Ислам дини » Аалымдардын сукбаттары » Адамдардын эң жакшысы жана эң жаманы




Адамдардын эң жакшысы жана эң жаманы


Даанышман заттар мындай дешкен:

Бир адам адамдардын оюндагыны түшүнө ала турган болсо, жоголгон нерселердин кайда экенин билсе, ар кылган дубасы кабыл болсо, бул таң калаарлык абалдар Аллаху тааланын жакшы көрө тургандыгынын белгиси эмес. Ыйманы, ишеними туурабы? Харамдардан сактанабы? Парздарды, сүннөтөрдү аткарабы? Тактап айтканда, динибизге моюн сунабы? Аллаху тааланын жакшы көрө тургандыгынын белгилери мына ушулар. Антпесе, таң калаарлык абалдарды көрсөткөн ар адам олуя боло бербейт. Мындай абалдар эгер ыймансыздарда, жаман адамдарда байкалса "истидраж” (сыйкыр) деп аталат. Мусулмандарда байкалса "керемет” деп аталат. Истидраж да, керемет да, экөө тең риязат, тактап айтканда, көп кыйынчылык тарткандарда болот. Кыйынчылык көрбөгөндөрдө да байкалуусу мүмкүн.

Чыныгы аалым Ахли сүннөт аалымдарынын китептери боюнча аракеткылат, фыкых китептерине ылайык сүйлөйт. Ал эми олуя адам фыкых китептери менен катар устаздарынан келген фейздерге, марифаттарга да ылайык сүйлөйт.

Зулумдук жана азап менен өлгөн мусулман шейит болот жана Жаннатка кирет. Ыйман келтирбегендер жабырлануу менен өлсө да шейит боло албайт. Шейиттик бир гана мусулмандар үчүн. Жаннаттын эшиги – ыйман, ыйманы болбогон адам Жаннатка кире албайт.

Курани каримге өз алдынча маани берген адамдарды ээрчүү, аларды угуу жаиз эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким Аллахтын сөзүнө өз акылы менен, өзүнүн оюндай маани бере баштаса, өз акылынан тафсир кылса, ал адам капыр болот», - деген.

Кутулуу жолу – Ахли сүннөт аалымдарынын жолу. Имам Раббани хазреттери: «Ахли сүннөт жолунан кылдай айрылган адам Тозокко түшөт», - деген. Ахли сүннөт аалымдарынын жолунан кыл чамасындай айрылган дин адамдарына "аалым” эмес, "дин-ыйман каракчысы” деп айтылат. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам): «Адамдардын эң жакшысы – аалымдардын жакшылары. Адамдардын эң жаманы да – аалымдардын жамандары», - деген. Аалымдардын жамандары – өз акылдары боюнча фатва бергендер, өз көз-карашын динге кошкондор.

Дүнүйөдөгү эң чон нимат – туура ыйман. Ошондой эле, кол жеткизүүгө эң кыйын болгону да – туура ыйман, тактап айтканда, Ахли сүннөт ишениминде болуу. Анткени, Пайгамбарыбыз: «Менин үммөтүм 73 агымга бөлүнөт. Алардын 72-си Тозокко түшөт. Ишеними туура болгондуктан жалгыз бир жол гана кутулат. Ошол кутулгандар – менин жамаатыма жана сүннөтүмө багынгандар», - деген. Бул жердеги жамаат – Асхаби кирам (сахабалар) деген сөз. "Сүннөт” сөзү сүйлөмдө жалгыз колдонулган кезде "Ислам дини” дегенди билдирет. «Ахли сүннөт вал жамаат» сөз айкашы ушундан келип чыккан.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш