жазылат, же сол тарапка...

* Бир сөздү сүйлөөдө өзүңүздүн жана каршыңызда турган адамдын акыретин ойлоо менен сүйлөңүз.

* Сөз – адамдын таразасы. Артыгы зыян, азы сүр.

* Аз сүйлөгөн жектелбейт, айрыкча этибары көп болот.

* Азилдешүү жана бекер сөз балээге жол ачат. 

* Көп сүйлөө достукту бузат, керексиз сүйлөө кемчиликтерди ачат, ачуу сүйлөгөндүн достору качат. 

* Эгер көңүлдө тардык жана кайгы, денеде чарчоо жана алсыздык, ырыскыда кемчилик жана берекесиздик болсо мунун бош жана орунсуз сүйлөөдөн пайда болгондугу билиниши керек! 

* Хикматты сүйлөөдө эмес, унчукпоодо издегиле!

* Унчукпоо акылдын кооздугу жана жахилдикти жабат.

* Унчукпоо – аалымдын зыйнаты, жахилдин кемчилигин жапка парда.

* Ибадат он бөлүк, тогузу унчукпоо, бири болсо жаман достон оолак болуу.

* Тил – ирфан казынасынын ачкычы, көп сүйлөгөн адам көңүлдөгү кызмат гаухарын бошотот. 

* Аз сөз адеп, амалдарды коргоого себеп.

* Киши тилинин алдында жашырынган. Сыр сактаган муратына жетет. 

* Кайырдуу сөз - керемет, унчукпоо - саламат.

* Жалган алсыратат ыйманды, уят кылат адамды. 

* Ушак гыйбат, өтө катуу апаат.

* Азил балким күлдүрөт, бирок, көңүлдү өлтүрөт.

* Жакшы сөз - садака, махшарга - нафака. 

* Көп сөз көңүлдү катырат, Хактан алыстатат.

* Артыкча азил - жахилдик алааматы, унчукпа кааласаң саламатты. 

* Аз сөз - хикмат, Раббибизден нимат.

* Тил сүйлөсө көңүл тыйылат, көңүл тыйылса тил уу чачат.

* Сөз тыңдаган аалим, унчукпаган салим болот.

* Кимдики аз болсо сөзү, ачылат көңүл көзү.

* Тил эс алса көңүл дагы ырахат алат.

* Көп сүйлөгөн тантырайт, убактысын ысрап кылат.

* Ок жарасы айыгат, тил жарасы айыкпайт.

* Акылдуу адам билгенин айтпайт, акылсыз адам айтканын билбейт.

* Билбейм деп айтуу - илимдин жартысы.

* Унчукпоо – чарчабастан кылынган ибадат, чыгымсыз тагылган кооздук, өкүмдарлыкка муктаж болбостон колго тийген дөөлөт, дубалга муктаж болбостон жасалган чеп, иштебестен табылган байлык жана кемчиликтердин жабылуусу.

* Бардык өкүнүчтөрүм сүйлөгөн сөздөрүмөн улам болду. Сүйлөбөгөндөрүмөн эч өкүнгөн жокмун. 

* Кээ бир сөздөрдү айтууга күчүм жетти, бирок, айткан сөздөрүмдү артка кайтарып алууга күчүм жетпеди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш