Ислам дини » Намаз » Намазды бузууну мубах кылган нерселер




Намазды бузууну мубах кылган нерселер


Суроо: Ар намазды бузууну мубах кылган себептер эмнелер?

ЖООП

Булар:

1- Жыланды өлтүрүү үчүн,

2- Качкан мал-жаныбарды кармаш үчүн,

3- Үйүрдү карышкырдан куткаруу үчүн,

4- Ташыган казанды оттон алыш үчүн,

5- Өзүнүн же башка биринин мал-мүлкүн зыян тартуудан, жок болуудан сакташ үчүн,

6- Даарат жана жел кыстоосунан кутулуу үчүн,

7- Убакыттын чыгып кетүүсүнөн жана жамаатка үлгүрбөй калам деген коркуу болбосо башка мазхабдагы намазды бузган бир нерседен кутулуу үчүн. Мисалы, дирхамдан аз нажасатты тазалаш үчүн жана намахрам аялга тийгендигин эстегенде даарат алуу үчүн намазды бузуу жаиз болот.

Ар намазды бузуу фарз [керек] болгон себептер экөө:

1- «Жардамга» деп кыйкырган бирөөнү куткаруу үчүн, чуңкурга түшө турчу сокурду, өрттөнө турчу, чөгө турчу бирөөнү куткаруу, отту өчүрүү үчүн.

2- Эне, ата, чоң ата, чоң эне чакырганда фарз намазды бузуу важиб болбойт. Жаиз болгону менен эгер өтө зарылдык болбосо бузбаш керек. Нафил [сүннөттөр дагы] болсо бузулат. Булар жардам сураса фарздарды да бузуу керек болот. Намаз окугандыгын билип туруп чакырып жаткан болсо нафил намазды дагы бузбаса болот, билбестен чакырып жаткан болсо бузуусу керек.

Суроо: Эшик кагылганда сыртта турган адамды күттүрбөш үчүн, телефон чалынганда да зарылчылык менен чалып жаткан чыгар деген ой менен намазды бузуу жаизби?

ЖООП

Жок, зарылчылык болбостон намазды бузуу жаиз эмес. Телефон чалганда да намазды бузуу харам. Эшикти каккан адам эң аз төрт рекет намаз окуганчалык убакыт күтүшү керек.

Суроо: Бакчадан үйгө чаян кирип жайнамазга жакындай турган болсо аны өлтүрүш үчүн намазды бузуу жаизби?

ЖООП

Кандайдыр бир коркунуч болгон кезде намазды бузуу жаиз. Хадиси шарифте айтылды: "Намазда да болсоңор жыланды, чаянды өлтүргүлө!”. [Несаи]

Чагып алуу ыктымалы болгон, б.а., жакындап келген жыланды жана чаянды өлтүрүү намазды бузбайт жана макрух дагы болбойт.

Суроо: Бир жерде: "Намаз окуп жатканда намазды бузуу харам, бир гана эне-ата, чоң ата, чоң эне чакырганда фарз намазды бузуу жаиз болот”, - деп жазылган. Анда бул саналган адамдардан дагы баалуу болгон устаз чакырганда да фарз намазды бузуу жаиз болбойбу?

ЖООП

Ооба, жаиз болот. Бирок, устаз деген кезде физика сабагын, дин сабагын берген же мечиттеги устаз экен деп түшүнүп албоо керек. Мурунку убакта муршиди камил болгон олуя устаздар болгон. Алар эне-ата, чоң ата, чоң энеден да баалуу. Дуба кылып жатканда да алгач ушундай устаздан баштоо керек. Кабырды өбүү дагы харам. Бирок, эне-атанын жана булардан да баалуу болгон олуянын кабырын өбүү жаиз.

Намаз окуп жатканда

Суроо: Намаз окуп жатканда бир мусулман эмес адам келип: "Мага Исламиятты үйрөт, Мусулман болууну каалайм”, - десе намазды бузуп, ага Исламиятты түшүндүрүү жаиз болобу?

ЖООП

Ооба. Кийин ал намазды кайрадан окуйт. (Фатава-и Хиндиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш