Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адамдарды кубантуу




Адамдарды кубантуу


Суроо: Бир мусулманга жасалуучу жакшылыктардын ичинен Аллах даргейинде эң баалуу нерсе эмне?

ЖООП: Аллах даргейинде мусулманга жасалуучу эң баалуу нерсе – жакшылык кылып мусулманды кубантуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: 

«Парздардан кийинки эң баалуу амал – бир мусулманды кубантуу». (Табарани)

«Аллах даргейинде эң баалуу амал – мусулмандын карызын төлөө же кыйынчылыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Табарани)

«Эң баалуу амал – бир мусулмандын кемчилигин жашыруу, курсагын тойгузуу же бир муктаждыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Исфахани)

«Бир мусулманды кубанткан адам мени кубанткан болот. Мени кубанткан адам Аллах даргейинде бир убада алган болот. Аллахтан убада алган адамга от эч качан тийишпейт». (Абушшайх)

Аллах даргейинде дин бир боордошун кубантуудан бааалуу нерсе жок». (И. Нажжар)

«Бир мусулмандын кыйынчылыгына көмөктөшүп, аны кубанткан адамды Аллаху таала кыяматта эң кыйын учурларда кыйынчылыктардан куткарат». (Бухари)

«Мусулман мусулмандын боордошу, аны капалантпайт, аны кыйынчылыкта калтырбайт. Дин боордошунун кыйынчылыгын чечкен адамдын кыяматта Аллаху таала кыйынчылыктарын чечет». (Насаи)

«Бардык нерсенин ачкычы бар. Бейиштин ачкычы – кедейлерди жакшы көрүү». (И. Адий. И. Нажжар)

«Бир адам мусулман боордошун кубанткан кезде бир периште бул адамга ар дайым дуба кылат. Ал адам өлүп кабырга коюлган кезде периште жанына келип: «Мени тааныйсынбы?» - дейт. Өлгөн адам: «Жок» дегенинде: «Мен сенин бир мусулманга берген кубанычыңмын. Бүгүн сени кубантуу үчүн келдим. Кабырда жаныңда боломун, кыяматта да сага шапаат кылып, Бейиштеги макамыңды (даражаңды) көрсөтөмүн» - дейт». (И. Абид-дуния)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш