Ислам дини » Намаз » Таравих намазы




Таравих намазы


Таравих намазы - эркектерге да аялдарга да сүннөт болгон намаз. Рамазан айында ар түнү окулат. Жамаат менен окулуусу суннати кифая. Окула турган убактысы куптан намазынын акыркы сүннөтү менен витир намазынын ортосу болуп саналат. Мисалы, таравих намазынын бир бөлүгүнө үлгүрүп, имам менен витир намазын окуган адам таравих намазынын үлгүрбөй калган рекеттерин витирден кийин толуктап окуйт.

Маалында окулбай калган таравих намазынын казасы окулбайт. Казасы окулса нафил болот. Таравих окуган болбойт. Таравих намазы жыйырма рекет.

Витир намазы Рамазан айында гана жамаат менен бирге окулат. Таравих намазын эки рекетте бир салам берип жана ар бир төрт рекетте бир таспих айтып окуу мустахаб. Төрт рекетте бир салам берип окуса да болот. Казасы болгондор бош убактысында беш маал сүннөттөр менен таравих намазынын ордуна каза намаздарын окуп, карыздарын эртерээк бүтүрүп, ошондон кийин бул намаздарга киришүүсү керек. Таравих намазы мечитте жамаат менен окулгандыктан кээ бир кишилердин үйүндө таравих намазын окуулары күнөө болбойт. Бирок, мечиттеги жамаат сообунан куру калат. Үйүндө бир нече киши менен жамаат болуп окугандын сообу жалгыз окугандан жыйырма жети эсе көп болот. Ар бир ифтитах такбиринде ниет кылган жакшы. Куптан намазын жамаат менен окубаган адамдар таравих намазын дагы жамаат менен окуй албайт. Куптанды жамаат менен окуй албаган адам фарзды жалгыз окуп, кийин таравихти жамаат менен окуй алат.

Таравих намазын окуу – суннати муаккада. Расулуллах "алейхиссалам” 3-4 күн таравихти жамаат менен окуп, кийин үйүнөн чыккан эмес. Себебин сураганда мындай деп буюрду:

"Таравих намазынын силерге фарз болуусунан корккондугум үчүн үйдөн чыкпадым.” [Бухари]

Таравихтин 20 рекет болуусу, жамаат менен окулуусу хадиси шариф менен билдирилген. Сүннөт экендиги сахабалардын ижмасы менен бекитилген. ("Мерак-ил фелах” шархы)

Пайгамбарыбыз таравихти 8, 12, 20 рекеттен окуган.

Хазрети Ибни Аббас мындайча билдирген: Расулуллах "алейхиссалам” куптандан кийин, витирден мурда 20 рекет намаз окугандан кийин мындай деп буюрду:

"Рамазанда 20 рекет тарафих намазын окуган адамдын 20 миң күнөөсү кечирилет.” [Ибни Аби Шайба]

Таравихтин 20 рекет экендигине ишенбеген адамдын "адашуучу” экендиги "Нур-ул изах” шархында жазылуу.

Таравих намазынын сүннөт болуусу

Аллаху таала касиеттүү Рамазан айын жиберип ага өзгөчө маани бергенде Хазрети Умар бул чоң ниматтын шүгүрүн өтөө үчүн жыйырма рекет намаз окууну өзүнө милдет деп билди. Сахабалар да муну жактырышты. Жагдайды Пайгамбарыбызга билдиргенде Ал дагы жактырды. Жабраил алейхиссалам келип Пайгамбарыбызга мындай деди:

"Аллаху таала Умардын жана сахабалардын жасаган бул ибадаттарын кабыл кылды. Хатим окугандарды Жаннатка жибере тургандыгына, алардан ыраазы боло тургандыгына сөз берди.” [Э.Ваизин]

Пайгамбарыбыз таравихти эч окубаган болсо да Хулафа-и рашидиндин (төрт улуу халифанын) окуусунун өзү эле сүннөт болуу үчүн жеткиликтүү. Хадиси шарифте: "Менин сүннөтүмө жана менден кийин Хулафа-и рашидиндин сүннөтүн жакшылап кармангыла”, - деп буюрулду. Таравих намазынын жамаат менен окулуусу кифая сүннөт. Б.а., бир элдүү мекенде жамаат менен окулса, калгандары үйүндө окуса сүннөт орундалган болот.

Муаккад сүннөт болгон таравихти колдон чыгарбоо керек. Хадиси шарифте: "Рамазанда ишенип жана сообун ойлоп таравих намазын окугандын өткөн күнөөлөрү кечирилет”, - деп айтылды. [Несаи]

Таравих намазы маанилүү сүннөттөрдөн болуп эсептелет. Рамазанда күндүз орозо кармоо фарз, түндөрүн дагы ибадат менен өткөрүү сүннөт. Хадиси шарифте мындай деп айтылды:

"Аллаху таала силерге Рамазан орозосун фарз, түндөрүн ибадат менен өткөрүүнү сүннөт кылды.”

Таравихте окула турчу дуба жана таспихтер

• Таравихке турган кезде окула турчу дуба:

«Субхана зил мулки вал малакут. Субхана зил иззати вал азамети вал жалали вал жамали вал жабарут. Субханал маликил мавжуд. Субханел маликил мабуд. Субханел маликил хаййиллази ла йанаму ва ла йамут. Суббухун, куддусун Раббуна ва Раббул малаикати варрух.

Мархаба, мархаба, мархаба йа шахри Рамазан. Мархаба, мархаба мархаба йа шахрел-баракати вал гуфран. Мархаба, мархаба, мархаба  йа шахрат-тасбихи ват-тахлили ваз-зикри ва тилаватиль Куран. Аввалуху, ахируху, захируху, батинуху, йа мен ла илахе иллаху»

таспихтери менен дубалары окулат. Айдын 15-нен кийин "Мархабанын” ордуна "Элведа” делинет.

Таравих намазы бүткөндө окула турчу дуба:

• Ар 4 рекеттен кийин :

«Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммадин ва ала Аали сеййидина Мухаммад. Би адади кулли даин ва даваин ва барик ва саллим алейхи ва алейхим кесира», - деп окулат.

Бул бөлүм 20 рекеттин акырында 3 жолу кайталанат жана үчүнчүсүндө «кесирадан» мурун «кесиран» дейт. Кийин 3 жолу мына бул дуба окулат:

«Йа Ханнан, йа Маннан, йа Даййан, йа Бурхан. Йа Зал-фадли вал-ихсан наржул-афва вал-гуфран. Важал-на мин утакаи шахри Рамазан би хурметил Куран».

Таравих намазын окуунун маанилүүлүгү

 Рамазан айында ар түнү таравих намазын окуунун маанилүүлүгү Хазрети Алиден суралганда мындай жооп берген: «Кимде ким Рамазан айынын

1) Биринчи түнү таравих намазын окуса Аллаху таала ал адамдын (тооболорун кабыл кылып) бардык күнөөлөрүн кечирет.

2) Экинчи түнү таравих намазын окуган адамдын эне-атасынын күнөөлөрү кечирилет.

3) Үчүнчү түнү таравих намазын окуса периштелер ал кулга карап: «Сага сүйүнчү болсун, Хак таала сенин ибадатыңды кабыл кылды, каалаган үмүтүңө жеттиң, күнөөлөрүңдү кечирди», - дешет.

4) Төртүнчү түнү таравих намазын окуганда Курани каримди хатым кылгандай сооп ага берилет.

5) Бешинчи түнү таравих окуса Мечит Аксада, Меккеде, Мединада окугандай соопту Хак таала берет.

6) Алтынчы түнү таравих окуса Байт-ул-мамурду таваф кылгандай.

7) Жетинчи түнү таравих окуса Фараонго каршы согушка катышкандай.

8) Сегизинчи түнү таравих окуса Бадир согушунда Расулуллах алейхиссалам менен бирге болгондой.

9) Тогузунчу түнү таравих окуса Давуд пайгамбар менен (алейхиссалам) бирге ибадат кылгандай болот.

10) Онунчу түнү таравих окуса дүнүйөнүн саламаттыгы менен бакыты насип болот.»

11) Он биринчи түнү таравих окуса энесинин курсагынан чыккандай таза болуп дүнүйөдөн өтөт.

12) Он экинчи түнү таравих окуса кыямат күнү толгон айдай жүзү нурдуу болот.

13) Он үчүнчү түнү таравих окуса кыяматтын коркунучунан аман болот.

14) Он төртүнчү түнү таравих окуса периштелер анын таравих окугандыгына күбөлүк кылып, Аллаху таала аны Мизан таразасына койбойт.

15) Он бешинчи түнү таравих окуса ал адамга Аршты, Курсини көтөрүп турган жана башка периштелер салават айтышат.

16) Он алтынчы түнү таравих окуса Аллаху таала ал адамдын Тозок отунан кутулгандыгы тууралуу бараат ферманын жазат.

17) Он жетинчи түнү таравих окуса пайгамбарлардын сообу берилет.

18) Он сегизинчи түнү таравих окуса бир периште келип: «Эй, Аллахтын кулу, Аллаху таала сенден жана сенин ата-энеңен ыраазы болду», - деп үн салат.

19) Он тогузунчу түнү таравих окуса өзүнө шейиттердин жана салих кулдардын сообунчалык сооп берилет.

20) Жыйырманчы түнү таравих окуса Аллаху таала анын Фирдаус жаннатындагы даражасын бийиктетет.

21) Жыйырма биринчи түнү таравих окуса Аллаху таала ал үчүн Жаннатта нурдан болгон бир сарай жасайт.

22) Жыйырма экинчи түнү таравих окуса Кыямат күнү ар түрдүү кам жана кайгыдан аман болот.

23) Жыйырма үчүнчү түнү таравих окуса Аллаху таала ага Жаннатта бир шаар курат.

24) Жыйырма төртүнчү түнү таравих окуса ал үчүн жыйырма даана кабыл болгон дуба бар.

25) Жыйырма бешинчи түнү таравих окуса Аллаху таала аны кабыр азабынан куткарат.

26) Жыйырма алтынчы түнү таравих окуса кырк жылдык сообун Аллаху таала кабыл кылат.

27) Жыйырма жетинчи түнү таравих окуса кыямат күнү кыл көпүрөдөн чагылгандай өтөт.

28) Жыйырма сегизинчи түнү таравих окуса Аллаху таала анын Жаннаттагы даражасын бир кабат көтөрөт.

29) Жыйырма тогузунчу түнү таравих окуса Аллаху таала ага кабыл болгон бир ажылык сообун берет.

30) Отузунчу түнү таравих окуса Аллаху таала мындай дейт: «Жаннатымдагы жемиштерден же, Селсебил көлүнө чөмүл, Кавсар булагынан ич. Мен сенин Раббиңмин, сен Менин кулумсуң», - дейт.

Ушундайча Рамазан айынын адебине, шарттарына маани берип, орозону толук, бардык мүчөлөрү менен, таравих намаздарын окуп жана харамдардан сактанып отузунчу түнүн толуктаса Аллаху тааланын буйругу менен Арштын астынан бир жарчы үн салып: «Ар түнү таравих окуган кулдар – Тозоктон кутулган кулдар. Алар корккон Тозокторунан кутулуп, эңсеген нематтары, Жаннат менен Аллахтын жамалы аларга насип болду», - дейт. Ошондо Аллаху таала улуулугу менен: «Иззетим менен жалалымдын акысы үчүн бул кулдарыма кечирим менен карадым», - дейт. Мындан кийин Хак тааланын буйругу менен ошол кулдарга жеке-жеке бараат (кутулуу кагазы) жазылат. Бардык эркек менен аялдардан ушул шарттар менен ибадаттарын орундап, Аллаху тааланын ушул мээримине илингендерге Тозок отунан кутулуп, сыратты оңой өтүү үчүн колдоруна жеке-жеке бараат (кутулуу кагазы) берилет.

Андай болсо ихлас менен Рамазан орозосун кармап, парз каза намаздарын, кийин таравихти окуп, харамдардан сактанып, Аллаху тааланын мээримине жетүүгө аракет кылуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш