Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Колуңа тикен кирсе өзүңөн




Колуңа тикен кирсе өзүңөн


Адамдардын баштарына дарттын, балээлердин келишине себеп - өздөрүнүн кылган күнөөлөрү. Анткени, Аллаху таала эч бир кулуна зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө зулумдук кылышат. Нахл сүрөсүнүн отуз үчүнчү аятында: «Аллаху таала кулдарына зулумдук кылбайт. Аларды азапка алып барган өздөрүнүн жаман иштери. Ушундайча алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышат», - деп айтылат. Адамдар Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларына моюн сунбай жана Ислам дининин бакыт жолунан ажырай турган болсо дүйнөдө тынчтык менен береке калбайт. Ырыскылар азаят. Таха сүрөсүнүн 124-аятында: «Мени унутсанар ырыскыларынарды азайтамын», - деп айтылат.

Бир топ адам Абу Аббас Сабти хазреттерине барып: «Эл кургакчылык жана кымбатчылыктын айынын катуу кыйналууда», - дегендеринде аларга: «Сараңдыктарынын кесиринен Аллаху таала аларга жамгыр жаадырбай жатат. Эгер силер тапканыңардын зекети менен кедейлерге садака бергениңерде буга кайтарым ирээтинде Аллаху таала да силерге жамгыр берээр эле», -деген.

Күнөө – Аллаху тааланын буйруктарын орундабоо, тыйуу салгандарынан сактанбоо деген сөз. Буйрук жана тыйуулар ыйманы барлар үчүн берилген артыкчылык. Аллаху таала ыймансыздарга (каапырларга) буйрук жиберип, ибадат кылуу мартабасын берген жок. Булар жаныбарлар сыяктуу каалаган нерсесин кылышат, күнөө болбойт. Булар ибадат кыбаганы үчүн, күнөө иштерди жасаганы үчүн дүйнөдө азап чекпейт. Ар түрдүү ниматка жетишет. Каалагандарына, көздөгөндөрүнө кол жеткизет. Мусулман эмес кишиден жалгыз бир нерсе талап кылынат. Ал – ыйман келтирүүсү, мусулман болуусу. Ыйман келтирбегендер ушул буйрукту укпагандары үчүн өтө чоң күнөө жасаган болуп саналышат. Бул күнөөнүн жазасы өтө оор жана чексиз болгондуктан жазасы дүйнөдө берилбейт. Ушундай чексиз, түбөлүктүү жаза аларга акыретте, тозокто берилет.

Күнөө кылуу менен ыйман келтирбөө, тактап айтканда, куфур экөө эки башка нерсе. Күнөөлөрдүн жазасы тообо менен жана түрлүү дүнүйөлүк кыйынчылыктар менен кечирилүүсу мүмкүн. Ал эми куфурдун жазасы мындай эмес. Мунун жазасы акыретте берилет. Адамдардын башына балээ келүүсүнүн негизги себеби адамдын өзүнө байланып калуусунан. Өз напсисин жакшы көргөндүгү, напсинин каалоолорунун артынан кууганы үчүн кыйынчылыктарга туш болууда. Напсинин каалоолорунун артынан жүгүргөндөр негизинде өз напсилерине табынууда. Анткени, Жасиа сүрөсүнүн жыйырма экинчи аяти каримасында: «Өз напсилерине табынгандарды көрдүңбү?» - деп айтылган.

Күнөө кылуу напсиге жагат. Бүткүл бидаттар, күнөөлөр Аллаху тааланын душманы болгон напсини кубаттандырат, ага азык болот. Туш келген күнөөнүн кылынуусу напсине күч кубат берет. Напси – ыймандын эң чоң душманы. Ал адамдын ыйманын жок кылууну каалайт. Ушундан ырахат алат. Ошондуктан, напсини жакшылап таануу, анын куулуктарын билүү керек. Хадиси шарифте: «Напсисин тааныган Раббын тааныйт», - деп айтылган.

Ал эми напсини алсыратуучу бирден-бир чара – Исламга моюн сунуу. Харамдардын бардыгы, дүйнөнүн мал-мүлкүнө, мансабына, ырахаттарына байлануу напсинин азыгы. Булар напсини азыктандырып, күч берет. Напси күчтөнгөндө бүткүл жакшылыктардын, көркөм мүнөздүн жана маданияттын негизи болгон Исламга кол салат. Динди, ыйманды, Аллаху тааланын буйруктарын мазактайт. Анткени, напсибиз - Аллаху тааланын душманы. Аллаху таала: «Напсиңе душмандык кылып мага дос бол!» - деп буюрган.

Напсиге күнөөлөрдөн качуу ибадат кылуудан да оор келет. Ошондуктан, күнөөлөрдөн качуунун сообу өтө чоң. Күнөөлөргө тообо кылууну кечиктирүү Аллаху таалага каршы текеберлик кылуу дегенди билдирет.

Күнөөлөр көңүлгө гафлет (карангылык) берет. Гафлет болсо көңүлдүн катуусуна себеп болот. Көңүлдүн катып калышы адамды Аллаху тааладан алыстатат. Аллаху тааладан узактоо тозокко алып барат. Абу Абдуллах Аль Кураши хазреттери: «Күнөө кылуунун себеби - гафлет. Тактап айтканда, Аллаху тааланы унутуу», - деген. Көңүлдүн карайгандыгынын белгиси – адамдын күнөөлөрдөн өкүнбөөсү, тартынбастан күнөө кылууну улантуусу. Мындай адамдын кылган күнөөлөрүнүн кесепесинен улам көңүл ушунчалык карайгандыктан ал адамга эми насыят дагы таасир бербей, гафлеттен (караңгылыктан) ойгоно албай калат. Ошондуктан дин аалымдары: «Күнөө кылууну кордук, күнөөдөн баш тартуууну үстөмдүк деп билгилет. Анткени, күнөөлөр ыйманды алсыратат», - деп айтышкан.

Жыйынтыктап айтканда, адамдын колуна тикен кирсе да ал кылган күнөөсүнүн себебинен. Күнөөнүн жазасы бул дүнүйөдө берилип жаткан болсо чоң нимат. Акыретте бериле турган болсо чоң балээ. Күнөө бар болсо жазасы да бар. Абу Мухаммед Расиби хазреттери айткандай: «Кыйынчылык жана кайгылар - күнөөлөрдүн жазасы.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш