Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адам баласы эмне үчүн жаратылды




Адам баласы эмне үчүн жаратылды


СурооАдам баласы эмне үчүн жаратылды?

ЖООП

Имам Раббани хазреттери буюрууда:

Бардык барлыктардын хуласасы, б.а., өзү болгон адам ойноп-күлүү үчүн, ичип-жеп, кыдырып-жатып, жыргал сүрүү үчүн жаратылбады. Кулдук милдеттерин орундоо үчүн, Раббине моюн сунуу, алсыздыгын, муктаждыгын көрсөтүү, Ага сыйынып-жалбаруу үчүн жаратылды.
Мухаммед алейхиссалам билдирген ибадаттардын бардыгы адамдарга пайдалуу нерселер. Адамдардын пайдасы үчүн буйрук кылынган. Болбосо, эч бир ибадаттын Аллаху таалага пайдасы жок. Жан-көңүлдөн рахмат айтып ибадат кылып, толук таслим болуу менен буйруктарды орундоого жана тыюу салынган нерселерден качууга аракет кылуу керек. Аллаху таала эч бир нерсеге муктаж болбосо дагы кулдарын буйрук жана тыюуларды берүү менен кадырлуу кылды. Бүткүл нерсеге муктаж болгон биз, кулдардын бул чоң ихсанга көп-көп рахмат айтуубуз, бул үчүн буйруктарды аткарууга көңүлүбүз менен жабышуубуз керек. (73. Мектуб)

Аллаху таала бардык нерсенин себепсиз, шартсыз малиги, баарыбыздын Ээси. Бардык адамдар – Анын кулдары. Кулдарына берген ар бир буйругу жана ар бир нерсени каалаганындай колдонуусу орундуу жана пайдалуу. Мында зулум болбойт. Кызматчылар башчыларына, кулдар кожоюнуна буйруктардын, иштердин себептерин сурай албайт. Акылга туура келчү мындан дагы ачык бир нерсе жок.

Бардык адамдарды Тозокко салып, чексиз азап кылса да бир нерсе айтууга кимдин акысы болуусу мүмкүн? Себеби, өзү жараткан, өстүргөн мүлкүн колдонууда. Анын мүлкүнө кол салынды, зулумдук кылынды делингидей башкасы жок. Адамдар колдонуп, меники деп мактанган малы-мүлкү акыйкатта алардыкы эмес, бардыгы Аныкы. Биздин буларга кол салуубуз, кийлигишүүбүз акыйкатта зулум. Аллаху таала бул дүнүйөнүн тартиби үчүн жана кээ бир пайдаларга жол ачуусу үчүн буларды бизге мүлк кылган болсо да акыйкатта бардыгы тең Аныкы. Андай болсо биз буларды асыл Ээси мубах кылган, уруксат берген өлчөмүндө колдонуубуз орундуу болот. (266. мектуб)
[
Азыр деле Аллаху тааланы кабылдабаган, Исламиятты жактырбаган, жахилдиги берген батымдуулугу жана чектен чыгуусу менен мактанган жамияттардын Аллаху тааланын буйруктарынын көбүн кабылдашкандыгы көзгө илинүүдө. Бардык адамдар дин ахлагынан алыстаган сайын ынтымаксыздык, ач-жылаңач калуу, азап менен алпурушкандыктары көрүнүүдө. Илим-техника, маданият каражаттары таң калтырарлык даражада өнүккөнү менен дүнүйөдөгү тынчсыздыктын, инсанияттагы кыйынчылыктын азайбастан көбөйүп жаткандыгы чоң ибрат (сабак) болуп көрүлүүдө.]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш