Ислам дини » Намаз » Отургучта намаз (сүрөттөгү түшүндүрмө)




Отургучта намаз (сүрөттөгү түшүндүрмө)


Суроо: Тизелерин бүгө албаган оорулуу адам жерге да отура албаган болсо отургучта, креслодо же төшөктө намазды кантип окуйт?

ЖООП

Тизелерин бүгө албаган оорулуу адам жерге отуруп же төшөктүн ичинде буттарын кыбылага узатып, ишара менен кыла алат. Руку үчүн башын бираз ийет, саждага барганда андан да бираз төмөн ийет. Креслого, отургучка отурганда буттарын кичине стол же болбосо башка креслого коюп окуй алат. Буларга да дарамети жетпеген оорулуу адам жатып ишара менен окуйт.

Коляскада отурган шал болгон адам буттарын алдында турган столго койо турчу бирөө болбосо буттарын ылдый түшүрүп да окуса болот. Эгер буттарын столго койо ала тургандай болсо анда буттарын ылдый түшүрүп окуса болбойт, жаиз эмес. Тизелерин бүгө ала турган оорулуу адам дагы кыбылага карата узата албайт. Мүмкүнчүлүгү жеткендей кылып отурат. Мисалы, намазда отургандай отурат, эгер отура албаса малдаш уруп отурат.

Жерге, отургучка же креслого отуруп кантип намаз окууга боло тургандыгы төмөндөгү сүрөттөрдө көрсөтүлгөн.

Жерге отура алган, бирок, тизелерин бүгө албаган оорулуу адам төмөндөгүчө отуруп намазын окуйт:

Жерге отургандан кийин кайра тура албаган, тизелерин да бүгө албаган оорулуу адам төмөндө сүрөттө көрсөтүлгөндөй отургучта отуруп намазын окуйт:

Жерге отургандан кийин кайра тура албаган, тизелерин да бүгө албаган оорулуу адам төмөндө сүрөттө көрсөтүлгөндөй креслодо отуруп намазын окуйт:

Жерге отурганда тура албаган, тизелерин бүгө албаган оорулуу адам төмөндө сүрөттө көрсөтүлгөндөй төшөктө же болбосо диванда отуруп намазын окуйт:

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш